Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

“Ланцет” менен “Ласточка” Украинаны демилитаризациялоону тездетет

© Sputnik / Алексей Паньшин / Медиабанкка өтүүМодернизацияланган россиялык дрон-камикадзе “Ланцет”. Архив
Модернизацияланган россиялык дрон-камикадзе “Ланцет”. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2022
Жазылуу
Аталган учкучсуз аппараттар буга чейин окуу-машыгууларда гана колдонулуп келген.
Украинадагы атайын операция ийгиликтүү өтүп жатат, россиялык жоокерлер каршылашты жок кылуу үчүн жаңы ыкмаларды, анын ичинде сокку уруучу пилотсуз учактарды да пайдаланууда. Украинанын асманында россиялык “Ласточка” менен “Ланцеттер” уча баштады. Техниканын артыкчылыгына аскерий баяндамачы Александр Хроленко токтолгон.
Аталган техника артиллериялык, ракеталык жана абадан жасалган соккулардын арасында Украина Куралдуу күчтөрүнүн күчү менен техникасын жоготууга учуратып жатат.
“Ласточка” комплексинин курамындагы учкучсуз жеңил учак атайын операцияда биринчи жолу колдонулууда. Буга чейин чалгындоо-ок атуучу комлекстин курамында “Мулино” полигонунда өткөн “Запад-2021” Россия менен Беларустун стратегиялык окуу-машыгуусуна тартылган.
Дрон абадан сокку урууга ылайыкталган 280-250 граммдык ГМ-94 гранатомет үчүн 43 миллиметрлик ок-дары ташыйт. Жарылганда майдаланып кетүүчү жана термобарикалык гранаталар колдонулат. Кумулятивдик КВО-25 гранатасы 200 миллиметрлик соотту жарып өтүүгө жөндөмдүү. “Ласточка” сыртынан израилдик “Жаворонокко” (Skylark) окшош. 7,5 килограммдык техника 1,2 килограмм пайдалуу жүк көтөрүп, оператордон 40 чакырым алыстыкта абада 40 саат жүрүүгө жөндөмдүү.
Украинанын жөө аскерин жана техникасын жок кылуу үчүн модернизацияланган россиялык дрон-камикадзе “Ланцет” колдонулуп жатат. 5 килограммдык техника 60 мүнөткө чейин учуп жүрө алат. Сокку уруу үчүн кумулятивдик ок-дары пайдаланылып келет. “Ланцет” атылганда бутага тиер алдында жарылып, толкуну анын басымдуу бөлүгүн каптап калат. Модернизацияланган “Ланцеттин” канаты, куйругу Х сындуу келип, аэродинамикасы абдан күчтүү. Саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүргөн 12 килограммдык “Ланцет-3” үч килограмм пайдалуу жүк көтөрүп жүрүүгө жөндөмдүү.
Россиялык аскерлер учкучсуз аппараттарды Украинада ийгиликтүү пайдаланып жатат. Николаев облусундагы Доброе калктуу конушунда жайгашкан каршылашка Куб-БЛА дрондору менен урулган сокку буга ачык мисал. Николаевдеги Украина Куралдуу күчтөрүнүн НАТОдон келген ок-дарысы сакталган кампа да дал ушул учкучсуз аппараттардын соккусунан жарылышы толук ыктымал.
F-16 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Армагеддон эскадрильясы: Украинага F-16 учактарынын эмне зарылдыгы бар

Жеңишке тепкич

Жеңил дрондор аскердик башкаруу менен сокку урууну оптимизациялоого, абалдын өзгөрүшүнө ыкчам реакция жасоого мүмкүнчүлүк берет. Бул белгиленген аймакта бутаны издеп таап, андан соң “аба — үстүңкү катмар” режиминде артиллерияга, абадан коргонуу жабдуусуна, штаб, байланыш түйүндөрү, чалгындоо каражаттарына сокку ура ала турган аппараттар.
Дрондорду массалык өндүрүү жана пайдалануу — заманбап согуштук аракеттерде жеңишке карай тепкич болуп саналат. Ракеталар, узакка атылуучу артиллериялык системалар, залптык от ракеталык системасы менен биргеликте бул чалгындоочу учкучсуз аппараттар Россиянын куралдануу программасында артыкчылыкка ээ. Москва менен Тегерандын Россиянын Куралдуу күчтөрү үчүн ирандык учкучсуз учактарды жеткирүү боюнча макулдашуусуна Украинанын тынчсыздануусу Аскер-өнөр жай комплексинин алсыздыгын айгинелөөдө. Дрон-камикадзелер массалык түрдө өндүрүлүп жатат, мындай тенденция жакынкы жылдарга чейин сакталмакчы.
АКШнын Колорадо штатында өткөн Aspen Security Forum конференциясында Британиянын MI-6 чалгын кызматынын жетекчиси Ричард Мур кечээ “орустардын жакын арада алы кетет” деди. Бул Киевге жооп иретинде сокку уруп, Европага “Украина жеңишке жетишерин” эскертүүгө мүмкүнчүлүк берет имиш. “Сарт санаасы менен байыйт” деген макал айласыздан эске түшөт. Конференция алкагында дүйнөлүк лидерлер жыл сайын улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелерин талкуулап келишет. Күчтүү, көз карандысыз Россиянын “көйү” көңүл чордонунда. Ошентсе да акыркы 300 жылдын аралыгында Батыш көп эле ирет Россияны жеңилет деп келди, бирок тарых баары теңирден тескери болуп келе жатканын далилдеп турат.
Буга чейин Лондон өз аймагында 10 миң украиналык жоокерди үч жумалык даярдыктан өткөрүп жатканын жар салган, алар контрчабуул үчүн пайдаланылат сыяктуу. Украина Куралдуу күчтөрүнүн штабы чабуул кое турган операцияларды уюштурууда чабал экенин эскерте кетели, сегиз жылдан бери украиналык армия америкалык аскерий кеңешчилер тарабынан атайылап “талибандаштырылып”, коргонууга жана партизандык аракеттерге даярдалып, маш болуп бүткөн. Атайын операция жүргөн беш айдан бери аскер бөлүктөрүнүн кадрдык курамы дээрлик катардан чыкты. Украинанын согуштук авиациясынын калган-катканы чабуул койчу күчтөрүнө абадан колдоо көрсөтө албайт. Киев армиясынын ок-дары сактаган кампасы россиялык куралдын бутасына айлангандыктан жетиштүү запас камдап ала албай жатат. Артиллерия, ракеталык бөлүктөр жана Россиянын Аба-космостук күчтөрү саны жагынан да, сапаты жагынан да Украинаны үстөмөндөтүүдө. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы президент Владимир Зеленскийге Херсонго жасалган контрчабуул дагы 20 миңдей жоокердин өмүрүн ала турганын, дагы 50 миңдей аскер жарадар болорун эскерткен. Бирок Киев режими Батыштын ыңгайына карап баарына барат окшоп калды.
Эми “Ланцет” менен “Ласточка” жакынкы айларда бир топ маселени чечмекчи болуп турат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Америкалык ATACMS ракеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык ATACMS ракетасы украиналык мамлекеттүүлүктү жок кылат. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0