Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФ министри: Батыш санкциялары Россия менен Азияга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүүдө

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников
РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
Решетников Россия көп жылдан бери санкция шартында жашап келгенин белгилеген.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Батыштын Москвага каршы санкциялары Россиянын экспорттук жана импорттук рыногунда Азия мамлекеттери үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Бул тууралуу РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетниковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, мекеменин башчысы Таиландда өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумуна мүчө-мамлекеттердин соода министрлери менен жолугушууга катышып жатат.
"Мындай кырдаалда (санкция шартында) бир четинен бул - көйгөй, экинчи жагынан - чоң мүмкүнчүлүк. Өзгөчө Таиланддын экономикасы үчүн. Алар Россия рыногуна кирип, пайда болгон боштуктарды толтурса болот. Дагы бир жагынан жаңы соода рыногун издеп жаткан Россиянын ишканаларына да жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул отун-энергетикалык ресурс, мунай, газ, жер семирткич, азык-түлүк жана унаа куруу товарларына тиешелүү", — деген Решетников.
Ал РФ көп жылдан бери санкция шартында жашап келгенин белгиледи.
"2014-жылы эле биринчи пакет кабыл алынып, жыйынтыгында биз бул кысымды экономикабызды бекемдөөгө колдонгонбуз. Айыл чарба секторубуздун ишин жана автоунаа куруу жаатын жакшыртып алганбыз", — деген министр.
Решетников логистикадагы өзгөрүү Европа колдонуучуларына көбүрөөк таасир этерин белгилеп, ал жакта күйүүчү май дароо кымбаттап кетерин кошумчалаган. Ал эми Азия тараптагы колдонуучулар мындай учурда утушта болот.
Министр Азия рынокторуна багыт алууну тездетүү Россия үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеген. Анткени Москвага каршы киргизилген чектөө чаралары узакка созулат. Ал дүйнөдө өз алдынча, чоң экономикалык жаңы борборлор пайда болорун кошумчалаган.
Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Германия Россияга каршы санкциялардан майнап чыкпаганын моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0