Келдибек Ниязов: айылдаштарым "Душка" десе, балдар "Душка ата" дешет
18:02 14.05.2022 (Жаңыртылды: 18:27 14.05.2022)
© Фото / Азат АкаевТаланттуу инсан, белгилүү куудул Келдибек Ниязов. Архивдик сүрөт
© Фото / Азат Акаев
Жазылуу
Кыргыз маданиятына эмгеги сиңип, элге төбөсү көрүнгөн залкарлар менен бирге иштешип, алардын кызыктуу окуяларын азыркы муунга жеткирип келе жаткан таланттуу инсан, белгилүү куудул Келдибек Ниязов 70 жашта.
Sputnik Кыргызстан редакциясында куудул менен өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кенен баарлаштык.
— Бала чагыңыз Нарында өткөнүн билебиз. Эми 70 жашка жеткенде ошол кезге бир кылчайып көрөлүчү?
— Бала кезим Нарындын Куланак айылында өткөн. Эр жигиттин үч журту болот эмеспи, менин ата журтум да, тага журтум да ошол айылда. Атам ал кезде алыска деле кыз издеп барган эмес окшойт. Куланак деген ат дагы Кыргызстанда жок. Бала кезде кызыгып сурачубуз...
Илгери айыл турган жер чытырман токой болуптур. Нарын суунун жээги, бул жагы Кошойдун кара тоосу. Ал токойдон топтошуп жолоочулар өтчү экен, болбосо жалгыз-жарым өткөндөрдү кызыл чаар жолборс жара тартып кетчү дешет. Эми бул XVII кылымдарда болсо керек. Анан аппак куландар жайылып жүргөндүктөн "куланак" аталып калганын айтышчу. Эки-үч жыл мурун "Көгүлтүр Ысык-Көлдө" эс алып калып, жанымда бир киши жатты. Бизге эле окшош, күлүп учурашып калат. Кыргызча сүйлөсөм түшүнбөйт. Көрсө монгол этнографы экен. Ал биздин жаратылышка суктанып, Монголияда төөнүн, топоздун бакмасы менен жапайысы да болорун айтып, анан ак куландар да бар деди. "Ак куландар башка жактан ооп келиптир" дегенде ошол биздин ак куландар болгондугун жана Приморскидеги кызыл чаар жолборстор да кыргыздыкы болчу деп кошумчалап койдум (күлүп). Куланактан өйдөкү Учкун айылы Күмөндөрдүн кичи мекени (Күмөндөр Абылов — ред.), андан нары Ак-Булак айылы. Атам ошол жерде мектеп директору болуп жүргөндө апам толготуп, ат менен 10 чакырым бери жакка түшүп, андан май тарткан машинага отуруп Куланакка жетип, төрөтканага өзү жөө барып көз жарган экен. Ошол кездеги апалардын ден соолугун карачы...
Айтылуу Чоро Кожомжаров атамдын классында окуп калган экен. Алардын уруусу кытай болчу, апам да ошол уруудан. Чоро Кожомжаров дайыма "Нияз жездемдин колунда окугам" деп айтып калчу. Биздин айыл райондук борбор болгондуктан ашкана, кино, маданият үйү бар болчу. Ал кезде индиялыктардын жана согуш жөнүндө эле кинолор болчу. Кайгырып, баарыбыз ыйлап чыкчубуз. Апийим да тердик, шилекейлеп улам сабагын түртүп терип жатып даамын да көрдүк. Кийин колхоздун ак коюна сакмалга бардык. Чакалай болдук, биттедик, какач басты, ушунун баары баштан өттү.
© из семейного архива Келдибека НиязоваКелдибек Ниязов: ал кезде индиялыктардын жана согуш жөнүндө эле кинолор болчу. Кайгырып, баарыбыз ыйлап чыкчубуз
Келдибек Ниязов: ал кезде индиялыктардын жана согуш жөнүндө эле кинолор болчу. Кайгырып, баарыбыз ыйлап чыкчубуз
© из семейного архива Келдибека Ниязова
— Кызыктуу окуялар да көп болсо керек?
— Биздин үй тоо тарапта өрдөштүн ичинде, андан ары чоң тоо бар. Тоонун түбүндөгү жолдун боюнда мүрзө. Анан эле "баланча түн ичинде келе жатса ак улак алдынан чыгыптыр, түкүнчөгө ак тайлак көрүнүптүр" деп баары бата кылып калышат. Апам "өлүгүңдү көрөйүн, эрте кел" деп дайыма урушчу. Ал кезде колхозго жардам берип, кечкисин үйгө ат менен жем-чөп алып келебиз. Бир жолу ошентип Болот деген иним "кетели" десем коркпойм деп болбой койгон. Анан элге "Душка байкем коркок (мени айылдаштарым "Душка" дешет — К. Ниязов), эрте эле качып кетет" деп айта баштаганын угуп, сени шашпа деп картондон ак улак жасадым да, ал келерде мүрзө жакта жашынып жаттым. Жанындагы бала экөө каткырып индия ырын ышкырыкка салып келе жатат. Мындайраак өтө бергенде "Боло-от" деп туруп ак улакты жылтылдатып көтөрүп койдум. Баягылар артын карабай өң-алеттен кетип сызып жок болду. Анан ак улакты тытып жоготуп, үйгө келип жатып алдым. Эртеси эле эртең менен апам күбүрөнүп, байкуш тиги иним кусуп жатып калыптыр. Бир чети "өлүп калабы" деп да корктум. Чоң атам чоң молдо эле, кечке дем салып, иним болсо ак улактын ак тайлакка айланып кеткенин апыртып айтып, укмуш эле болгонбуз (күлүп). Кичинемде мушташка жок элем, бирок ушундайларга маш болчумун.
— Эмне себептен сизди айылдаштарыңыз "Душка" деп калган?
— Биздин айылга үч орус геолог келип чатыр тигип туруп калышты. Бирөө үйгө келип, атам (атабыз согушка даярдыкта үч ай жүрүп орусча чулдур-мулдур сүйлөп калган — К. Ниязов) менен сыртта сүйлөшүп жатты. Көрсө үч күндө бир сүт берип тургула деп сураптыр. Кыргызда акты саткан эмес да. Үйдөгүлөр макул болушуп, үч литр банка менен үч күндө бир геологдорго сүт алып барып берчүмүн. Барсам, мага таттууларды, анан кызыл кичинекей балыгы бар, таттуу, бирок кыйгыл нерсе берчи. Көрсө ал килька экен. Ошолорду жеш үчүн инимен талашып мен барчумун. Анан алар Келдибекке тили келбей "Келдиш, Диш, Дишка, анан Душка" деп атай баштаган. Ошону менен айылда "Душка" болуп калгам. Азыр кенедей балдардан бери "Душка ата" дешет.
— Кийин ошентип армияга кеттиңизби?
— Ооба, ошол кезде патриоттук сезим күчтүү болгон экен. Өзүбүз барып "биз качан кетебиз" деп суранып жатпайбызбы. Германияга барып, болгондо да танк отрядына туш болуп калдык. Боюм куркуюп танкага алгач киргенде жерди сүзгүлөп чекем томуюп, башым айрылган. Анан көнгөндө жыландай сойлоп кирип, суурулуп чыкканды өздөштүрүп алдык.
Ага чейин айылда зоопаркты деле көргөн эмеспиз да, китептен окуганыбыз эле болбосо. Зоопаркка алып барышты, кире беришинде эле бутуна чынжыр тагылган үч пил турат. Аны көрүп чочуп кетип эле көрсөтүп алып "пил, пил" деп кыйкыра бериптирмин. Командир "что ты говоришь?" десе деле кыйкырып жатам, анан бир убакта "слон, слон" дедим. Ошондон кийин мени армияда командир баштап "пил" деп чакырып калышкан (күлүп). Кудай жалгап, биринчи пил туруп калыптыр, маймылды көрсөм, армиядан келгиче "маймыл" атыкмак экенмин.
Андан келип, таштап кеткен окуумду уланттым.
© из семейного архива Келдибека НиязоваКелдибек Ниязов: өнөр адамы болушума Муратбек Рыскуловдун салымы бар. Биринчи ырга тапшыргам, бирок менде музыкалык угуу (слух) нөл экен. Анан ал киши кебетемди көрүп эле багыттама бериптир да...
Келдибек Ниязов: өнөр адамы болушума Муратбек Рыскуловдун салымы бар. Биринчи ырга тапшыргам, бирок менде музыкалык угуу (слух) нөл экен. Анан ал киши кебетемди көрүп эле багыттама бериптир да...
© из семейного архива Келдибека Ниязова
— Сиздин талантыңызга, өнөр адамы болушуңузга кимдин таасири болду?
— Муратбек Рыскуловдун салымы бар. Биринчи ырга тапшыргам, бирок менде музыкалык угуу (слух) нөл экен. Анан ал киши кебетемди көрүп эле багыттама бериптир да...
Армиядан келе жатканда баарыбыз милиция болобуз деп келгенбиз. Көчөдөн менден мурда келип окуп калган мурунку курсташтарга жолугуп, алардын сүрөөнү менен филармонияга бардык. Көрсө алар филармониянын ошол кездеги директору Смар Шимеевге "куудул бала бар, армиядан келет" деп укмуш мактап жүрүшүптүр да. Ошентип дароо эле таштап кеткен окуумду улантып калдым. Ал жагынан да өкүнүч болот, себеби мени менен армияда кызмат өтөгөндөрдүн алды генерал-лейтенант, полковник болгон. Аларга жолукканда да "ай, силерден тыңыраак мен эбак эле генерал болмокмун же соттолуп жоголмокмун" деп айтып калам.
Ошентип маданият ишмерлерине арналган борбордогу жалгыз жатакананын бир чоң бөлмөсүн фанера менен бөлүп, бир жагында кыздар, экинчисинде биз жашадык. Жокчулук кез, нан түшүрүмүш болуп арзан бөлкө алып эптеп курсак тойгузмай. Ал жатаканада бала-чакалуу маданият өкүлдөрү да бар эле. Белгилүү маданият министри да ошол жакта жашаган. Стипендия тийгенде бир бачок өңдөнгөн мискей сатып алганбыз. Акча тийгенде базардан 7 тыйындык койдун баштарын алып келип толтуруп салып кайнатып жейбиз. Кээде куру сууну кайнатып ашканадан башкалардын тамактарынан акырын ар кошконду уурдап салып, эптеп даамын чыгарып ичип алчубуз.
Бирок ошентсе да темир керебеттен башка эчтекеси жок бөлмөбүзгө элдин баары келчү. Ошол кезде популярдуулуктун туу чокусуна жеткен "Эсте энелер", "Сапарлашыма" аттуу ырларын аткарган Мукан Рыскулбеков да келчү. Ал Анарбек Ибраевге ырларын үйрөтөт. Өзү бойлуу киши. Бөлмөдөн чыгып бара жатканда артына бир бурулуп, анан "ай, ата, жетим козудай жалдырап калдыңар. Жүргүлө үйгө, Орункүлдүн (жубайы — ред.) былтыгынан жегиле" деп ээрчитип барат. Өзү Карпинкада батирде турчу. Үйүнө кирип бара жатканда сүрсүгөн эт, казы-карталар илинип турат. Аны көрүп шилекей агат. Анан тигилер ырга даярдангыча Орункүл эже кесме жасап жиберет, аны ичип алып, аңылдап ырдап кайра келчүбүз. Эже өзү казак кызы болчу, казактарда жайы-кышы ушинтип сүрсүгөн эт кармашат экен.
© Фото / из личного архива семьи АйталиевыхКелдибек Ниязов: темир керебеттен башка эчтекеси жок бөлмөбүзгө элдин баары келчү. Ошол кезде популярдуулуктун туу чокусуна жеткен "Эсте энелер", "Сапарлашыма" аттуу ырларын аткарган Мукан Рыскулбеков да келчү
Келдибек Ниязов: темир керебеттен башка эчтекеси жок бөлмөбүзгө элдин баары келчү. Ошол кезде популярдуулуктун туу чокусуна жеткен "Эсте энелер", "Сапарлашыма" аттуу ырларын аткарган Мукан Рыскулбеков да келчү
© Фото / из личного архива семьи Айталиевых
— Куудул болушуңузду үйдөгүлөр кандай кабыл алышты? Ырчы-чоорчулукту ал убакта кесип катары саначу эмес да?
— Биздин айылга мурда Казакстандан бери келип концерт коюшчу. Арасында купшуңдаган бир алып баруучусу болор эле. Аны көрсөңөр азыркылар ачууңар келмек. "Мен баланчаев баланча, үстүмдөгү көйнөгүм филармонияныкы, шымым тигиники, байпагым менен калпагым өзүмдүкү. Оң көзүмдү жумганда оң жак кол чабат, сол көзүмдү жумганда сол жак кол чабат" дегенде баары татырактап эле каткыра берчү. Мага ошол абдан жагат да, эртеси мектепке келип алып көзүмдү акшыңдатып ошону туурайм.
1968-жылы телефон да жок. "Нарынга Чоро Кожомжаров келиптир" деп айылма айыл угулуп, дуу-дуу болууда. Анан биздин айылга да келди. Кудай сактасын, тимеле барабан ойноп, ырдагандары көзүбүзгө укмуш эле көрүндү. Ошондон кийин балдардын баары азыркы сотка менен ооругандай эстрада менен ооруду. Анан эле гезитке "Филармониянын алдында эки жылдык эстрадалык студия ачылды. Балдарды кабыл алабыз" деген кабар чыкты. Студияны деле эч кимибиз түшүнбөйбүз. Эстраданы угуп алып эле "барабыз" деп дүрбөдүк. Үйдөгүлөр мени "экономист кылабыз, андан келип башкарма болот" деп келечегимди түзүп коюшуптур. Артист болом деп чыксам, аябай каршы болушту. Баары бир кулайт, анан тигил жакка өткөрөбүз деп акыры жайыма коюшту эле анан Муратбек Рыскуловдун арты менен өтүп кетип жатпаймынбы.
Кийин атам менен кайненем да мени артисттиктен чыгаруу боюнча план түзүшөт. Алар аракетин баштаганда "Мыскыл жана тамашада", концерттердин баарында алып баруучу болуп атактуу болуп кетип, алдары жетпей калды. Эр тайын тартат деп коюшат го. Өзүбүздүн тукумда ырчы болбоптур. Атам да жоош киши эле.
© из семейного архива Келдибека НиязоваКелдибек Ниязов: атам менен кайненем мени артисттиктен чыгаруу боюнча план түзүшөт. Алар аракетин баштаганда "Мыскыл жана тамашада", концерттердин баарында алып баруучу болуп атактуу болуп кетип, алдары жетпей калды
Келдибек Ниязов: атам менен кайненем мени артисттиктен чыгаруу боюнча план түзүшөт. Алар аракетин баштаганда "Мыскыл жана тамашада", концерттердин баарында алып баруучу болуп атактуу болуп кетип, алдары жетпей калды
© из семейного архива Келдибека Ниязова
— Апаңызчы?
— Айылдагылардын айтымында, апам абдан шайыр, отуруштарда аялдарды күлдүрүп сүйлөчү экен. Анан да тай жагымда ушундай өнөр бар окшойт. Медиктер да балдар эне тарабын тарта турганын айтып жатышпайбы. Апамдын кесиби географ, мугалим болмок экен. Күлүйпа Кондучалованын 90 жылдыгында алгач эмгек жолу Куланак айылында мугалимдиктен баштаганы айтылып жатпайбы. Апамды ал киши 8-классында окутуп, бийлетип, ырдатып баарын уюштуруптур. Анан Нарынга педтехникумга кеткенде апамды кошо ала кетет. Таятам байкуш аларга тамак ташычу экен. Кийин "мени тааныр бекен айтчы, далай согумдун этин ташыдым эле" деп таятам айтса, "ооба, айттым, тааныйт экен" деп алдап койчумун. "Шайымбүбүнүн баласымын" деп бир жолу да Кондучаловага кирген жокмун. Апам байкуш абдан уз эле. Анан "бир кичине шырдак жасайын, Күлүйпа эжеге мени алып барчы. Бир тууган эжемдей эле" деп жүрдү. Аны да калп айтып келтирген жокмун. Өзүмдө да кошоматчылык жок окшойт. Бир чети эмне кереги бар? Эртеси эле "Келдибек Ниязов апасына шырдак көтөртүп, Кондучаловада жүрөт" деген сөз чыкмак.
Менден кийинки карындашымды таятам ырымдап, "Күлүйпадай атактуу кыз болсун" деп атын берген. Убагында Кондучалова апамды алып келип, женпедге окутат. Анан жатаканада кыздар чечинип жатса, Эркиндик бульварындагы бактарга чыгып алып балдар карашчу экен. Ошондон качып кетип калып жатпайбы. Кийин өкүнүп жүрдү. Өмүрү өткүчө балдарын карап, колхоздун жумушун кылды. Союзга укмуш берилип иштеп, партбилетин кастарлап, төш чөнтөгүнө сактачу. Кийин каза болгондо да ошол жактан чыкты.
© Sputnik / Максат ЭлебесовКелдибек Ниязов: апийим да тердик, шилекейлеп улам сабагын түртүп терип жатып даамын да көрдүк. Кийин колхоздун ак коюна сакмалга бардык. Чакалай болдук, биттедик, какач басты, ушунун баары баштан өттү
Келдибек Ниязов: апийим да тердик, шилекейлеп улам сабагын түртүп терип жатып даамын да көрдүк. Кийин колхоздун ак коюна сакмалга бардык. Чакалай болдук, биттедик, какач басты, ушунун баары баштан өттү
© Sputnik / Максат Элебесов
— Балдарыңыздын ичинде сизди тартканы барбы?
— Жок. Байбичем өзү математиканы кыйын окуптур, кесиби экономист. Кызым, уулум да апасын тартып экономист. Күйөө балам органда иштеп пенсияга чыкты, келиним юрист. Неберем Марта медик "Айчүрөк" түрк лицейинде окуган, азыр Казакстанда резиденцияда иштейт. Беш тилде сүйлөйт, анан казактар "ой-бай, сен Кыргызстанда кайда окугансың?" деп таң каларын айтып күлүп калат. Бир неберем сүрөтчү. Менде сүрөтчүлүк өнөр болгон. Азыр жети неберем бар.
— Мааракеге даярдыктар кандай болууда?
— Бейне тартылып бүттү. Аны телевидениеде иштеген Айниса Кулматова эже жасады. Андан кийин "Маданият" каналы бенефис жасап, аны августка калтыралы дейт. Он жылдан бери даярдап келген "Алтымыш" деген китебим бар эле, эми ошону "Алтымыш же Жетимиш" деп атап чыгарсамбы деп жатам. Азыр Кайрат Иманалиевдин демилгеси менен көргөн-билгендин баарын "Алтын фондуга" жаздырып жатабыз. Эми ар бир 15 күндө радиодон кетип турат экен. Аскар да (Салымбеков — ред.): "Байке, мага кайрылбаган сиз эле экенсиз" деген. Эми ал китебимди чыгарып бермей болуп жатат. "Кийин мени эстеткен радиодогу "алтын фонд" жана китебим калар, 70 жылдыкта салат, шарапты эстемек белеңер" деп тамашалап жатам.