Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФтин атайын операциясынын жүрүшү: "легионерлердин" тагдыры анык болуп калды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМелитополь аймагында россиялык аскер кызматкери
Мелитополь аймагында россиялык аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2022
Жазылуу
Батыш камсыздап берген куралдарды пайдалануу Украина Куралдуу күчтөрүндө даярдыктан өткөн адистердин жоктугунан улам кечеңдеп, Киев бул ишти жолго коюу үчүн чет өлкөлүк жалданма аскерлерди тартууга тырышууда.
Россиялык күчтөр натолук "легионерлердин" кызмат өтөшүнө бөгөт болуу, ошону менен бирге эле Украинадагы батыш техникасын жок кылуу үчүн күч жумшап жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар ал чет өлкөлүк жалданма аскерлер жаатында калем шилтеген.
Америкалык жана британиялыктар Киевге төрт М142 HIMARS жана үч M270 MLRS тутумун (кошумча 300 чакырымга чейинки аралыкка ыкчам-тактикалык ракета атуу кошумча опциясы бар 80 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу залптык октун реактивдүү тутуму) беришти.
Ошондой эле Вашингтон Киевге жээкке ылайыкталган кемеге каршы ракеталык комплекстерди берсе, Лондон 20 чакырымга чейинки аралыкка атылчу Brimstone ракетасынын деңиз версиясын жөнөтүүгө даяр.
Франция президенти Эммануэль Макрон 155 мм калибрдеги CAESAR өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр менен камсыздоону улантарын билдирди. Мурда да Франция Украина Куралдуу күчтөрүнө мындай куралдан 18 бирдик берген.
Анткен менен украиналык армияда бул системаларды пайдаланууну билген адистер жок. Алардын "чыгыш фронттогу" оор абалын эске алсак, кадрларды даярдоого (НАТО өлкөлөрүнүн бирине өздөштүрүү үчүн жиберүүгө) убакыт да тартыш. Бул көйгөйдү чет өлкөлүк "легионерлерди" тартуу менен гана бачым чечүүгө болот. РФ Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Украинага "орустар менен согушууга" келген чет өлкөлүктөр комбатант эмес, Женева конвенциясы аларга таралбайт жана аскердик бута болуп саналышат.
Россиялык күчтөр 9-июнда абадан сокку уруу менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн Житомир облусундагы "Интернационалдык легион" окуу борборун жок кылышты. Ошол эле күнү Донецк Эл Республикасынын Жогорку Соту чет өлкөлүк үч жалданма аскерге өлүм жазасына өкүм чыгарды. Тегин жерден туш келбеген бул эки окуя чет өлкөлүк адис-террорчулар бардык мыйзамдуу ыкмалар менен жок кылынып же мизи катуу кайтарыларынан кабар берет. Вашингтон менен Лондон катаал өкүмгө дароо пикирлерин билдиргени менен өлүм жазасына кесилген жалданма аскерлердин макамы өзгөрүлбөй турганы анык.
Россиялык ракеталык соккулар жана Донецк сот жараяндары мындан ары да Украина Куралдуу күчтөрүндөгү "жалданма" аскерлердин жана Днепрди жээктеген натолук эксперт жана кеңешчилердин санын кыскарта бермекчи.
НАТОнун Ладвиядагы машыгуулары учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадан кийин НАТО Балтика өлкөлөрүн "отко салабы"? Аскерий сереп

Дүрмөттүк тартыш жана үмүтсүздүк

АКШнын чалгын кызматы "чыгыш фронттогу" украиналык армиянын абалын каатчыл деп баалап, Донбасста Донецк жана Луганск эл республикаларынын корпустары жана россиялык күчтөрдүн артыкчылыгы айдан ачык жана айныгыс.
Россиянын Аба-космостук күчтөрү, ракеталык күчтөр жана артиллериясы атайын операцияда толугу менен абаны да, жерди да көзөмөлдөөдө. Киевге НАТО тарабынан берилген танкка каршы жана абадан коргонуу комплекстери дээрлик пайдасыз, себеби бүгүнкү күндө баарын ыраакка багытталган артиллерия чечет. Анан да россиялык артиллерия Украинаныкына караганда 20 эсе күчтүү. Украина Куралдуу күчтөрү "советтик" дүрмөттөрдүн акыркы запастарын – күндө 6000ден сарптап, ал эми ага 100 миңден ашуун россиялык "жооп келет".
НАТО өлкөлөрү 155 мм калибрдеги ок-дары арсеналын кыйла коротуп алды. Ошондуктан жакынкы айларда "артиллериялык согуш" киевдик режимге жакшылык алып келбейт. Президент Владимир Зеленский Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготууларынын так санын Вашингтондон жашырып келет. Ошентсе да америкалык эксперттер 200 миң украиналык аскердин жоголушун түшүнүксүз деп белгилешти.
Донецкидеги байкоочулардын маалыматына таянсак, Киев 50 миң жоокеринен (дайынсыз жоголгон 61 миңден ашуун аскер менен кошо) ажырап, Украина Куралдуу күчтөрүнүн Авдеев тобу аптасына 1100дөн ашуун аскерден ажыраган.
Украинанын башкы командачысы Валерий Залужный президенттин кеңсесине Северодонецк-Лисичан аймагынан күчтөрдү батыш тарапка чыгарып кетүүнү бир нече ирет сунуштаганы менен кулак салынган жок. Банк көчөсүндө күчтөрдүн согушка жөндөмдүүлүгү жана жарандардын өмүрүн сактоонун ордуна ойдон чыгарылган "каршылык көрсөтүүнүн символдорун" ылайык көрүштү. Натыйжада фронттун ушул эле тилкесинде суткасына 200 киши набыт болуп, 800дөн адам жарадар болгону белгилүү.
6-июнда Святогорск районундагы украиналык күчтөрдүн коргонуу чийинин жиреп өтүү союздук күчтөргө Славянскиге карай багыт алууга жол ачып, мурдагы күнү калаанын жака-белинде салгылашуу менен чалгындоо иши башталды.
Бул окуялардын баарынын жалпы бир мүнөзү бар: Батыш канчалык Украинага курал жана "адистер" менен көмөктөшкөн сайын, россиялык армия ошончолук катаал аракетке өтүп, атайын операция өткөрүү чек арасын кеңейтип, ошончо көп украиналык аскер шейит болууда. Аман калганы жапырт түрдө туткунга түшүп же согуштан качып жатканы да мындан арбын.
Киевдик режимдин дезертирлерди атып салуу боюнча мыйзам кабыл алуу демилгелери Украина Куралдуу күчтөргө дем берип, согушка жөндөмүн арттырып жибербейт. Украиналык багытта НАТОнун мындан аркы аскердик активдүүлүгү ансыз да кыйын күнгө тушуккан Европанын жана Түндүк Американын өзүн да жардырып салчудай болуп турат.
Америкалык HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы HIMARS — АКШнын Россия менен согушуна карай ташталган кадам
Жаңылыктар түрмөгү
0