Бүтүрүүчү ЖОЖго тапшырар алдында бир жыл тыным алыш керекпи? Адистин жообу

© Sputnik / Владимир Песня / Фотобанкка өтүүФонтандын жанында кыздар. Архив
Фонтандын жанында кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Негизги максат — дүйнө кыдыруу, чет тилдерди өздөштүрүү, өзүн издөө, өзүнө ылайык кесипти жаңылбай табууга мүмкүнчүлүк алуу.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жаштар арасында Gap year (бош жыл — ред.) түшүнүгү пайда болду. Мында балдар мектепти аяктап, окуу жайга тапшыруунун ортосунда бир жылдык тыным алышат.
Негизги максат — дүйнө кыдыруу, чет тилдерди өздөштүрүү, өзүн издөө, өзүнө ылайык кесипти жаңылбай табууга мүмкүнчүлүк алуу.
Бул нерсенин кандай күнгөй-тескейи бар экенин РИА Новости агенттигине берген маегинде Бүткүл россиялык "Вдохновители" кыймылынын жетекчиси, багыт берүү жана шыктандыруу боюнча адис Михаил Палей айтып берди.
Артыкчылыктары:
эгер бала аракетчил болсо, чет тилдерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт;
кайсы кесипти тандаарын билбей жаткандар үчүн изденүүгө кошумча убакыт болот;
айрым аракетчил балдар бир жылды жөн өткөрбөй, иштеп, өзүнө кичине болсо да каражат топтоп алышат.
Кемчиликтери:
17-18 жашында көпчүлүк балдар канча бош убакыт болсо дагы өзүн таба албайт. Буга жашоо тажрыйбасы жетишсиз;
айрым балдар үчүн бул убакыт бир нече жылга созулуп кетиши мүмкүн. Кээ бирлер ошол бойдон ЖОЖго тапшырбай калышы ыктымал;
бала бир жылын текке кетирип коюшу мүмкүн.
Мындан тышкары, адис мектептин ар бир бүтүрүүчүсүн колдон келишинче билим алып, кесип ээси болууга чакырат. Анын айтымында, кесиби жок адамдар деле оокат кылып кете алышат. Бирок кайсы бир багытта атайын билими бар кишинин жашоодо мүмкүнчүлүктөрү алда канча жогору болот.
Баткен облусундагы шахтерлор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Кыргызстанда кайсы адистерге суроо-талап күч. Рейтинг
Жаңылыктар түрмөгү
0