Бишкекте үйлөр канчадан сатылууда? Августтун башындагы баалар

Жазылуу
Август айынын башына карата Бишкектин кыймылсыз мүлк рыногундагы кырдаал кандай өзгөргөнүн билип алыңыз.
Sputnik Кыргызстан ачык булактардагы маалыматтарды талдап, борбор калаадагы батирлердин баасына баам салып турат. Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке типтеги жана мейманкана тибиндеги) орточо наркын көрсөтүп беребиз. Ошондой эле ичин өзү оңдоп ала турган элиталык батирлердин баасы тууралуу статистиканы чогултабыз.
Бул жолу июль айынан августка чейин баалар кандай өзгөргөнүн сураштырдык. Материалды даярдоодо 1 526 жарнак талдоого алынган.
Кыймылсыз мүлктүн бардык түрлөрү жана категориялары кымбаттады. Бир бөлмөлүү батирлер орточо 400-2100 долларга баасын көтөрдү. Бирок ичин өзү жасап ала турган үйлөр 300 долларга арзандады.
Эки бөлмөлүү батирлердин дагы баасы өсүп, 106-сериядагылары 2100 долларга жогорулады. Үч бөлмөлүү батирлер 100-2300 долларга кымбаттады.
Ачык маалымат булактарына таянсак, июнь айынын соңунда Бишкекте бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 34 800 доллар (31 200 доллардан 41 500 долларга чейин);
105 — 33 500 (22 000ден 42 000ге чейин);
106 — 36 700 (28 500дөн 54 500гө чейин);
"хрущевка" — 31 400 (22 000ден 41 000ге чейин).
Бир бөлмөлүү "элитканын" орточо баасы:
жеке түрү (18ден 52 чарчы метрге чейин) — 32 600 доллар (14 000ден 53 500гө чейин);
өз алдынча бүтүрүү үчүн (32ден 65 чарчы метрге чейин) — 31 400 (16 000ден 50 100гө чейин).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 41 600 доллар (28 900 доллардан 49 500 долларга чейин);
105 — 46 700 (31 500дөн 62 500гө чейин);
106 — 51 800 (23 000ден 69 000ге чейин);
"хрущевка" — 38 300 (30 700дөн 46 500гө чейин).
Эки бөлмөлүү "элитканын" орточо баасы:
жеке түрү (41ден 99 чарчы метрге чейин) — 47 200 доллар (25 500дөн 77 000ге чейин);
өз алдынча бүтүрүү үчүн (49дан 94 "квадратка" чейин) — 53 800 (22 000ден 87 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 51 000 доллар (42 800 доллардан 69 500 долларга чейин);
105 — 58 300 (38 500дөн 89 000ге чейин);
106 — 64 300 (45 000ден 89 500гө чейин);
"хрущевка" — 44 900 (32 000ден 55 300гө чейин).
Үч бөлмөлүү "элитканын" орточо баасы:
жеке түрү (46дан 160 чарчы метрге чейин) — 65 600 доллар (32 100дөн 198 000ге чейин);
өзү жасап ала тургандары (75тен 125 чарчы метрге чейин) — 80 500 (28 000ден 147 000ге чейин).
Тема боюнча:
Кыргызстанда жолтандабастар менен кроссоверлер кымбаттады. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0