Бишкекте "Дежавю" спектаклинин бет ачары болбой калды. Себеби

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры. Архивдик сүрөт
Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Спектаклдин премьерасы бүгүн Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында өтмөк.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте "Дежавю" спектаклинин бет ачары болбой калды. Бул тууралуу "Мечты сбываются" пьесасынын ("Дежавю" спектакли аталган пьесанын негизинде коюлган) автору Алексей Торк социалдык тармактарда билдирди.
Премьера 21-майда Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында өтмөк.
"Дежавю" спектаклинде Бишкектеги IT-компаниянын кеңсесинде болгон окуя көрсөтүлөт. Бир бөлмөгө компаниянын кызматкерлери, олигарх жетекчиси, анын көңүлдөшү жана жансакчысы "камалып" калат. Көчөдө революция башталып кеткендиктен, сыртка чыга албай калган, таптакыр бири-бирине мүнөздөрү окшобогон беш адам тууралуу баяндалат.
Торктун айтымында, бет ачарды токтотуу чечимин Маданият министрлиги кабыл алган. Чыгарма "антипрезиденттик" жана "улутка каршы" деп таанылганын жазган.
"Спектаклди көрсөтүүгө тыюу салынды. Мамлекеттик комиссия аны "антипрезиденттик" жана "улутка каршы" деп таанып, пьесаны башкачараак, мисалы, эмгек мигранттарына байланыштырып кайра жазууну сунуштады. Мен, албетте, мигранттарды сыйлайм, өзүм деле алардын бири болгом. Бирок мен пьесаны кайра жазып чыкпайм", — деди автор.
Кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жагдайды тактап, жаңы спектакль көрсөтүүдөн мурда эксперттер комиссиясы тарабынан бир катар процедуралардан өтүшү керектигин белгиледи.
"Театр искусствосу багытындагы укуктук нормаларга ылайык, жаңы коюлган спектакль элге тартуулануунун алдында бир канча процедурадан өтүш керек. Буга ылайык, спектакль 2022-жылдын 19-майында пьесанын автору Алексей Торктун катышуусунда министрликтин алдындагы Көркөм эксперттик комиссиянын (мындан ары – КЭК) көрүүсүнө коюлду. Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулманбетов баштаган комиссия, театр сынчылары, театр жетекчилиги, койгон режиссёр жана башка театр тармагындагы адистер катышты. КЭКтин жобосунда Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, спектаклде жаш муундарга, көрүүчүлөргө терс таасир тийгизе турган жана улуттун аброюна шек келтирген, согушту, улут аралык араздашууну, порнографияны, зордук-зомбулукту пропагандалаган чыгармалардын таркалуусуна жол берилбеши керектиги көрсөтүлгөн", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
КЭКтен спекталдин идеясынын бүтүндүгү, ролдордун сапаттуу аткарылышы аркылуу образдын толук ачылышы сыяктуу талаптар менен катар мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын бузулбашына анализ аркылуу баа берерин айткан.
"Буга байланыштуу комиссия спектаклди көрүп, форма жана мазмун боюнча айтылган сын-пикирлердин жана сунуштардын негизинде өндүрүштү карап чыгып, аягына чыгарууну сунуштады", — деп түшүндүрдү министрлик.
Ведомство спектакль кайрадан комиссиялык процедурадан өткөндөн кийин көрүүчүлөргө сунушталат деп ишендирди.
"Репертуарга бекитиле элек спектаклди киргизген театрдын жетекчилигинин жана билдирүүсү коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан кызматкердин аракеттери мыйзам чегинде каралат", — деди министрликтен.
Спектакль 2020-жылдан бери коюуга даярдалганы, бирок пандемия чектөөлөрүнөн улам премьераны кийинкиге жылдырууга туура келгени айтылат.
Театралдык сезондун ачылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Нарын драма театры Бишкекте. Спектаклдердин тизмеси жана убактысы
Жаңылыктар түрмөгү
0