Жапаров: аскерлердин маянасын дагы жогорулатуу маселеси каралууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара учурунда
Президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы азыркы кырдаал улуттук коопсуздукту камсыздоо саясатын дагы да өркүндөтүүнү талап кылып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстан кыйын мезгилдерди башынан кечирсе дагы, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө каршы кандай гана аракеттер болбосун бөгөт коюуга жөндөмдүү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чарада билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Кыргызстан кыйын мезгилдерди башынан кечирсе дагы, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө каршы кандай гана аракеттер болбосун бөгөт коюуга жөндөмдүү

Кыргызстан кыйын мезгилдерди башынан кечирсе дагы, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө каршы кандай гана аракеттер болбосун бөгөт коюуга жөндөмдүү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кыргызстан кыйын мезгилдерди башынан кечирсе дагы, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө каршы кандай гана аракеттер болбосун бөгөт коюуга жөндөмдүү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чарада билдирди

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чарада билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чарада билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жапаров куттуктоосунда 1999-2000-жылдагы "Баткен окуялары" кыргыз армиясы үчүн биринчи согуштук тажрыйба, мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоо жолундагы чоң сыноосу болгонун белгиледи.

Жапаров куттуктоосунда 1999-2000-жылдагы "Баткен окуялары" кыргыз армиясы үчүн биринчи согуштук тажрыйба, мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоо жолундагы чоң сыноосу болгонун белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Жапаров куттуктоосунда 1999-2000-жылдагы "Баткен окуялары" кыргыз армиясы үчүн биринчи согуштук тажрыйба, мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоо жолундагы чоң сыноосу болгонун белгиледи.

1/3

Кыргызстан кыйын мезгилдерди башынан кечирсе дагы, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө каршы кандай гана аракеттер болбосун бөгөт коюуга жөндөмдүү

2/3

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чарада билдирди

3/3

Жапаров куттуктоосунда 1999-2000-жылдагы "Баткен окуялары" кыргыз армиясы үчүн биринчи согуштук тажрыйба, мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоо жолундагы чоң сыноосу болгонун белгиледи.

Жапаров куттуктоосунда 1999-2000-жылдагы "Баткен окуялары" кыргыз армиясы үчүн биринчи согуштук тажрыйба, мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоо жолундагы чоң сыноосу болгонун белгиледи.
Ошондой эле бүгүнкү күндөгү жоокерлер фашизмдин жайылышын токтоткон Улуу Жеңиш ээлеринин татыктуу мураскерлери болуп саналарын айтты.
Мамлекет башчы дүйнөнүн ар кайсы региондорунда болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар божомолго сыйбаган масштаб жана кесепеттер менен мүнөздөлүп жатканына токтолду.
"Маалыматтык жана үгүт иштери менен катар, куралдуу күрөштү жүргүзүүнүн аскердик эмес башка ыкмалары да басымдуулук кылып жатканы байкалууда. Ошондуктан азыркы шарт улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылууда! Кыргызстандын аскердик саясаты өзүн-өзү коргоо принцибинде болорун баса белгилеп кетейин", — деди Жапаров.
Буга байланыштуу президент 2021-жылдан тартып жаңы курал-жарактарды жана аскердик техникаларды сатып ала баштаганын билдирди.
"Өткөн жылы аскер кызматкерлеринин кызматтык маяналары жогорулатылды. Акчалай төлөмдөрдү, анын ичинде Куралдуу күчтөрдүн жарандык кызмат адамдарынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча жаңы сунуштар каралууда. Жакынкы күндөрдө Коопсуздук кеңешинде КР Аскердик жаңы доктринасынын долбоору каралат, Куралдуу күчтөрдүн ишин ар тараптуу камсыздоо, айрыкча, анын аскердик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынат", — деди мамлекет башчы.
Жапаров дүйнө жүзүндөгү учурдагы коркунучтардын фонунда Кыргызстан макулдашуу жана адилеттүүлүк, өз ара пайдалуу кызматташтык, эл аралык жана региондук көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүү принциптерине таянып жашоого умтуларын баса белгиледи. Мындан ары дагы ушул принципиалдуу позицияларды бекем карманабыз деп ишендирди.
Кыргыз Республикасые УКМКнын чек ара кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Кыргызстан ишенимдүү коргоодо! Садыр Жапаров чек арачыларды куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0