Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Америкалык ATACMS ракетасы украиналык мамлекеттүүлүктү жок кылат. Аскерий сереп

© AFP / South Korea's Joint Chiefs of Staff / HANDOUTАмерикалык ATACMS ракеталары. Архив
Америкалык ATACMS ракеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Жазылуу
Киевдик режимди батыш куралы менен жабдуу Россиянын атайын операциясынын максаттарын өзгөртө албайт. Бирок согуштук аракеттерди создуктуруп, Украина Куралдуу күчтөрүн чоң жоготууларга тушуктуруп жатканы айдан ачык.
Америкалык тактикалык ракеталар украиналык жоокерлерди сактабастан, ажалга дуушар кылып жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул ирет ал Батыш тараптан Украинага берилип жаткан ракеталар жаатында кеп козгогон.
АКШ президенти Жозеф Байден 9-июлда Украинага 400 млн. доллар өлчөмүндө кошумча аскердик жардам берүүгө тапшырма берди. Пентагон жардамдын жаңы топтомунда HIMARS (High Mobility Artillery Rocket Systems) залптык октун реактивдүү тутумунан төрт бирдик жана аларга ок-дары болорун тактады.
Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин үлкөн өкүлдөрүнүн бири журналисттерге Донбасста украиналык күчтөр үчүн америкалык өндүрүштөгү залптык октун реактивдүү тутумдары "фронттун чегинен" тыш россиялык объектилерге сокку уруу үчүн "айрыкча маанилүү жана майнаптуу" экенин билдирген. Ошол себептен АКШ Киевге бериле турган HIMARS жана алардын ок-дарысынын санын арттырганын да кошумчалаган.
Жардамдын кезектеги партиясы менен Украина Куралдуу күчтөрү 12 HIMARS түзүлүшүн колдоно алат, бирок реактивдүү дүрмөттөрүнүн сапаты да маанилүү. Донбасстагы украиналык күчтөрдүн оор абалын эске алуу менен киевдик режимге 300 чакырым аралыкка атылчу ATACMS тактикалык ракеталары (HIMARS модулдарынын бири) берилишин болжоого болот.
Украина Куралдуу күчтөрүнө америкалык ракеталар Донбасстагы жана россиялык аймактардын бир топ жериндеги – Смоленск, Брянск, Курск, Воронеж, Ростов-на-Дону, Севастополь, ал тургай Крым көпүрөсүнө да маанилүү объектилерге сокку урууга мүмкүндүк берет. Вашингтон киевдик режимди Украина үчүн өтө кооптуу сценарийлерге шыкактап турган чагы.
Financial Times басылмасы АКШ Украинага 300 чакырымдык HIMARS системасынын ок-дарынын жаңы партиясы мурда берилген жабдууну мыйзамдаштыруу деп эсептөөгө болорун белгилейт. Украиналык медиа айдыңы жакында эле Донбасстагы россиялык күчтөрдүн арсеналдарына урулган соккуларды ачык эле жаңы жардамга байланыштырды.
Алар ачык эле мында ок-дарынын жаңы партиясынын келиши, НАТОнун спутник аркылуу чалгындоосунун маалыматтарынын берилиши жана ар бир HIMARS тутумуна жооптуу болуп, ракеталарды коё берүүнү түздөн-түз тескеп жаткан АКШнын бир нече кадрдык аскер кызматкерлеринин салымын белгилешти.
Украинадагы 155 миллиметрлик франциялык CAESAR өзү жүрүүчү гаубицасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш эми байкадыбы? НАТО куралдары сатылган украиналык көмүскө рыноктун таржымалы
Эмне үчүн аскердик сырларды алар ачыктоодо? Пентагон менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттешүүсүнүн чоо-жайын жарыялоосу киевдик режим АКШ менен НАТОну Россия менен түз аскердик жаңжалга сүйрөп, башкача айтканда, жан сактоонун далалатында. Бирок Европада баары эле Вашингтондун украиналык долбоору үчүн жардан аттай бергиси жок. Британиялык аналитик, аскердик чалгындоонун мурдагы офицери Фрэнк Лэдвиж Asian Times басылмасындагы макаласында РФ атайын операциясынын максатына жеткенин белгилеп, батыш куралы менен жабдылып жатканына карабай Украина аскердик жеңилүүгө тушугарын жоромолдогон. Бул сценарийге глобалдык өзөктүк жаңжалда АКШ менен Россиянын тең чыгышы гана альтернатива боло алат. Ал эми Украинаны мында Батыш жөн гана пайдаланып жатканы бышык.
Америкалык өндүрүштөгү залптык октун реактивдүү тутумунан тышкары киевдик режим Пентагон менен августта АКШ менен Норвегия иштеп чыккан NASAMS зениттик ракеталык комплекстер менен жабдууну да макулдашты. Эске салсак, аталган бирдиктерди берүүнү Жозеф Байден ушул айдын башында убада кылган. Батыштан миңдеген артиллериялык система, танк жана учактарды талап кылуу менен бул режим америкалык кызыкчылык жана акча үчүн натолук генералдардын жетекчилигинде согуштук аракеттерди айларга же жылдарга создуктурууга (иш жүзүндө миңдеген мекендештерин өлүмгө кептеп) умтулууда.
Россиялык объектилерге ракеталык сокку уруу улам күч алып, украиналык диверсиялык топтор РФтин чектешкен аймактарында жана россиялык күчтөрдүн көзөмөлүндөгү территорияларда көп аракет эте баштады. Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун көздөгөнү – жайкын тургундарды дүрбөлөңгө түшүрүү. РФ өз территориясын жана Донбасс республикаларынын аймагын "украиналык" HIMARS тактикалык ракеталарынан коргоо үчүн россиялык күчтөр аймакты толук бошотууга тийиш. Коопсуздуктун андан башка жолу жок.
Болжолдуу жарашуу деле көйгөйдү чечип жибере албайт, эртең бүгүнкүдөн катаал болот.
Львов жана Волынь облустарындагы россиялык абадан коргонуунун эшелондук тутуму Херсон жана Запорожьедеги конфигурациясынан да кыйла ынанымдуу болору шексиз. Ошондо гана чектешкен Беларусь Республикасынын да көңүлү жай болот.
Киев сегиз жыл бою аймактык көйгөйлөрдү Минск макулдашуусуна ылайык дипломатиялык жол менен чечүүнү каалабагандыгынан улам Москва кооптуулуктарга чара көрүүгө аргасыз болду. Россия 24-февралда Украинаны демилитаризация жана денацификациялоону, Киев тарабынан учурдун чындыгы, Крымдын жана Донбасс республикаларынын макамын ыктыярдуу-мажбурлоо тартибинде таанылышына жетүүнү максат кылды.
РФтин атайын аскердик операциясы киевдик режимдин Россияга каршы АКШ жана НАТО менен аскердик айкалышынын анык деңгээлин ачыктоого мүмкүндүк берди. Ага каршы туруудан башка Москванын аргасы калган жок.
Эртеби-кечпи жамааттык Батыш Москва тарабынан сунушталган тең жана бөлүнгүс коопсуздук параметрлерине кайтууга аргасыз болот. НАТО аскердик блогу коопсуздуктун кепили эмес, адилеттүү (демократиялык) дүйнө тартибине альтернатива боло албайт. Бул – буга чейинки ондогон, учурдагы жана келечектеги аскердик жаңжалдардын булагы.
Ошентсе да АКШ эмес, сибирдик көмүрсуутектердин эсебинен Россия Европа биримдигинин оор өнөр жай жана экономикасынын күчтүү кыймылдаткычы. "Чоң жыйырмалыктын" тышкы иштер министрлеринин саммити да G7 (Чоң жетилик) "калган дүйнөнү" өз тарабына тарта албай турганын айгинелеп койду. Быйыл күздө Батыштын көптөгөн өлкөлөрү катуу сыноого кабылат окшоп калды.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Россиялык артиллеристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинадагы атайын операцияда таамай артиллериялык дүрмөттөрүн колдонууда
Жаңылыктар түрмөгү
0