Баткенде медакадемиянын комплексине капсула салынып, ага Жапаров катышты. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБаткенде Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынып, ага президент Садыр Жапаров катышты
Баткенде Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынып, ага президент Садыр Жапаров катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 миллион сом.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Баткенде Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынып, ага президент Садыр Жапаров катышты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Баткенде Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынып, ага президент Садыр Жапаров катышты

Баткенде Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынып, ага президент Садыр Жапаров катышты - Sputnik Кыргызстан
1/5

Баткенде Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынып, ага президент Садыр Жапаров катышты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат - Sputnik Кыргызстан
2/5

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультрадобуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу

Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультрадобуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу - Sputnik Кыргызстан
3/5

Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультрадобуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчысы мындай заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу Баткен жергесиндеги медицина кызматкерлеринин демине дем болуп берерине жана борбордун бүтүрүүчүлөрү ак халатчандардын катарын толуктаарына ишеничин билдирген

Мамлекет башчысы мындай заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу Баткен жергесиндеги медицина кызматкерлеринин демине дем болуп берерине жана борбордун бүтүрүүчүлөрү ак халатчандардын катарын толуктаарына ишеничин билдирген - Sputnik Кыргызстан
4/5

Мамлекет башчысы мындай заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу Баткен жергесиндеги медицина кызматкерлеринин демине дем болуп берерине жана борбордун бүтүрүүчүлөрү ак халатчандардын катарын толуктаарына ишеничин билдирген

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалап, "илим-билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин" деген каалоосун айткан.

Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалап, "илим-билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин" деген каалоосун айткан. - Sputnik Кыргызстан
5/5

Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалап, "илим-билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин" деген каалоосун айткан.

1/5

Баткенде Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынып, ага президент Садыр Жапаров катышты

2/5

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат

3/5

Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультрадобуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу

4/5

Мамлекет башчысы мындай заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу Баткен жергесиндеги медицина кызматкерлеринин демине дем болуп берерине жана борбордун бүтүрүүчүлөрү ак халатчандардын катарын толуктаарына ишеничин билдирген

5/5

Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалап, "илим-билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин" деген каалоосун айткан.

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультрадобуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 миллион сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, 100 миллионго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.
"Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл. Кудай буюрса, ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Инфратүзүмдү жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет. Мына ушундай максатты көздөп, эң жаш облус катары Баткенден баштап олтурабыз. Баарынан мурда аталган комплекстин максаты — келечекте жергиликтүү элдин ден соолугуна кам көрүү жана кесипкөй адистерди даярдоо", — деп белгилеген Жапаров.
Мамлекет башчысы мындай заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу Баткен жергесиндеги медицина кызматкерлеринин демине дем болуп берерине жана борбордун бүтүрүүчүлөрү ак халатчандардын катарын толуктаарына ишеничин билдирген.
Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалап, "илим-билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин" деген каалоосун айткан.
Капсула салгандан кийин Жапаров чогулган жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Алар аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди көтөрүшкөн.
Жапаров Баткен облусуна мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да бурула берерин белгилеген.
Жолугушуу соңунда мамлекет башчы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө айтылган маселелерди чечүү үчүн тийиштүү тапшырмаларды бергени кабарланды.
Вашингтондогу Дүйнөлүк банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Пресс-борбор
Баткенге берилген 50 млн. доллар эмнеге жумшалат. Министрликтин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0