Ак үй Жо Байдендин экинчи президенттик мөөнөткө баруу ниетин тастыктады

© AP Photo / Patrick SemanskyАКШнын президенти Жо Байден. Архив
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Жазылуу
Буга чейин New York Times гезитине "Азыркы президенттин жашы (79 жашта) экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуда көйгөй жаратат" деген макала чыккан.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. АКШнын азыркы президенти Жо Байдендин 2024-жылы өтө турган шайлоодо экинчи мөөнөткө талапкер болуу ниети бар. Бул тууралуу Ак үй өкүлү Карин Жан-Пьерге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Президент 2024-жылы талапкерлигин коюуну пландап жатканын бир нече жолу айткан. Ал эмнени пландаса ошону сөзсүз ишке ашырууга аракет кылат", — деди Жан-Пьер жергиликтүү ЖМКга берген маегинде.
Ал буга чейин New York Times гезитиндеги "Азыркы президенттин жашы (79 жашта) экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуда көйгөй жаратат" деген макалага карата нааразычылыгын билдирген. Жан-Пьер АКШ жетекчилигинин администрациясы бул маселеге көңүл бурбай турганын, Байдендин америкалыктардын жашоосун жакшыртууга көңүл буруп жатканы маанилүү экенин айткан.
Буга чейин ЖМКлар Байден АКШнын мурдагы лидери Барак Обамага 2024-жылы экинчи мөөнөткө ат салышууну пландап жатканын жазып чыгышкан. Жо Байден өзү Дональд Трамп 2024-жылдагы шайлоодо дагы ага атаандаш болуп калса жакшы болорун айткан эле.
Американын азыркы президентинин 2024-жылы кайрадан шайлоого баруу пландарын Ак үйдүн мурдагы басма сөз катчысы Жен Псаки былтыр тастыктаган.
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Эксперт Байдендин Россияга каршы санкция саясатынын башкы катасын атады
Жаңылыктар түрмөгү
0