Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинадагы HIMARS — АКШнын Россия менен согушуна карай ташталган кадам

© AFP / FAYEZ NURELDINEАмерикалык HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдары
Америкалык HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
Киевдик режимдин америкалык залптык ок тутумдары менен жабдылышы атайын операциянын жүрүшүн өзгөртө албайт. Украинадагы HIMARS (High Mobility Artillery Rocket Systems) европалык ортомчу өлкөлөр жана түздөн-түз АКШга аскердик эскалация коркунучун туудурат.
Ак үй кечээ Украинаны 80 чакырымга чейинки чектелген аралыкка атуучу HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдары менен жабдый турганын тастыктады. 300 чакырымга чейинки аралыкка атылчу ATACMS тактикалык ракеталарын да берүү маселеси талкууланууда, азырынча толук чечиле элек. Бирок Вашингтон Европада аскердик жаңжалды тутантуу нугунда экени айдан ачык деген ойдо аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Румыния ортомчу болмокчу, ал мурун АКШдан High Mobility Artillery Rocket Systems (HIMARS) үчүн М142 атуучу түзүлүшүнөн 54 даананы сатып алган. Ошондой эле Польша да Киевге ушундай эле 20 түзүлүштү бериши мүмкүн. Июнга карата убада кылынган америкалык аскердик көмөктүн топтомун акчалай бергенден көрө аскердик бирдик менен берген оңдур, себеби 700 млн доллар – бул киевдик режим чыдамсыздык менен күткөн 30 HIMARS залптык октун реактивдүү тутумуна тете.
Ошону менен бирге эле "топтомдо" радиолокациялык станциялар, тик учак, автомобиль жана Javelin танкка каршы комплекстери бар. Румыниядан "чыгыш фронтко" чейин (400 чакырым) HIMARS түзүлүштөрүнүн он чактысы жетсе деле күчтөрдүн катышы өзгөрбөйт. Мында көңүл бура турган жагдай – саясий тайкылык жана прецедент. Украинада америкалык HIMARS сокку уруучу тутумдары дүйнөнү алааматка кабылта турган кадам.
АКШ президенти Жозеф Байдендин: "Биз НАТО менен Россиянын ортосунда согушту издегенибиз жок" деген билдирүүсү реалдуулуктан таптакыр алыс. Өзөктүк күчтүү державага киевдик режим аркылуу мындай сокку урууну көздөө менен Вашингтон чоң тобокелдикке барууда. Атап айтканда, НАТОнун европалык өлкөлөрү жана да түндүк америкалык территорияны Россиянын каарына калтырууда.
Россиянын алыскы объектилерин жана калааларын кыйратуу үчүн Украина Куралдуу күчтөрүн аталган залптык октун реактивдүү тутуму менен чек арага жакын жайгаштыруу куралдардын бардык түрүн пайдалануу менен глобалдык жаңжалдын тутанышына себеп болот. Россия Куралдуу күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасы Украинанын гана аскер-саясий жетекчилиги менен чектелбейт.
Москва демилитаризациялоонун географиялык алкагын кеңейтүүгө аргасыз болот. Ыраак аралыкка ылайыкталган россиялык ракеталар Польша, Румыния, Германия, АКШ жана агрессивдүү блоктун башка өлкөлөрүнө карай атылат.
Кайдыгер калтырбаган теңдеши жок Солнцепек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кайдыгер калтырбаган теңдеши жок "Солнцепек"

Эч кимге пайда алып келбес аракет

Майдын аягында украиналык "чыгыш фронтунун" дээрлик кыйрашы АКШны M142 HIMARS залптык октун реактивдүү тутуму менен жабдууга түрттү. Белгилей кетсек, бул Украинада тарыхты кайра кайтарчудай керемет курал катары кабылданууда. Бирок 80 чакырымга чейинки аралыкка жасалган реактивдүү дүрмөт жана 300 чакырымга чейинки аралыкты багындырган тескелүүчү ракеталар менен октолгон америкалык өндүрүштөгү модулдук тутум – россиялык "Смерч" (120 чакырымга дейре) жана "Искандер" ыкчам тактикалык ракеталык комплекстин (500 чакырымга чейинки) ортосундагы нерсе.
Ирак жана Афганистанда HIMARS тутумун пайдалануу тарыхында "баатырдыгы" же технология жаатындагы керемети катталган эмес. Россиялык аскерлерге каршылык көрсөткүдөй Украина Куралдуу күчтөрүнүн артиллериясын күчтөндүрүү үчүн америкалыктар киевдик режимге HIMARS тутумдарынын баарын берип, ал тургай НАТОдон европалык "ыктыярчыларын" да тартуусу зарыл. Бул таптакыр башка каражат.
Украинанын коргоо тармагынын жылдык бюджети 6 млрд. доллардын тегерегинде. 24-февралдан кийин киевдик режим Кошмо Штаттардан 4,5 млрд. долларга аскердик жардам алган. Донбасста Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыйраган фронту аскердик бюджеттин көлөмүн көбөйтүү жеңишке кепилдик бербестигин айгинеледи. Мында Афганистанга ташталган америкалык өндүрүштөгү оор куралдардын миңдеген бирдиги эрксизден эске түшөт.
Украиналык маалымат каражаттары Киев Ак үй менен америкалык HIMARS тутумдарынын алгачкы партиясын Румыниядан алуу боюнча макулдашканын маалымдашты. Бул күтүлгөндөй эле көрүнүш, башкалардын колу аркылуу курал менен жабдуу Вашингтон үчүн эң коопсуз жол эмеспи. Залптык октун реактивдүү тутумун Украинага жашырып жеткирүү маселеси калды, ал эми бул – чоң көйгөй.
Өткөн суткада эле РФтин ракеталык күчтөрү, артиллериясы, таамай ракеталары, ыкчам-тактикалык, армиялык жана учкучсуз авиациясы Украина Куралдуу күчтөрүнүн 133 башкаруу пунктун, аскерлери жана техникасы топтолгон 713 районду, артиллериялык батареялардын 169 позициясын (анын ичинде 155 мм М777 гаубицалары жана "Град" залптык октун реактивдүү тутумун), ошондой эле 9 танк жана аскердик пехота машинасы, 13 автомобиль жана ок-дары сакталган эки кампасын жок кылды. Киевдик режимдин аскердик ресурстары (НАТОнун жардамы) ушундай ыргакта дээрлик жүз күн-жүз түн талкаланып келет.
Атайын аскердик операция башталгандан тарта россиялык күчтөр украиналык залптык октун реактивдүү тутумунан 457 бирдикти жок кылган, бул АКШ армиясы куралданган HIMARS тутумунан да жогору көрсөткүч. Мындан сырткары, 185 учак, 129 тик учак, 1077 учкучсуз учуучу аппарат, 326 зениттик ракеталык комплекс, 3363 танк жана башка аскердик ок өткөрбөс машина, атайын аскердик автомобилдик техниканын 3329 бирдиги, талаа артиллериясынын 1744 куралы жана миномёт "демилитаризацияланган".
Эске салсак, Кошмо Штаттар Украина Куралдуу күчтөрүнө 155 мм калибрдеги M777 108 гаубицаны жөнөтүүгө милдеттенме алышкан. Анткен менен алар деле артиллериянын жоготууларын толуктай албайт, болгону "украиналык долбоордун" апаатын жайлатат. Россиялык атайын операциянын үч айында Украинада миллиарддаган долларлык батыш куралынын таш-талканы чыкты. Ошондуктан киевдик режимге АКШнын аскердик жардамынын кезектеги топтомунун маанисин ашыкча баалоонун кереги жок. Европаны Үчүнчү дүйнөлүк согушка тартып жаткан Вашингтондун аскерий-саясий акылсыздыгы алда канча кооптуу.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
НАТОнун Ладвиядагы машыгуулары учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадан кийин НАТО Балтика өлкөлөрүн "отко салабы"? Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0