https://sputnik.kg/20220803/arab-olkoloru-kyzmattashtyk-memorandum-1066512915.html
Кулубаев: Кыргызстан араб өлкөлөрү менен кызматташтыктын пайдубалын түптөдү
Кулубаев: Кыргызстан араб өлкөлөрү менен кызматташтыктын пайдубалын түптөдү
Sputnik Кыргызстан
Тараптардын жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. 03.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-03T12:35+0600
2022-08-03T12:35+0600
2022-08-03T12:35+0600
кыргызстан
кызматташтык
жээнбек кулубаев
https://sputnik.kg/img/07e6/08/03/1066512881_0:512:2730:2048_1920x0_80_0_0_28ed00b12aea4fcdf3fb4ecb08f2bd3e.jpg
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрү ортосунда кызматташуунун пайдубалы түптөлүп, меморандум кабыл алынды.Документке "Ала-Арча" резиденциясында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Перс булуңундагы араб өлкөлөрү кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф кол койгон.Кулубаев меморандум түзүү менен аталган булуңдагы мамлекеттер аралык кызматташуунун пайдубалы түптөлгөнүн белгиледи.Ошондой эле бүгүнкү жолугушууда кызматташтыктын маанилүү багыттары, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер талкууланганын айтты.Ал эми уюмдун башкы катчысы Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди."Бул меморандум кызматташтыкка жакшы негиз түзүп берет деп ишенебиз. Мындай маанилүү документ ортобуздагы жаңы бир этап болот деп ойлойм. Ошондой эле эки тараптуу приоритеттүү багыттарды белгиледик", — деди доктор Наиф.Эскерте кетсек, Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф Борбор Азияны кыдырып Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнө жана Азербайжанга барары пландалган.Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши — регионалдык жабык эл аралык уюм. Анын негизги максаты мүчө-өлкөлөр менен экономикалык, социалдык жана маданий ишмердүүлүктү координациялоо, кызматташуу жана интеграция болуп саналат.Уюмдун курамына Бахрейн, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман жана Сауд Аравия мамлекеттери кирет.
https://sputnik.kg/20220803/arab-olkoloru-kyzmattashtyk-bashky-katchysy-keldi-1066506300.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/03/1066512881_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_30191275e44252ba217a3a674efcd9ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кызматташтык, жээнбек кулубаев
кыргызстан, кызматташтык, жээнбек кулубаев
Кулубаев: Кыргызстан араб өлкөлөрү менен кызматташтыктын пайдубалын түптөдү
Тараптардын жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрү ортосунда кызматташуунун пайдубалы түптөлүп, меморандум кабыл алынды.
Документке "Ала-Арча" резиденциясында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Перс булуңундагы араб өлкөлөрү кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф кол койгон.
Кулубаев меморандум түзүү менен аталган булуңдагы мамлекеттер аралык кызматташуунун пайдубалы түптөлгөнүн белгиледи.
Ошондой эле бүгүнкү жолугушууда кызматташтыктын маанилүү багыттары, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер талкууланганын айтты.
"Булуңдагы араб мамлекеттерин Кыргызстанга жакындатуу, мындан тышкары, Афганистандагы, Йемендеги жана Украинадагы акыркы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду. Жолугушуу эң жогорку деңгээлде өттү деп белгилей алам. Меморандумга кол коюп, кызматташуунун пайдубалын түптөдүк. Ал ар тараптуу алаканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп терең ишенем", — деди Кулубаев.
Ал эми уюмдун башкы катчысы Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.
"Бул меморандум кызматташтыкка жакшы негиз түзүп берет деп ишенебиз. Мындай маанилүү документ ортобуздагы жаңы бир этап болот деп ойлойм. Ошондой эле эки тараптуу приоритеттүү багыттарды белгиледик", — деди доктор Наиф.
Эскерте кетсек, Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф Борбор Азияны кыдырып Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнө жана Азербайжанга барары пландалган.
Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши — регионалдык жабык эл аралык уюм. Анын негизги максаты мүчө-өлкөлөр менен экономикалык, социалдык жана маданий ишмердүүлүктү координациялоо, кызматташуу жана интеграция болуп саналат.
Уюмдун курамына Бахрейн, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман жана Сауд Аравия мамлекеттери кирет.