Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Москваны жооп иретинде чара көрүүгө түртпөш керек. Германия депутаттары түйшөлүүдө

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүБундестагдын имараты. Архив
Бундестагдын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жазылуу
"АдГ" партиясынын депутаттары өкмөттү Украинадагы кырдаалдан улам мунай сатууга таасир эткен санкцияларынан баш тартууга чакырган.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Европанын Россия мунайына чектөө киргизүүсү Германияга олуттуу терс таасирин тийгизет. Эгер Москва газды Германияга экспорттоону токтотууну чечсе, анда Берлиндин экономикасы кыйрайт. Бул тууралуу Бундестагдагы "АдГ" партиясынын депутаттары Германиянын өкмөтүнө кайрылуусунда билдиришкенин РИА Новости жазды.
Анда депутаттар Россияга каршы санкцияларды кабыл алуу биринчи кезекте европалыктардын жашоосуна залакасын тийгизерин белгилешкен.
"Германиянын бизнеси жана эли үчүн мунун кесепети оор жана катаал болот", — деп жазган эл өкүлдөрү.
Депутаттар Россия мунайына чектөө киргизүү Москваны жооп иретинде чара көрүүгө түртө турганын айтып, Россия Европага жаратылыш газын токтотуп коюшу ыктымал деп кооптонушкан.
"Жыйынтыгында газ тартыш болуп, бул Германия экономикасынын кыйроосуна алып келет", — деген алар.
Мындан улам "АдГ" партиясынын депутаттары өкмөттү Украинадагы кырдаалдан улам мунай сатууга таасир эткен санкциялардан баш тартууга чакырган.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Кийинчерээк ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салып, анын кесепети кайра Европанын өзүнө тийди. Күйүүчү май кымбаттап, Европа андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Каатчылык, кымбатчылыктан жөнөкөй эл жапа чегип, нааразы болууда.
Москва-Сити борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
ЖМК: Россия АКШ санкцияларын кыйгап өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0