Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинадан кийин НАТО Балтика өлкөлөрүн "отко салабы"? Аскерий сереп

CC BY 2.0 / NATO / Baltic BattalionНАТОнун Ладвиядагы машыгуулары учурунда. Архив
НАТОнун Ладвиядагы машыгуулары учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
Түндүк Атлантика альянсы Украина жагдайынан сабак алып, туура бүтүм чыгара албаган өңдүү. Дегенибиз, ушул тапта аталган блок Балтика чөлкөмүндө акылга сыйбас эскалациясын улантууда.
Өз чек араларында НАТОнун аскердик активдүүлүгүнүн күч алышы кайсы бир баскычка жеткенде РФ күч менен жооп кайтарууга аргасыз болушу мүмкүн.
НАТОнун абадан коргонуу күчтөрүнүн Прибалтикадагы 30-майда башталган Ramstein Legacy 2022 машыгуусу 12-июнга чейин уланат. Ага Польша, Литва, Латвия, Эстониянын күчтөрү катышууда. Блок бул иш-чара менен гана чектелбейт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Түндүк атлантикалык альянстын аскердик окууларына баам салган.
Иш-чарада аталган өлкөлөрдүн бардыгынын аба мейкиндигинде альянс ракеталык ок атууга машыгат. Бул мамлекеттерден тышкары аскердик окууга АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Норвегия, Бельгия, Чехия, Румыния, Словакия, Италия, Испания жана Түркия катышат. Буга катар эле Швециянын аймагында 5-17-июнь аралыгында Түндүк атлантикалык альянска мүчө 14 өлкөнүн күчтөрүнүн катышуусунда Baltic Operations 22 ири аскердик машыгуусу өтөт.
Негизинен анда десанттык операциялар, артиллериялык ок атуулар, суу түбүндөгү дрондорду колдонуу менен кайыкка каршы күрөш өздөштүрүлөт. Жарыяланган максаты – Россия менен болжолдуу согушка даярдык. Азырынча нейтралдуу Швециянын даярдыгын НАТОнун Аскер комитетинин төрагасынын орун басары Ланс Ландрум текшерди.
Чөлкөмдө жакында эле, тагыраак, 26-майда НАТОнун Defender Europe, ал эми 27-майда Namejs 2022 аскердик окуусунун жазгы этабы, ошондой эле 30-майда Балтика деңизинин акваториясында альянстын Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу аяктаган.
Бир аз мурдараак америкалык Center for Naval Analyses талдоо борбору Калининград облусуна "баштапкы сокку" уруу, РФ Балтика флотунун ракеталык кемелерин, коргоо тармагындагы маанилүү "Искандер" ыкчам тактикалык ракеталык комплексинин төрт бирдигин, С-400 зениттик-ракеталык тутумдарын жана армиялык корпусун жок кылуу үчүн сценарий иштеп чыгып, жарыялаган эле.
НАТОнун машыгууларынын максаты жана стратегиясы – аскердик жаңжалдын башында Россиянын Куралдуу күчтөрүн болушунча чабалдатуу, тагыраак, биринчи болуп сокку уруу. Альянстын агрессивдүү планы менен даярдыгына Россия четте эле карап тура алабы? Жоопсуз собол. Ошондуктан Балтика чөлкөмүнүн өлкөлөрү Украинадагы аскердик операция жыйынтыкталган соң мыйзам ченемдүү түрдө демилитаризациялоого алгачкы талапкерлерден болуп калышы ыктымал.
Украиналык тажрыйба европалык лидерлерге сабак болбогон сыяктуу, алар жаңжалдын баштапкы себебин – НАТОнун Чыгышка карай кеңейиши болгонун көрбөй турушат. Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель "Украинадагыдай согушта" Европа биримдиги эки аптадан ашуун туруштук бере албай калат деп чочулайт.
Северодонецктин жанындагы ЛЭРдин элдик милициясынын иши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Северодонецк курчоосу Европанын "биримдигине" доо кетирип жатабы?
Боррель Европа биримдигинин бириккен армиясын түзүүгө үндөөдө. Демилге жаңы жаңырган жок, бирок теңата жана бөлүнгүс коопсуздук талаптарына жооп бербейт, жалпы жонунан келечеги жок ой.
Эске салсак НАТОнун күчтөрү жана өнүккөн улуттук армиялар он жылдап Греция менен Түркияга Эгей деңизиндеги талаш аралдарды бөлүп же делимитациялоого көмөкчү боло алган жок. Европа биримдигинин жаңы армиясы эмне өзгөртө алат?
Германия канцлери Олаф Шольц "НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн арасындагы эң чоң салттуу армияны" түзүүнү убада кылды. Альянстын европалык мамлекеттери бүгүнкү күндө жалпысынан дээрлик эки миллиондук күчкө ээ. Германиянын армиясы (184 миң киши) британиялык күчтөрдөн (194 миң) бир аз кичирээк, ал эми италиялык (170 миң) аскердик түзүмдөн чоңураак.
Кошмо Штаттардын Европадагы Армиянын тобу 100 миң кишиге жетти. Америкалыктар аталган континентте бардык аскердик база жана объектилердин үчтөн бирине ээлик кылышат. Атап айтсак, Германияда – 123, Италияда – 49, Улуу Британияда – 22, Түркияда – 14, Румынияда – 6, Польша жана Венгрияда – 4, Словакияда – 2, ошондой эле Эстония, Грузия жана Латвияда бирден америкалык база бар. Бул толук тизме эмес экенин да белгилей кетели.
Альянстын кеңейиши өзүн күчтүү кылып жибербейт, бирок жаңы жаңжал зоналарын жаратууга кепилдик берет. Бейтарап Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүгө белсениши – реалдуулуктан четтеп, демократиянын идиократияга айланышынын белгиси. Бардар, кыйла өнүккөн эки өлкөнүн өкмөттөрү жок көйгөйлөрдү чечүү үчүн аскердик альянска кошулууга умтулууда.
НАТО менен тыгыз байланыштагы Скоукрофт атындагы стратегия жана коопсуздук борбору Bloomberg агенттигиндеги макалада 1 300 чакырымга созулган Россия –Финляндия чек арасы альянс үчүн "катуу баш оору" экенин белгилеген. Акыл калчаган америкалык аналитиктер эки гана артыкчылыкты: "шериктештикти көрсөтүү" жана "Москванын көз карашына карабай кеңейүүнү" атап жатышат. Бирок келечекте чагымчыл жана РФтин коопсуздугуна коркунуч туудурган альянстын чек аралар конфигурациясы Европанын өзүнө "фин канжарын" уруп, башкача айтканда аскердик жаңжалды тутантышы ыктымал.
Пентагон Финляндияны эмитен эле россиялык чек араларга жакын жайгашуучу жаңы аянтча катары кароодо.
Россия да мындай аракеттерге тим калбайт. РФ Батыш аскердик округунда 12 жаңы аскердик бөлүк ыкчам түрдө түзүлүүдө. Курамында эмне – ракеталык полкпу, танк бригадаларыбы же Аба-десанттык күчтөрүнүн дивизиялары болобу, бизге белгисиз. Бирок болжолдуу душман оңбой турганы айкын.
АКШ менен болжолдуу аскердик жаңжалда Россия алгач өзүнө кастарын тиккен блоктун аймагына чектеш мамлекеттердеги бардык аскердик база жана объектилерин жок кылууга басым жасоого мажбур болот.
Европалык коопсуздук көйгөйлөрүн дипломатиялык (тынчтык жана адилет) жол менен чечүү мүмкүнчүлүгүн четке кагуу менен Түндүк атлантикалык альянс Россияны бардык башка мыйзамдуу каражаттар аркылуу аракет этүүгө мажбурлоодо. Астанага атайын жакындоо аракеттерине жооп кайтарылбай калбас...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
ДНРдеги аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс күндөлүгү: "фольксштурм"* батышка карай чегинүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0