Министр: Бишкек — Ош авиакаттамына билет баасы 4 000 сомдон ашпашы керек

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"Манас аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Жазылуу
Министр эң жогорку бааны чектөө боюнча министрликтин атайын буйругу чыкканын белгиледи.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош — Бишкек авикаттамына билеттин баасы 4 000 сомдон ашпашы керек. Бул туурасында транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев билдирди.
Анын айтымында, мындай талап тууралуу министрликтин атайын буйругу чыккан.
Маалымат жыйын учурунда Sputnik Кыргызстандын журналисти түштүк регионуна авиабилеттер кымбаттап жана эки-үч күн мурда эле сатылып кетип жатканын айтып, маселени жөнгө салуу жолун сурады.
"Учурда аэропортторду реконструкциялоо боюнча пландарыбыз бар. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги туура саясат жүргүзсө билеттин баасы да төмөндөйт. Бул кыска мөөнөттүк жумуш эмес, орто мөөнөттө ишке ашырылат. Сиз айтып жаткан маселелерди толук кандуу карасын деп жакында Жарандык авиация агенттиги бизден чыгарылып, министрлер кабинетинин алдындагы өзүнчө орган болду", — деди Осоев.
Ош аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
"Ош" аэропортуна да жүк ташуу терминалы курулат
Жаңылыктар түрмөгү
0