https://sputnik.kg/20220528/chek-arachylar-prezident-kuttuktoo-1064768604.html
Кыргызстан ишенимдүү коргоодо! Садыр Жапаров чек арачыларды куттуктады
Кыргызстан ишенимдүү коргоодо! Садыр Жапаров чек арачыларды куттуктады
Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей коргоо маанилүү тапшырма экенин айтып, чек арада кызмат өтөгөндөргө эң жогорку талаптар коюлганын... 28.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-28T11:41+0600
2022-05-28T11:41+0600
2022-05-28T12:08+0600
кыргызстан
садыр жапаров
куттуктоо
чек арачы
кесиптик майрам
https://sputnik.kg/img/07e6/03/19/1063127623_0:0:2835:1595_1920x0_80_0_0_7dba007d7b3a13f41a1fa19135543533.jpg
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Кыргызстандын чек арачыларын кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.Өлкө башчы мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей коргоо маанилүү тапшырма экенин айтып, чек арада кызмат өтөгөндөргө эң жогорку талаптар коюлганын белгилеген.Мамлекет башчы чек ара мекемесинин оперативдик, техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү, чек ара жоокерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жаатында иштер мындан ары дагы улана турганын кошумчалаган."Биздин өлкө ишенимдүү коргоодо деп айта алабыз. Ошол эле учурда ак ниет коноктор үчүн Кыргызстандын эшиги дайыма ачык. Ушул салтанаттуу күндө аскердик милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан жоокерлерге, өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн Мекен кызматына арнаган ардагер чек арачыларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Өсүп келе жаткан жаштарга өрнөк болууну, улуу муундардан бери келе жаткан күжүрмөн достукту бекемдөөнү, коңшу мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилени сактоону татыктуу уланта бериңиздер", — деген ал.Садыр Жапаров бардык чек арачыларга ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалап өткөн.
https://sputnik.kg/20220223/batkendegi-chek-arada-ok-zhegen-zhookerge-bishkekten-batir-berildi-1062291845.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/19/1063127623_0:0:2308:1731_1920x0_80_0_0_f5782e63e304cff2d6acf2d9f8b9546d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, куттуктоо, чек арачы, кесиптик майрам
кыргызстан, садыр жапаров, куттуктоо, чек арачы, кесиптик майрам
Кыргызстан ишенимдүү коргоодо! Садыр Жапаров чек арачыларды куттуктады
11:41 28.05.2022 (Жаңыртылды: 12:08 28.05.2022) Өлкө башчы мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей коргоо маанилүү тапшырма экенин айтып, чек арада кызмат өтөгөндөргө эң жогорку талаптар коюлганын белгилеген.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Мамлекет башчы
Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Кыргызстандын чек арачыларын кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей коргоо маанилүү тапшырма экенин айтып, чек арада кызмат өтөгөндөргө эң жогорку талаптар коюлганын белгилеген.
"Дүйнөдөгү жана Борбор Азиядагы кырдаал эгемендүүлүккө кол салууга, баңги аткезчилигине, чек арадагы кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга ишенимдүү бөгөт коюу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп турат. "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" деп ата-баба салтын улаган чек арачыларыбыз 4700дөн ашык чакырымга созулган мекен чегин кандай гана климаттык шарт, кандай гана чыңалган жагдайларда болбосун көз ирмебей күзөтүп келишет. Бүгүнкү күндө мамлекет дагы, элибиз дагы чек ара коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда. Чек ара чөйрөсүндө олуттуу кайра түзүүлөр жүрүп, заманбап жабдуулар, жаңы техника, курал-жарак жана учкучсуз учактар алынууда", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Мамлекет башчы чек ара мекемесинин оперативдик, техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү, чек ара жоокерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жаатында иштер мындан ары дагы улана турганын кошумчалаган.
"Биздин өлкө ишенимдүү коргоодо деп айта алабыз. Ошол эле учурда ак ниет коноктор үчүн Кыргызстандын эшиги дайыма ачык. Ушул салтанаттуу күндө аскердик милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан жоокерлерге, өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн Мекен кызматына арнаган ардагер чек арачыларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Өсүп келе жаткан жаштарга өрнөк болууну, улуу муундардан бери келе жаткан күжүрмөн достукту бекемдөөнү, коңшу мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилени сактоону татыктуу уланта бериңиздер", — деген ал.
Садыр Жапаров бардык чек арачыларга ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалап өткөн.

23 Бирдин айы 2022, 15:28