https://sputnik.kg/20220510/suluktu-shaarynda-kyz-uzatuuga-bargandarlyn-ichinen-32-kishi-uulandy-1064292312.html
Кыз узатуудан 32 киши ууланды. Сүлүктүдөгү окуя
Кыз узатуудан 32 киши ууланды. Сүлүктүдөгү окуя
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы кафелердин биринде кыз узатуудан кийин 32 адам ууланган. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу... 10.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-10T20:42+0600
2022-05-10T20:42+0600
2022-05-10T20:42+0600
кыргызстан
баткен облусу
сүлүктү
уулануу
оорукана
https://sputnik.kg/img/104196/46/1041964653_58:0:2250:1233_1920x0_80_0_0_4274ac54a8c17865add5d2e2468117b6.jpg.webp
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы кафелердин биринде кыз узатуудан кийин 32 адам ууланган. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.Окуя 8-майда болгон.Аталган департаменттин өкүлдөрү ишти териштире келгенде конокторго эт кошулган палоону кафе бышырып бергени, ал эми салаттарды салтанаттын ээлери үйүнөн жасап келгени маалым болгон.Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн адистер тиешелүү үлгүлөрдү алышканы айтылды.Аталган кафеге санитардык-гигиеналык эрежелерди бузгандыгы үчүн 15 000 сомдук айып салынган.
https://sputnik.kg/20220506/bishkek-11-adam-shaurmaga-uulandy-1064193604.html
баткен облусу
сүлүктү
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104196/46/1041964653_332:0:1976:1233_1920x0_80_0_0_692a4dc6b0694ce04fd3f2e86a4e8c81.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен облусу, сүлүктү, уулануу, оорукана
кыргызстан, баткен облусу, сүлүктү, уулануу, оорукана
Кыз узатуудан 32 киши ууланды. Сүлүктүдөгү окуя
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы кафелердин биринде кыз узатуудан кийин 32 адам ууланган. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
“Кыз узатууга 180 киши келген. 9-майдан бери тамактан ууланган белгилер менен медициналык жардамга 32 адам кайрылган. Алардын 11и Сүлүктү шаарындагы ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө турса, 21 киши амбулатордук негизде дарыланып жатат. Жабыркагандардын абалы орточо оор жана алар тишелүү дарыларды алып жатат”, — деп айтылган маалыматта.
Аталган департаменттин өкүлдөрү ишти териштире келгенде конокторго эт кошулган палоону кафе бышырып бергени, ал эми салаттарды салтанаттын ээлери үйүнөн жасап келгени маалым болгон.
Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн адистер тиешелүү үлгүлөрдү алышканы айтылды.
Аталган кафеге санитардык-гигиеналык эрежелерди бузгандыгы үчүн 15 000 сомдук айып салынган.