Байдылда Сарногоевдин кызы: атам менен Айтматов какшыкташып, азилдешип турчу экен

© Фото / из семейного архива КондучаловыхКыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев Темиркул Уметалие, Аалы Токомбаев, Төрөбай Кулатов, Муратбек Рыскулов, Кулуйпа Кондучалова жана Акбар Токтакунов менен. Архив
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев Темиркул Уметалие, Аалы Токомбаев, Төрөбай Кулатов, Муратбек Рыскулов, Кулуйпа Кондучалова жана Акбар Токтакунов менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Жазылуу
Быйыл Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленип жатат. Анын "Ак калпак", "Ашуудан берген отчётум" деген китептери колдон-колго өтүп окулган. Акын улуттук колоритте ыр жазып, кыргыздын мүнөзүн ырларына сиңирген. Андан жумшак азилди да байкоого болот.
Мааракеге карата эл акынын эскерүү иретинде Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана Сарногоева менен маектешкен. Учурда ал Италиянын Фолиньо шаарында жашайт.
© Фото / из личного архива Гульсны СарногоевойСарногоева: атабыздын 90 жылдык мааракесине карата борбордук китепкана жана кээ бир райондордун китепканаларында поэзия кечелери өттү
Народный поэт КР Байдылда Сарногоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Сарногоева: атабыздын 90 жылдык мааракесине карата борбордук китепкана жана кээ бир райондордун китепканаларында поэзия кечелери өттү
— Улуу акындын 90 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленгени жатат. Кандай иш-чаралар өттү?
— Кыргыз элибиз таланттуу инсандарга абдан эле бай экени бир гана өзүбүзгө эмес башка өлкөлөргө да белгилүү. Алардын ичинде Кыргыз эл акыны, атабыз Байдылда Сарногоев да бар экенин көпчүлүк билет. Атабыздын 90 жылдык мааракесине карата борбордук китепкана жана кээ бир райондордун китепканаларында поэзия кечелери өттү. 15-16-майда Талас шаарында "Айтыш" өткөрүлдү. Демилгени көтөргөн маданият министри Азамат Жаманкуловго жана Индира Куралбекова баштаган бардык уюштуруучуларга үй-бүлөбүздүн атынан чоң ыраазычылык билдиребиз. Талас облусунда жайгашкан Сасык-Булак айылындагы Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйүнүн жанына скульптор Марлен Бакачиевдин эмгегине таандык бюст орнотулду. Буюрса алдыда дагы бир топ иштер бар.
16-майда Таласта өткөн кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышынын жыйынтыгында төкмө акын Акматбек Султан уулуна баш байге ыйгарылды. Ал эми 1-орун Темирбек Матыбаевге, 2-орун Абдылда Нуралиевге жана 3-орун казак төкмө акыны Нурлыбек Курмановго берилди.
— Негизи атаңызды 1932-жылы туулган деп жазып жүрөбүз. Бирок апаңыз Зина Сарногоева ал кишини "1928-жылы жарык дүйнөгө келиптир" деп эскерген экен.
— Ооба, атабыз 1928-жылы жарык дүйнөгө келиптир. Жетим болуп колхоздун малын багып жүрүп мектепке кеч кирет. Ошонун айынан алгачкы билим уясын кеч бүтүп, паспортту дагы кийин алат.
© Фото / из семейного архива СарногоевыхСарногоева: атам Таластын сөөк какшаткан суусун кечип, кечке эчкинин артынан калбай жүрүп, кечинде суй жыгылып жатып калчу экен
Кыргызский народный поэт Байдылда Сарногоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Сарногоева: атам Таластын сөөк какшаткан суусун кечип, кечке эчкинин артынан калбай жүрүп, кечинде суй жыгылып жатып калчу экен
— Атаңыз бала чагынан айылда жамакчы болуп, той-аштарда "гонорар" алган да учуру болгон экен. Акындын Фрунзеде окуп калышына кадимки Дастан Сарыгуловдун атасы, математик мугалими Ислам Сарыгуловдун салымы бар дешет?
— Кичинекей чагынан үйдө эчки кайтарып жүргөнүн айтчу. Таластын сөөк какшаткан суусун кечип, кечке эчкинин артынан калбай жүрүп, кечинде суй жыгылып жатып калчу экен. Ошондо да сөздү сөзгө кынап, ыр кураштыра коюп жүрөт. Согуш бүткөндөн кийин айылдашы аскерден келип, элге тойчук берип калат. Ал тойго төмөн жактагы Манас колхозунан бир жамакчы киши келет, анан ал ырдап жатып, бир убакта атама кезек берет. Ошондо атам: "Тоюңар тойго улансын, келген адам кубансын, тойду берип жаткандар ырчыларды ыраазы кылып чыгарсын..." деген мааниде жамактатып жиберет. Ошол тойдо жамакчылыгы үчүн бир улак, эки эчки, эки жоолук бөлүп бергенин атамды эскерген макалалардан окуп калдым эле. Алгачкы гонорары ошол болсо керек. Ал эми Ислам Сарыгулов тууралуу маалыматым жок экен. Ал жагын так айта албайм.
— 10-класс кезинде эле талантын байкаган Аалы Токомбаев акынды Жазуучулар союзуна киргизип коюптур. Сыйлык алып калышы да кызык дешет?
— Атабыз мектепти шаардан окуу ниетинде Жамбылга барат. Ал жерден окууга алынбай, Фрунзеге жөнөйт. Адегенде Жазуучулар союзуна келип, Аалы Токомбаевге жайын айтып, ал кадырын салып, Александр Пушкин атындагы №5 мектеп-интернаттын алтынчы классына киргизет. Бул жерде тынымсыз ыр жазып, жазгандарын редакцияларга алып барып жүрчү экен. Ошол мезгилде Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев жана Райкан Шүкүрбеков менен таанышат. Улуу акындардын кеп-кеңешин угат. Ал эми Мидин Алыбаев менен Райкан Шүкүрбековго жакын болуп, жанында көп жүргөнүн билесиздер.
1951-жылы атам СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Ооба, Аалы Токомбаев киргизиптир. Ошол кезде бир да ыр китеби чыга элек экен. Токомбаев атамдагы дараметти байкаса керек.
© Фото / из семейного архива СарногоевыхСарногоева: 1951-жылы атам СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган
Кыргызский народный поэт Байдылда Сарногоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Сарногоева: 1951-жылы атам СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган
— Байдылда Сарногоевдин өкүл атасы Мидин Алыбаев экени маалым. "Мидинге кат" деген да чыгармасы бар. Экөөнүн мамилесин, кантип ынак болуп калгандыгы жана Мидин тууралуу атаңыздын айткандарынан кеп салып бересизби?
— Атам №5 мектепте окуп жүргөндө эле чоң жазуучуларга жакын болуптур. Алардын тилин алып, баладай болуп жумшаган жагына барып кызмат кылган экен. Ошолордун бири Мидин Алыбаев. Ал кезде бул акынды элдин баары билчү. Атам бир топ чыгармаларын Мидинге окуп да берип турган. Бири-бирине байке-ини болуп жүргөн. Ал кишиге, анын сатиралык чыгармаларына жан дүйнөсү жакын болгон окшойт. Атамдын чыгармаларында да азил-тамаша көп кездешет эмеспи. Ошентип кийин үйлөнгөн кезде Мидинди өкүл ата коюшуптур. Сатирик акын каза болгондо "Мидинге кат" деген көлөмдүү ырын жазган. Бул ыр кезегинде өтө популярдуу болгон, анда эки акындын чыгармачылык байланышы, жеке тагдыры жазылган.
— Чыңгыз Айтматов экөө да жашы тең болгондуктан аябай тамашалашчу дешет.
Чыңгыз Айтматов менен атам теңтуш, анан жердеш болгон. Алар кезиккен жерден бири-бирине азил, какшык айтып турганын замандаштарынын эскерүүсүнөн улам билем. Ошол Чыңгыз Айтматовго арналган "Чыңгыз жана мен" деген ыры бар:
- Чыңгыз, кайда?
- Москва, Берлин, Лондондо.
- Байдылда кайда?
- Мал жайылган тоолордо.
Жогоруда айткандай, атам да абдан юморго жакшы эле да. Улуу жазуучу да аны түшүнүп, экөө жакшы тамашалашкан экен. Бул эми улуу кишилердин залкардыгы, сөз көтөрүп жана кепке жыгыла билгендиги да.
Народный учитель КР Бектур Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Бектур Исаковдун кызы Каныкей: атамдын "Бектур агай" болушуна апамдын салымы чоң
— Байдылда акын комузда да кол ойното билгенби?
— Ооба, атабыз комузду жакшы чертчү. Бир нерсеге капа болгондо Карамолдо Орозовдун "Көкөй кести" аттуу муңдуу күүсүн чертип калчу. Көңүлү ток болгондо Бактияр инимди чакырып алып Токтогулдун "Чоң кербез" аттуу шаңдуу күүсүн экөө чогуу чертишер эле.
— Атаңыз кайсы бир спорттун түрү менен да машыкканбы?
— Атам бильярдды абдан сонун ойночу. Ал тууралуу чогуу бильярд ойногон замандаштарынан да укканбыз. Көбүнчө борбордун чок ортосунда жайгашкан Панфилов атындагы паркка барып ойночу эле.
— Бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз? Азыр кайда, кандай кесипти аркалашкан?
— Беш бир тууганбыз. Баястан агабыз каза болгон. Бирок биз үчүн дайыма тирүүдөй сезилет. Азыр ыраак бир керемет жерде жашап жүргөндөй эле боло берет. Азыркы убакта ар бирибиз ар түрдүү иш менен алекпиз. Ынтымактуубуз. "Мен үчүн сен, сен үчүн мен" деген ураан менен жашайбыз. Бири-бирибизге камкорбуз. Мындан башка бизге эмне керек?
— Италияга кандайча барып калдыңыз эле?
— Мен Италияга кино тармагында иштеп жүргөндө кеткем. Өзүңүз билгендей азыр миңдеген мекендеш сыртта иштеп жүрөт. Ар биринин өзүнчө себеби, түйшүгү, көйгөйү бар. Менин дагы ошондой өзүмө тийиштүү жөнүм бар. Албетте, Италия керемет өлкө, бирок туулган жердин топурагы алтын делет. Мекенимде калып иштеп жүрө берсем да болмок, бирок кетүүгө туура келди.
© Фото / из личного архива Гульсны СарногоевойСарногоева: беш бир тууганбыз. Баястан агабыз каза болгон. Бирок биз үчүн дайыма тирүүдөй сезилет
Дочь Народного поэта КР Байдылда Сарногоева Гульсна Сарногоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Сарногоева: беш бир тууганбыз. Баястан агабыз каза болгон. Бирок биз үчүн дайыма тирүүдөй сезилет
— Италияда эмне менен алектенесиз?
— Бул жакка келгениме 20 жылдан ашып калды. Өзүмдүн кесибим боюнча жумушка кирүү кыйын болгондуктан ушул күнгө чейин алты жолу иш алмаштырыпмын. Алгач Рим шаарында жашаган бир айымдын кичинекей кызын карап, мектепке алып барып келчүмүн. Тилди жакшыраак үйрөнгөнүмдөн кийин жеке мектепте, дүкөндөрдө иштедим. Аны менен катар Рахиля Жусупова жетектеген "Эрайым" эл аралык аялдар коомунун Европа боюнча консультанты катары кызмат кылдым. Кийин чакан мейманкана тейлеп, ошону менен бирге эле телекөрсөтүүлөрдө атайын фигурант болдум. Азыркы убакта Фолиньо деген шаарда жашайм. Бул жерде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген ар түрдүү улут өкүлдөрүнөн түзүлгөн "Элдер үйү" аттуу уюм бар. Мен Кыргызстан боюнча кеңешчи болуп иштеп жүрдүм. Азыр башка иштер менен алекмин.
— Акын 2004-жылы оорудан улам каза болгону белгилүү. Бул суук кабарды кандайча уктуңуз?
— Атам ооруп жатканда телефон чалып ал-акыбалын сурап турчумун. Бир күнү түш көрсөм, ыраматылык Касымалы Турусбеков жездем атам менен кучакташып алып бир жакка кетип баратышкан экен. Эртеси жүрөгүм бир нерсени сезип, Кыргызстанга билет сатып алып жөнөп кеткем.
2004-жылы 19-ноябрда 72 жаш курагында каза болду. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Зыйнатын Болот Шер уюштурду. Акынга арналган кошокту Шайлообек Дүйшеев менен Кыялбек Урманбетов жазып, Элмирбек Иманалиев элге жеткирди.
— Байдылда Сарногоев каза болгондо да урмат кылып, эмгегин сыйлагандар болуптур…
— Атабыз каза болгондон кийин анын эмгегин баалап, арбагына таазим кылып бир топ кишилер урмат көрсөтүшкөн. Эң зор эмгегин Болот Шерниязов кылган. Ал Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык алтын медаль негиздеди. Залкар акын Анатай Өмүркановдун демилгеси менен "Тандалма" аттуу китеп жарык көргөн. Кыргызпатент тарабынан "Ашуудан берген отчётум" деген китеби кайрадан басылып чыккан. Талас облусуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтүнүн депутаты Акжигит Жумабековдун демилгеси менен Сасык-Булак айылында Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйү ачылган. Ал демилгени колдоп, зор салым кошкон ошол кездеги аким Кубаныч Каныбековго да ыраазычылык. Андан тышкары дагы атабызга бир топ иш-чаралар өткөрүлүп келет. Муну жергиликтүү эл да колдоп турат. Баарына ыраазымын!
Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Сайра Момунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Азат Дөөткуловдун жубайы: апам жолдошума экинчи аял ал деп айткан
Жаңылыктар түрмөгү
0