Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Учакты айдай качсаң акча беребиз. Украина чалгынынын россиялык пилотко сунушу

© Фото / ФСБ РФ / Медиабанкка өтүү
  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2022
Жазылуу
Украинанын чалгын кызматы бомбалоочу Су-24 учагына, сокку уруучу Су-34 истребителине, ракета алып жүрүүчү-бомбалоочу Ту-22М3 аба кемесине кызыккан.
БИШКЕК, 25-июль. — Sputnik. Украинанын аскердик чалгын кызматы аскердик самолетту айдай качууга үндөп, россиялык учкучка 2 миллион доллар төлөп берүүнү убада кылган. Муну Россиянын ФСБсы тараткан видеоматериалдан көрүүгө болот. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү ФСБ НАТОнун атайын кызматы башкарып, Украинанын Коргонуу министрлигинин Башкы чалгын кызматынын (Башкы ЧК) россиялык аскердик учактарды айдап качуу боюнча жүргүзүп жаткан операциясын үзгүлтүккө учуратканын билдирди. Андан сырткары, россиялык контрчалгын кызматы Башкы ЧКга каршы оперативдүү оюндар учурунда аталган маалыматты алганы, РФтин Куралдуу күчтөрү украиналык бир катар аскердик объектилерди жок кылганы кабарланды.
Видеодон Украинанын Коргоо минстрлигине караган Башкы чалгын кызматынын өкүлү менен россиялык пилоттун сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.
"Биздин максат — учак экенин түшүндүрдүк. Муну силер да эң сонун билип турасыңар. Биз төлөп берүүгө даярбыз. Бизде, Жогорку Раданын сайтында мындай иштер үчүн миллион (доллар) төлөп берерибиз жазылып турат. Сүйлөшсөк болот, үстүнө дагы миллион кошобуз. Мен сизге кепилдик берем", — деген украиналык чалгынчы.
Видеодон украиналык чалгынчы менен россиялык учкучтун мессенжерлердеги жазышууларынан аталган чалгын кызматынын россиянын аскердик аба кемесин айдап качууга даяр болгондорго 4000 доллар аванс төлөшөрүн, акчаны курьер аркылуу берип жиберерин убада кылышканын көрүүгө болот. Кадрларда авансты берип жаткан учур да бар. Курьер кармалып, анын акчалары алынган.
Видеодон самолетту айдай качканга макулдугун берди делген пилот бомбалоочу Су-24 учагынын, сокку уруучу Су-34 истребителинин, Ту-22М3 ракета алып жүрүүчү-бомбалоочу Ту-22М3 аба кемесинин фонунда алар сураган номерин кармап басып бара жатканын көрүүгө болот.
Украиналык аскер чалгын кызматы россиялык истребитель аскердик операцияга учуп чыкканда уурдалат деп пландаган.
"Дагы бир суроо, азыр согуштук операцияга учуп жатасыңарбы? Көп чыгасыңарбы? Биз андан аркы пландарды билгендей бололу", — деп сураган украиналык чалгынчы россиялык учкуч менен мессенжерде жазышып жатканда. Аларды да ФСБ көрсөттү.
"Кайсы багыттарда көбүрөөк иштеп жатасыңар? Иш-чараны пландоо бизге кооптуу болбошу үчүн, негизинен, кайсы жерге чыгып, кайда барарыңарды билишибиз зарыл", — деп кошумчалаган ал.
Украиналык аскерлер Россиянын согуштук учагын орто жолдон кармап алып жаткандай түр көрсөтүшөрүн пландашкан.
Украиналык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполдогу алгачкы миң туткун. Украина күчтөрүнүн кыйроо башаты
Россиялык атайын кызмат Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн Олег аттуу офицери менен россиялык учкучтардын бири менен "уурдалган" аба кемесин Украина аймагынын үстүнөн коопсуз алып өтүүнү талкуулап жаткандыгын да тараткан.
"Силер кармаш жүрүп жаткан чектерде бийиктикти 50 метрдей жана андан да ылдыйлатасыңар деп эсептеп жатабыз, эгерде белгиленген төмөндүктө өтсөңөр, эң сонун болмок. Андан кийин силерге бийиктиктин чегин айтат элем... Биз истребителдерибизди силерге такай алып келип, андан соң камалап алып кеткендей кылат элек. Алар ыңгайлашып, теңдешип, силерди андан ары алып кетмек", — деген украиналык офицер.
Украиналык аскерлер уурдалган россиялык согуштук техниканы Кировоград облусундагы Канатов аэродромуна кондурууну пландашкан.
"Аэродромдогу конууга көрүлгөн даярдык мени да кызыктырат. Су-34тү алып эсептесек, майыңар Канатовго чейин жетеби? Бул Кировоград", — деп сураган украин офицери.
Россиянын Коргоо министрлиги кечээ алыска чейин жеткен, өтө тактыктан урулган деңиз жана аба соккусунан дал ошол Канатов аэродромундагы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн авиациялык техникасы жол кылынгандыгын билдирген.
Украинанын чалгын кызматы самолетту айдай качууга көндүрүүнү көздөгөн россиялык учкучтардын аялдарын Прибалтика, Германия жана Болгарияга жөнөтөбүз деп кызыктырып, макулдатууга аракет кылган.
"Биз ага (пилоттун жубайы — ред.) силер каалаган чет мамлекетке чыга турган же европалык өлкөлөргө туруктуу жашоого уруксат берген паспорт жасап бере алабыз. Ал паспортту алганга чейин сизден учуп чыгууну талап кылбай турабыз, паспорттуу болот, эсебине бир топ эле көлөмдүү сумма түшкөнүн көрөт. Мунун баарын камсыз кылабыз", — деген ал телефондон сүйлөшүп жатып.
"Эгерде Литва, Эстония, Германия, Болгарияга чыкса, ал жерден жергиликтүү паспорт беребиз", — деп кошумчалаган чалгынчы.
Тагыраагы, украиналык чалгын кызматы учкучтун аялын Балтика боюндагы өлкөлөрдүн бирине алып чыгып кетүү схемасын иштеп чыккан.
"Бул Латвия, Литва же Эстония. Тагыраак айтсак, кыязы, ал Литва болот. Ал жерден биздин куратор тосуп алат", — деген чалгынчы.
ФСБнын кадрларынан Башкы чалгын кызматынын учкучтардын аялдарына жасалган Румыния жана Словакция паспортторун көрүүгө болот.
"Германия боюнча да... андан ары жайгаштырып жана документтер жагынан жардам бере алабыз. Австрияны да карап көрсөңөр болот. Ал жерде да орус диаспоралары чоң жана жашаганга ыңгайлуу өлкө. Болгария бар, ал жерде орустарды жакшы көрүшөт", — деп жазышкан украиналык чалгынчылар пилоттордун бирине мессенджерден.
"Силердин суроо бергениңерди жана толкунданганыңарды түшүнүп турам. Бирок биз европалык өнөктөштөр менен биринчи жыл иштеп жаткан жокпуз жана бул операция тууралуу алар жакшы билишет. Бизден жана Европа биримдиги жактан биздин мамлекетке жардам бергендигиңиз үчүн мындан ары эки адамга колдоо көрсөтүп, андан соң бардык деңгээлде силердин коопсуздукту камсыз кылабыз", — деп жазган мессенжерге украиналык чалгынчы россиялык учкучтардын бирине. ФСБ анын фрагменттерин жарыялады.
Украина тарапка уурдалып кетчү Россия Аба-космостук күчтөрүнүн учагынын штурманын клофелин менен ууландыруу пландалган, препарат Волгоградга алып келингенден кийин россиялык контрчалгынчылар аны ошол жерден кармашкан, тагыраагы, алышкан. Бул туурасында ФСБнын материалына таянып, "Россия 24" билдирди.
"Россия 24" истребителди уурдай качканга макул болду деген россиялык пилот менен украиналык чалгынчынын телефондон сүйлөшкөн фргаменттерин берди.
"Самолетко киргенге чейин сиздин штурман кофе ичеби? Себеби 40 мүнөттө таасирин тийгизген препараттар бар, 30-40 мүнөттөн кийин, себеби биз ушул диапазонго ылайыкташыбыз керек, бул өтө маанилүү. Сиз андай нерсени издеп же рецепт менен алам деп жүрбөш үчүн, препаратты сизге берип жибере алабыз же бир жерге таштап кое алабыз ойлойм", — деген украиналык чалгынчы.
Аны Волгаградга алып келип, токойлуу бир жерге таштап кетишкен. Телеканал ар биринде 10 ампула бар эки таңгак преапаратты россиялык контрчалгынчылардан алып жаткан учурун көрсөттү.
Солнцепёк оор огнемёттук тутуму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Болотту да эриткен "Солнцепёк" куралынын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0