Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина HIMARS системасынан сокку узатарда АКШ менен кеңешерин айтты

© Фото / U.S. Marine Corps / Pfc.Sarah PysherАмерикалык HIMARS ракеталык системасы. Архив
Америкалык HIMARS ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Жазылуу
Скибицкий британиялык жана америкалык спутниктерден алынган маалымат аткылоо учурунда Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан колдонулабы же жокпу деген суроого жооп берген эмес.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Америкалык HIMARS ракеталык системасы менен сокку уруудан мурда Киев Вашингтон менен мээленчү буталарды макулдашып алат. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын кызматкери Вадим Скибицкийдин Telegraph агенттигине берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Анын айтымында, бул системаларды колдонууда Украина "реалдуу убакыт режиминде алынган маалыматтарды" пайдаланат. Бирок америкалыктар түздөн-түз жетекчилик кылып, маалымат бербейт.
"Скибицкий ракета учуруу алдында эки өлкөнүн чалгындоо кызматтарынын ортосунда консультациялар болорун тастыктады. Ошондой эле ал Вашингтон өзүнө жакпай калса чабуулдарды токтотууга мүмкүндүгү бар экенин билдирди", — деп жазылат макалада.
Скибицкий британиялык жана америкалык спутниктерден алынган маалымат аткылоо учурунда Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан колдонулабы же жокпу деген суроого жооп берген эмес. Анткен менен Украинада спутниктерден тартылган "абдан жакшы сүрөттөр" бар экенин айтты.
"Биз Улуу Британиядагы өнөктөштөрүбүз менен бул жаатта жакшы кызматташып жатабыз. Бардык тиешелүү чалгындоо кызматтары менен мыкты байланыштабыз", — деди Скибицкий.
24-февралда Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украинага байма-бай аскердик техника жөнөтө баштады. АКШ президенти Жо Байден Киев режимине 40 миллиард долларга жакын аскерий, экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон.
Өткөн аптада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жардам катары берилген курал-жарак жаңжалды узартып, курмандыкты көбөйтөрүн айткан.
НАТОнун аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
НАТО Сербиядагы атайын операциясын сентябрга жылдырды. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0