Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сманов: 13 миң адам протездик-ортопедиялык буюм алууга каттоодо турат

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасынын башкы инженери Асылбек Сманов
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасынын башкы инженери Асылбек Сманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасынын башкы инженери Асылбек Сманов ишкананын максаты элди протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо болуп эсептелерин айтты.
Республикада 13 миң адам протездик-ортопедиялык буюмдарды алууга каттоого алынса, алардын 6 миңи балдар. Бул тууралуу Асылбек Сманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сманов: 13 миң адам протездик-ортопедиялык буюм алууга каттоодо турат
Анын айтымында, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасы майыптыгы бар жарандарга протездерди акысыз жасап берет.
"Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасынын негизги максаты элди протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо болуп эсептелет. Мындан тышкары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана таяныч-кыймыл аппараты бузулуп, жабыркаган жарандарды реабилитациянын техникалык каражаттары жана тиричилик шаймандары менен камсыздоого багытталат. Учурда өлкөдө 13 миң адам протездик-ортопедиялык буюмдарды алууга каттоого алынса, алардын 6 миңи балдар. Алардын көбү автокырсыктардан, өндүрүштөн жабыркагандар",— деди Сманов.
Ошондой эле адис жылдан-жылга протездик-ортопедиялык буюмдарга муктаж жарандардын саны көбөйүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0