Карамолдо Орозовдун небереси: чоң атам иниси Усуп болбосо мындай деңгээлге жетмек эмес

© Sputnik / Асель СыдыковаТубаса талант, музыкант, комузчу Карамолдо Орозовдун небереси Жумакадыр Карамолдоев
Тубаса талант, музыкант, комузчу Карамолдо Орозовдун небереси Жумакадыр Карамолдоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Кыргыз музыкасынын башында тургандардын бири Карамолдо Орозов Ысык-Көлдүн күнгөйүнөн. Залкар талант комузду мыкты черткендиктен бир мелдеште Муратаалы Күрөңкеевди да жеңип алганы айтылып жүрөт.
Sputnik Кыргызстан редакциясында тубаса талант, музыкант, комузчу Карамолдо Орозовдун небереси Жумакадыр Карамолдоев болду. Биз улуу музыканттын 140 жылдыгына карата аны эскерип баарлаштык.
— Карамолдо атабыздын азан айтылып коюлган аты башкача болгондугун айтышат...
— Чоң атамдын бала чагы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында өтүптүр. Ата-энесинин балдары токтобой жүрүп, чоң атам төрөлгөндө Токтомамбет деп ысым ыйгарышат. Өзү деле үч бир тууган. Эки эркек, анан дагы бир карындашы болгон. Эки чоң атабыз тең (Карамолдо менен иниси Усуп) чоң комузчу болушкан. Кийин Усуп айылда калып, Карамолдо шаарга келген экен. Ал кезде заман кыйын болгондуктан Усуп атабыз "сен шаарга барып иште, мен жардам берип турайын" деп айылдан тамак-аш ташып турат. Артисттер жаркылдап сахнада турганы менен колунда деле эч нерсе жок, көбү карапайым жашашкан да. Бирок руху күчтүү инсандар. Чоң атамдын атасы Ороз абдан билимдүү болгондуктан баласы Карамолдону айылдан арабча окуткан экен. Кийин шаарга барып музыкалык билим алган. Өзү чарчы бойлуу, билимдүү, кара киши болгондуктан Карамолдо деп аталып калып жатпайбы. Ал киши нотаны ошол филармониядан тааныган.
Ал эми өзүмдүн атам да аскер адамы катары кызматына байланыштуу кийинчерээк туулуп-өскөн айылына көчүп барган эле. Парторг болуп иштеп, эл арасында кадыр-барктуу жүрдү. Орус тилин жакшы билгендиктен айылдагылардын көбү арыз, кат, документтерин жаздырып кетчү. Биз алты эркек, эки кыз, сегиз бир тууганбыз.
© Фото / предоставлено Жумакадыром КарамолдоевымЗалкар комузчу Карамолдо Орозов
Музыкант и комузист Карамолдо Орозов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Залкар комузчу Карамолдо Орозов
— Иниси Усуп да кыйын комузчу болгон дешет...
— Ооба. Чоң атаман эки жаш кичүү эле. Экөө айылда отту жагып алып түнүчүндө алмак-салмак күү черткендерин элес-булас билем. Ошол күүлөрүн атамдын иниси Кийикбай байкем "Кыргыз радиосуна" жаздыртып кетиптир. Ошону да чыгарбай жүрүшөт. Канча күү экенин да так билбейм. Бирок алар деле залкар күүлөргө кирет экен. Усуп атабыз болбосо чоң атам мындай деңгээлге жетпейт болчу. Себеби ал убагында "молдокеме" деп баарын камдап берип, окууга шартын түзүп берип турган. Саякбай Каралаевдин да чоң атам тууралуу мыкты эскерүүлөрү бар. Тоголок Молдо атабыз да Усукем деп инисин аябай жакшы көрчү дешет. 1928-жылы Карамолдо атам үй-бүлөсү менен шаарга көчүп келет. 1932-жылы менин атам Самаркандда өткөн балдардын кароо-сынагына 12 жашында катышып, велосипед утуп алат. Ал убакта велосипед жок кез. Анан атам эс алуу башталса велосипедди айылга алып барып мактанайын деп, жай мезгилин аябай күтүптүр.
Бул киши да таланттуу болгон. Кийин Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Бирок бир байкаганым, кан майданды көргөндөр согуш тууралуу айтканды жактырбайт. Атам Воронежде согушуп жатканда жаракат алып, эс-учун билбей бир ай комада жатып калганда айылга "өлдү" деген кара кагаз келиптир. Көрсө душмандын жардыруусунан кийин талаада жатса, өзүнүн батальонунун санитарлары таппай, кийин башка батальондун санитарлары таап алып кетишиптир. Ошону менен өлдү деп ойлоп калышат. Атам бир айдан соң көзүн ачып, эки айдын ичинде өзүнө келип үйүнө кат жазат. Ал каты жеткиче дагы бир айдай убакыт өтөт. Ал убакта эчак жаназасын окуп койгон экен. Баласынын күйүтүнө чыдабай үч айдын ичинде апасы каза болуп калган.
— Чоң атаңыз муну кандайча уккан экен?
— Бул тууралуу эки башка айтып жүрүшөт. Ошол убакта ал киши азыркы Петр Шубин атындагы музыкалык мектепте иштечү экен. Ал кезде Шубин өзү жетекчи болуптур. Репетиция маалында келип "уулуң согушта каза болуп калыптыр" деп Шубин айтып салган экен. Ошондо чоң атам эшикте 20 мүнөттөй ары-бери басып жүрүп, анан келип репетициясын улантканын айтышат. Дагы бир версиясында профсоюздук жыйналыш болуп жатканда Карамолдо атам арт жакта маанайы жок, суз отурган дейт. Жыйындан кийин баары кобурашып бир аз отурушчу экен, бирок ошондо чоң атам унчукпай эле чыгып кетип калыптыр. Кийин билсек, баласы каза болгону тууралуу угуптур дешет. Анан кайра баласынан кат келип жатпайбы.
© Sputnik / Асель СыдыковаКоумузчу Карамолдо Орозовдун небереси Жумакадыр Карамолдоев: чоң атамдын иниси менен айылда отту жагып алып түнүчүндө алмак-салмак күү черткенин элес-булас билем.
Внук музыканта и комузиста Карамолдо Орозова Жумакадыр Карамолдоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Коумузчу Карамолдо Орозовдун небереси Жумакадыр Карамолдоев: чоң атамдын иниси менен айылда отту жагып алып түнүчүндө алмак-салмак күү черткенин элес-булас билем.
— Ошондо согуштан качан кайтып келиптир?
— Ал убакта күчтү абдан топтоп туруп согушка киришчү экен. Декабрь айында ошондой бир чабуулга катуу даярданып жаткан учурда командирлер полкту тизип туруп, ичинен тандап аскерлерди Москвага алып кетишет. Атам ошентип комиссарлар мектебинде жарым жыл окуп, ошондон кийин мекенине келип майор наамын алган.
— Чоң атаңыз менен аң уулоого да чыгыптырсыздар. Ошону эскерип кетсеңиз?
— Ооба, чыкканбыз. Чоң атам, иниси Усуп атам, Саякбай Каралаев, тууганыбыз Шеримбай ата, атам жана мен болуп куш салганы барганбыз. Шеримбай атабыз дайыма куш таптап жүрчү. Тоого Саякбай Каралаевге учкашып барган элем. Кечке чейин куш салып, түлкү алдык. Эрте жазда бардык эле, беш жашар кезим. Болбой ыйлап ээрчип алгам. Анан кечке чейин үшүп, эптеп жүрүп кечинде чыдабай ыйладым. Кайра биздин үйгө баарыбыз чогуу кайтып келдик. Атам айылга үстүн темирден жаап, орустардыкындай узун бир бөлмөсү бар там салды эле. Ал чоң бөлмөнүн ортосунда буржуйка меш турчу. Келгенден кийин баары мешти тегеректеп отуруп алып алмак-салмак комуз чертишип, укмуш күүлөрдү ойношкону эсимде. Саякбай Каралаев абдан энергиялуу, ашып-ташып турган адам эле. Ал киши беркилерди аябай сүрөп отурду. Анын үстүнө чоң атамдардан 10 жаш кичүү болчу да. Чоң атамдын ошол комузу үйдө сакталуу эле, кийин жоголуп кетти. Көрсөм тааныйт элем, анткени кулагынын бирин тиш щеткасынан жасап койгон. Чоң атам каза болгондон кийин комузду Усуп атам пайдаланып жүрдү.
© Фото / предоставлено Жумакадыром КарамолдоевымЖумакадыр Карамолдоев: 1962 жылдан тарта чоң атамдын ар он жылдыгы белгиленип турду. Быйыл 140 жылдыгына айыл эли даярданып жатат.
Музыкант и комузист Карамолдо Орозов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жумакадыр Карамолдоев: 1962 жылдан тарта чоң атамдын ар он жылдыгы белгиленип турду. Быйыл 140 жылдыгына айыл эли даярданып жатат.
— Карамолдо атабыз каза болгондо беш жашта турбайсызбы?
— Ооба, өтүнөн операция болуп кайтыш болду. Медицина өнүккөнү өттүн операциясы эң оңой экенин билип жатпайбызбы. Чоң атам байбичесинин көзү өтүп кеткенден кийин дагы үйлөнгөн. Каза болгондо экинчи апабыздан көргөн кызы Гүлсүн эжебиз буркурап-боздоп аябай ыйлаганы эсимде. Ал киши да азыр кайтыш болуп калды. Чоң атам каза болгондо үйгө ЗиЛ айдап келишти. Анан аны менен эмнегедир кайра-кайра эле мүрзөгө каттап жаттык. Мага эмне, өзүм кичине бала болсом, машинага түшкөнүмө сүйүнүп жүрдүм да. Балдардын баары мени карап суктанып жатса, ошого куштар болдум. Киши абдан көп келди. Көлдүн он чакты айылынын эли бүт келип, атчандар жайнайт. Тентек элем, бир кулундун куйругун тартып жиберсем чекеге тээп жиберди. Кан токтобой, апам байкуш тызылдап жүгүрүп, эл-журт эптеп кийиз күйгүзүп басып токтотушкан. Кийин атабызды жайына коюп келген соң мен башым ооруп ыйлап жатсам, эл чоң атасына кайгырып жатат деп батасын берип, алкап жатышты. Чекемде тырык азыр да бар.
Ошондон эки жыл өткөндөн кийин 1962-жылы чоң атамдын 80 жылдыгы белгиленмек болуп, айылга эстелигин тургузганы эки орус келип иштеди. Мен тамак ташып, айылда орусча жакшы билгендиктен алар менен сүйлөшүп жүрдүм. Анан эстелик орнотулгандан кийин борбордон оркестр менен ырчылар келип, айылдын четиндеги жардын боюнда чоң концерт беришкен. Ошондо филармониянын алдындагы оркестрге да чоң атамдын аты берилди окшойт. Анан он жылда бир мааракеси белгиленип турду. Ал кишинин 100 жылдыгы абдан чоң деңгээлде өткөрүлгөн. Быйыл 140 жылдыгына айыл эли даярданып жатат.
Таланттуу инсан, белгилүү куудул Келдибек Ниязов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Келдибек Ниязов: айылдаштарым "Душка" десе, балдар "Душка ата" дешет
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев Темиркул Уметалие, Аалы Токомбаев, Төрөбай Кулатов, Муратбек Рыскулов, Кулуйпа Кондучалова жана Акбар Токтакунов менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Байдылда Сарногоевдин кызы: атам менен Айтматов какшыкташып, азилдешип турчу экен
Жаңылыктар түрмөгү
0