Президент тергөө абагындагы өлүмгө УКМКны күнөөлөбөй турганын билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Жазылуу
Садыр Жапаров маегинде УКМКнын тергөө абагынын жетекчисин күнөөлөсө болоруна токтолуп, бирок ага өзүнүн жүйөсүн келтирген.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров УКМКнын тергөө абагында жатып каза болгондордун өлүмүнө аталган комитетти күнөөлөө "акылга сыйбаган күмөн" деген пикирин билдирди. Бул тууралуу ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айткан.
Журналист саясат таануучу Марат Казакпаев менен "Айыл банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча маселеге кайрылган. Эскерте кетсек, бул боюнча комиссия түзүлгөн.
Жапаров коомчулуктан жашыра турган эч нерсе жок деп, комиссиянын иликтөө жыйынтыгы элге жарыяланарын айткан.
Андан сырткары, СИЗОнун жетекчисин күнөөлөсө болоруна токтолуп, бирок тергөө абагын көргөн киши катары анын ички тиричилик шарттарын баяндап берген.

"Бул – кырсык. Албетте, менин жеке баамымда, СИЗОнун жетекчисин "Эмне үчүн узарткыч колдонгонго уруксат бердиң?" деп күнөөлөсөк болот. Шнуру узун узарткыч, жип, бычак, устара сыяктуу буюмдарды камерада колдонууга мыйзам тыюу салат. Бирок мен УКМКнын СИЗОсун эки жолу, Бишкектин СИЗОсун бир жолу көргөн адам катары айта алам. Узарткычсыз жашоо өтө кыйын. Тефаль, тамак жасаган плитка, телевизор, радио, муздаткыч жана башка буюмдарды бир точка менен колдонуш мүмкүн эмес. Камакта отурган адам өзү эле кыйналат. Өзү эле киргизип бер деп суранат. Киргизип бербей койсо, ар кандай жол менен өзү киргизип алат. Мисалы, телефон колдонгонго дагы болбойт. Бирок телефонду дагы нандын ортосуна, тамак-аштын арасына катып кире берет. Тинтүү иштери жүрүп, алар алынып турат. Бирок... Жашоо ошентип айланып турат", – деген президент.

Ал эми "УКМК өлтүрүп койду" деген акылга сыйбаган күмөн деген жообун берген.
"УКМК өлтүрүп койду" деген акылга сыйбаган күмөн. УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатат го. "УКМК өлтүрүп койду" дегидей, булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигура болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен. Экинчи маркум банкта иштеген жаш бала болсо, "Айыл банктан" берилген 3,5 миллион доллар кредит кайра кайтпай жаткандыгы боюнча камалган экен. 3,5 миллион доллар оюнчук акча эмес да, бул – элдин акчасы", – деген жообун айткан Садыр Жапаров.
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Аракет кылдык... Ташиев саясатчы Казакпаевдин өлүмү боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0