https://sputnik.kg/20220612/valentina-shevchenko-tayla-santostu-uttu-1065147583.html
Дайыма бийиктикте! Валентина Шевченко Тайла Сантосту утту
Дайыма бийиктикте! Валентина Шевченко Тайла Сантосту утту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алды. 12.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-12T10:19+0600
2022-06-12T10:19+0600
2022-06-12T12:59+0600
дүйнөдө
валентина шевченко
тайла сантос
спорт
ufc
видео
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0c/1065151237_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_88ec7b94c7adaa6a3e1fc2ebf78cd5da.jpg
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алды.UFC турнири Сингапурда өттү. Шевченко негизги кармашта жетинчи жолу чемпиондук макамын коргоду.Биринчи беш мүнөттө беттеш спортчулардын аралыктан туруп бири-бирин койгулоосу менен коштолду. Экинчи раундда Сантос кармашты партерге өткөрүп, бирок Шевченко үчүн ал өтө кыйын деле болгон жок. Үчүнчү беш мүнөттүктө эки тарап тең катуу кармашып, андан соң Шевченко партерде күчүн көрсөтө баштады. Таймаштын бүтөрүнө эки мүнөт калганда Сантос атаандашын торго такап, партерге алып келип муунтууга аракет кылды, бирок жетишкен жок.“Бул Валентина Шевченконун атаандаштыгы күчтүү беттештеринин бири болду”, — деп белгиледи алып баруучу.Шевченко калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды. Ал 48, ал эми атаандашы 47 упай алды.Ал эми Сантос беттеш өтө оор болот деп ойлогонун, азыр жаш экенин, келечекте Шевченко менен дагы да кездешерин билдирди.Сантос UFC кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак категориясында төртүнчү орунда турат.
https://sputnik.kg/20220611/valentina-shevcheno-tajla-santos-koz-karashtar-tajmashy-1065133597.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0c/1065151237_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_d4d7bef856cc129318c3ade157671292.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, валентина шевченко, тайла сантос, спорт, ufc, видео
дүйнөдө, валентина шевченко, тайла сантос, спорт, ufc, видео
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алды.
UFC турнири Сингапурда өттү. Шевченко негизги кармашта жетинчи жолу чемпиондук макамын коргоду.
Биринчи беш мүнөттө беттеш спортчулардын аралыктан туруп бири-бирин койгулоосу менен коштолду. Экинчи раундда Сантос кармашты партерге өткөрүп, бирок Шевченко үчүн ал өтө кыйын деле болгон жок. Үчүнчү беш мүнөттүктө эки тарап тең катуу кармашып, андан соң Шевченко партерде күчүн көрсөтө баштады. Таймаштын бүтөрүнө эки мүнөт калганда Сантос атаандашын торго такап, партерге алып келип муунтууга аракет кылды, бирок жетишкен жок.
“Бул Валентина Шевченконун атаандаштыгы күчтүү беттештеринин бири болду”, — деп белгиледи алып баруучу.
Шевченко калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды. Ал 48, ал эми атаандашы 47 упай алды.
“Мен атаандашымдын ар тараптуу мушкер экенин билчүмүн. Соккулары, грепплингде жакшы болчу, бирок жыйынтык мен күткөндөй болду. Мага эч кандай чек жок, ким болбосун баары менен беттешүүгө даярмын”, — деди Шевченко.
Ал эми Сантос беттеш өтө оор болот деп ойлогонун, азыр жаш экенин, келечекте Шевченко менен дагы да кездешерин билдирди.
Сантос UFC кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак категориясында төртүнчү орунда турат.