Кыргызстандын Кытайга карызы: эң ири сумма 2025-2027-жылдарга туура келет

© AFP / MARK WILSONАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Ушул тапта өлкөнүн Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын алдындагы мамлекеттик тышкы карызы 1 794, 12 миллион долларды түзөт.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстан Кытайга карыз акчанын эң ири көлөмүн 2025-2027-жылдары төлөйт. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.
Учурда өлкөнүн Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын алдындагы мамлекеттик тышкы карызы 1 794, 12 миллион долларды түзөт. Бул 147 304, 94 миллион сомго барабар.
2022-жылы Финансы министрлиги Кытайдын Эксимбанкына 111,73 миллион долларын төлөп берүүнү пландап жатат.
"Болжолдуу маалыматтар боюнча, Эксимбанкка мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнүн көбөйүшү 2025-жылдан тарта башталат, 2027-жылы туу чокусуна жетет. Андан кийин төмөндөйт", — деп жазылган маалыматта.
Министрлик тышкы кредиторлордун алдындагы бардык милдеттенмелерин өз убагында жана толук көлөмдө аткарып жатканын белгиледи.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Садыр Жапаров 2021-жылы сырттан канча карыз алынганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0