Аракет кылдык... Ташиев саясатчы Казакпаевдин өлүмү боюнча үн катты

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевУКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архив
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Жазылуу
Ташиев УКМКнын тергөө абагында отуруу кандай экендигин айтып берген.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Новые лица"  порталына берген маегинде саясат таануучу Марат Казакпаевдин каза болуп калышы жана УКМКдагы камакта адамдын өзүн кандай сезерин башынан өткөргөндөн улам билерин айтып берген.
"Тергөө абагындагылар ден соолугу боюнча туугандары, жактоочулары кайрылса эч качан баш тартпайбыз. Дароо реакция кылып, ооруканага жөнөтөбүз. 2022-жылы 9-июнда Казакпаевдин абалы кескин начарлап, тергөө абагынын администрациясы тез жардам чакырып, №1 клиникалык ооруканага жаткырылып, эртеси каза болуп калды. Анын ден соолугуна көз салып турганбыз. 9-июнь күнү саат 7:30да тергөө абагынын жетекчиси Казакпаевдин абалы начарлап баратканын билдирген. Тагыраагы, ар бир күнү эртең менен мага кармалып тургандардын абалы боюнча маалымат берип турушат. Дароо тез жардам чакыртылган", — деген Ташиев.
Ал маркум атайын кызматтын көзүнө 2019-жылы түшкөндүгүн жана эки жыл байкоодо жүргөнүн билдирген.
"Казакпаевдин кылмыш иши боюнча айтсам, 2019-жылы эле Улуттук коопсуздук кызматы байкаган. Ошол жылдын 23-сентябрында УКМК Кылмыш кодексинин 307-беренеси ("Мамлекетке чыккынчылык кылуу") менен иш козгогон, тагыраагы, иш биз бийликке келгенге чейин эле ачылган. 2021-жылдын апрелине чейин түйшүктүү бардык ыкчам, иликтөө, техникалык иш-чаралар, тергөө жасалып, Казакпаевдин ал кылмышка катыштыгы аныкталган. Айныгыс дадилдер алынган соң 2021-жылдын 14-апрелинде УКМКга тергөөгө чакырылган", — деген Ташиев.
Ташиев УКМКнын тергөө абагында отуруу кандай экендигин айтып берди.
"Биз аны сактап калуу үчүн бардык аракетти жасадык. Мен тергөө абагына киргизилген ар бир адам боюнча маалыматты оор кабыл алам. Ал жерде отургам жана шарттарын билем. Шарты жаман дебейм, бирок ал жерде отуруу кишиге психологиялык, моралдык жактан оор. Андыктан эгерде кишинин кандайдыр бир оорусу болсо, күчөп кетет", — деген Ташиев.
Эскерте кетсек, саясат таануучу 10-июнь күнү каза болгон. Андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, 19-майдан 9-июнга чейин саясий серепчинин адвокаттары аны медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылбаганын белгиледи.
Ал эми Башкы прокуратура Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштаганы маалым болгон.
Казакпаевге мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылып, былтыр кармалган. Аны менен кошо Кыргызстандагы казак диаспорасын жетектеп келген Марат Токтоучиков колго түшүрүлгөн.
Марат Казакпаев буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.
Башкы прокуратура. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
Башкы прокуратура Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0