00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:58
2 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
Почему барберинг — это не парикмахерская, а целая культура
16:07
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кайсы өлкөдө пенсиялык система мыкты? Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү пенсиялык системалар
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
От студента до министра: кого выпускает экономический факультет КРСУ
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн геопарк куруу зарыл. Гляцеологдор менен маек
19:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Меняющие мир
Маленькие пациенты — большой стресс: как работают детские хирурги
20:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Глобалдык климаттын өзгөрүүсү тоодогу тынч көлдөрдү коркунучка айландырды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

16 жаштагы Самара Токтакунова менен 20 жаштагы Сардарбек Жумалиев. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
© Фото/ архив Национальной телерадиокорпорации
СССРдин эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакунова менен КРдин эл артисти, белгилүү дирижер Сардарбек Жумалиевдин сүрөтү 1961-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
Ал жылы жаш таланттар борбор калаадагы Мураталы Күрөңкөев атындагы музыкалык училищеде билим алышчу. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова ал кезди мындайча эскерет:
"7-классты аяктаган соң энем мени борбор калаага алып келди. Училищенин сынагынан өтүп окууга кабыл алынгам. Асанбек Асакеев агайдан сабак алып окуп, 1-курсумда филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине ишке алынып, 2-курста Москвага комузчулар менен барып концерт коюп, аралашып кеттим. Ошентип 60 жылдан бери чыгармачылыкта жүрөм. Мен тагдырыма ыразымын, биз Кыргызстанда барбаган жер, булуң-бурч калган жок. Концерт коюп кыркынга, алыскы кыштоолордогу чабандарга, тамеки жыйнаган талаага чейин жетчүбүз. Колхозчулар жыйнаган тамекинин үстүнө отуруп алып чүчкүрүп комуз черттик. Дүйнө кезип 50дөн ашык мамлекетте концерт берип, Американын Нью-Йорк шаарында эле 30 концерт өткөрдүм. Эмгек жолубузда ак кызмат кылдык, так иштеп бердик, эл алдында жүзүбүз жарык", — деди ал.
Ал эми III жана II даражадагы Манас орденинин кавалери, композитор Сардарбек Жумалиев буларды кошумчалады.
"Бул сүрөт студент кезде тартылган, "Ленинчил жаш" гезитинен кабарчылар келип тартып, макала чыгарган. Мен анда 3-курста, Самара 1-курста окуп, комузда ойночубуз. Кийин филармонияда чогуу иштеп калдык. Ал кезде СССРдин, КРдин эл артисти болобуз дегенди деле ойлочу эмеспиз. Окууну жакшы окуп бүтүп алалы деп жүрчүбүз. Анан турмуш өзү көрсөтүп коет экен да, мына Самара Советтер Союзунун эл артисти, мен Кыргызстандын эл артисти болуп азыркыга чейин эмгектенип жүрөбүз. Ошол мүмкүнчүлүктөрдүн болуп турганы эле чоң бакыт да", — деди Жумалиев.
Сүрөт тартылган жылы Токтакунова 16, Жумалиев 20 жашта эле.
Тема бонча:
Турсунбаева, Океев, Рыскулов... Баткенде 51 жыл мурун тартылган таберик сүрөт
Киночуларга ат мингенди үйрөткөн Чокморов. "Жетинчи октогу" таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0