Манастын хан шайланышы. Улуу баяндан беш факт

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусундагы Манас ордосу. Архив
Талас облусундагы Манас ордосу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Жазылуу
Ай ааламда теңдеши жок "Манас" тууралуу баяныбызды баатырдын ар уруу элге хан шайланышы менен улантабыз. Буга чейин Манасты 11 элчинин издеп келишин, Манастын Нуукер менен согушун айтып бергенбиз.
Эл чогулган түлөөдө хан Жакыптын айтканы. Талаада жүрүп хан атагын алган, Эсенкандын ишенгендеринин бири Нуукерди талкалаган Манас кайта келди, "Мамырдын сары чөлүнө, Айдың-Көлдүн жээгине, бай Жакып конгон жерине". Элин эки күнү өргүтүп, үчүнчү күнгө өткөндө ак түлөөгө деп Камбар боздун үйрүнөн тогуз жылкы карматып, тогузун бирдей сойдуруп, жер очогун ойдуруп, Манас баатыр конок чакырды. Алтайлыктын баарын, ата уулунан түк калтырбай келгиле деди. Чакырылгандар чет-четине тигилген өргөөлөргө жайланды. "Башка уруктан маңгул бар, Баатыр Жайсаң даңгыл бар, Күлдүр, Калдар беги бар, Манжурия журтунан Бала Мажик деги бар, баштатан Дөгөн кары бар, алчын, үйшүн, найман бар, аргын Каракожо бар, абактардын ичинен Айдаркан баатыр кошо бар, кыргыздардан Саламат, кыпчактардан Чечен таз, Ногой уулу бай Жакып, нойгуттардан Акбалта, Тотудан барган Токтообий, лөкүштөрдүн Өмүрзак, өзүбектин Дамбылда, өткүр чечен Абдылда, өз тууганы Акымбек" – баары-баары эли менен келип жатат бала Манас түлөө берет экен деп. Аларды тосуп Бердике жүрөт безилдеп, бекзаадалар келсин деп, хан Жакып баштап карысы, акылмандар баарысы жыйылышып олтуруп, алдагы булоолонгон эт тартылат. Эт жеп бүтүп атканда Жакып баласы баш болуп Эсенканга кастык кылышканын, алтайлык калмактарды айдап жибергенин айтат, "Эсил менен Нураны, эсебин алып туралы, Барскан менен Сарканды, башкарган болуп туралы Бабыл менен Жарканды, аяк жагы Ая-Күз, арасында Сары-Арка, ары чети Орол тоо, эске алып деңиз – көлүнү, талашып Иле чөлүнү, кытай бербейт деп ойлойм Анжиан, Кашкар жерини" деп келип, баары бизге жоо болду, камданбасак болбойт, "тукум калбай кырылып тумшугубуз катпайлык, туйгун минтип жатпайлык, баарыласа, көптөсө, балакетке салбасын, баш көтөрөр айылда бала калбай калбасын, ургаачыңды күң кылып, таң атпаган түн кылып, эркегиңдин баарысын таманга басып жүн кылып, сатыкка салып кул кылып, сандыкка салып пул кылып, зардалдын баарын өлтүрүп зайыбыңды тул кылып, санабай малың айдатып, сай кашкаңды жайлатып, ата уулудан түк койбой айдап жүрүп кырбасын ар тарапка сайлатып" деп ачуу үнүн чыгарып зарланат. Баласы тиленип алган перзенти эмеспи, же аны кагып уруша албайт, же бир ага айтар сөзү жок, ичиндеги бугун элге айтат, кегин куугандардан жаа бою качат.
Кыргызский богатырь Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Манастын Нуукер менен согушу. Улуу баяндан 5 факты
Жакыптын сөзүн угуп көпчүлүктүн акылдашып турушу. Хан Жакып жөн айтпай, коркуп айтып, кабатырланып айтып, ошол эле кезде кайраттанып "каза жетип күн бүтсө кармашып өлүп калалык" дейт, бул ойрон болгон кытай оңдурбас дейт. Ал бул сөздөрүн ооздон чыгарганда, эл муюп угат, ойго чөмүлүп, тунжурап угат. Ошол кезде алардын көбүндө шерденүү турган, алар Манас баштаган жигиттердин Нескеранын колун талкалаганын, элчилерди тындым кылганын, Нууркердин тогуз жүз аскеринин жарымын тындым кылып, жарымын токмоктоп сууга салганын, бир азын жерине кууганын эстешет. Анан отургандардын баары бир чечимге келет: "Өкүм болбой өнүкпөйт", "башчысы болбой марыбайт, баш аламан жарыбайт, ханы болсо кар болбойт, жарактуу киши зар болбойт, жайыт болбой мал болбойт, бекери болбой бек болбойт". Бу кытай жөн жатпайт, бир күнү каптап кирет, тегеректин баары жоо. Ошону үчүн бир өкүмөткө биригип, хан көтөрүү керек! "Өлүп калсак кокустан бир чукурга тололук, бекер жатпай эндекей, тирүү болсок баарыбыз бир дөбөдө бололук" деп келип, пейли жакшы бирөөнү бек көтөрүүнүн, кайраты бар бирөөнү хан көтөрүүнүн зарылдыгын ортого таштайт. Хан көтөрүүгө алтайлыктар менен каңгайлыктар бар, манжуулуктун бар, тыргооттон бир миң түтүн бар, үч уруу казак бар, кырк уруу кыргыз бар. Булар алты шаар арасында, ары чети Барганада турат. Анан ушулардын ичинен хан болор ким бар да, хан боломун, элди коргоймун деп ким чыгат? Ал адам беттешкен жоого белдүү, урушта демдүү, өткүр чечен тилдүү, өкмөт жөнүн билчү бирөө болушу керек да...
Хан таппай каржалып турганда. Мен хан боломун, кандай да болсо чыдаймын деп ортого бир адам чыкпайт, же ушул болот деп бир адамдын атын айтпайт тунжураган көпчүлүк. Ошондо акыры баягы аң уулоого чыккан сексен төрт жигиттен Саламаттын Айнакулу арабызда аксакал жок болсо да, катарыбызда карыбыз жок болсо да, "Чеге минген ак бышты ай талаада сойгонбуз, Манас деген баланы хан көтөрүп койгонбуз" деп ийбеспи. Муну угуп Өзүбек уулу Абдылда Өткүр чечен кеп айтат: "Хан кылганың чын болсо, Бай Жакыптын баласы Манас экөөң тың болсоң дөөлөткө көлдөй толуңуз, кылымды билген хан болсо кырк убазири болот го, кыркына башчы болуңуз" деп какшыктаппы, чындаппы айтып жиберет. Ал айтканы калайыкка жакпайт. Камбаркан болсо уулу Көкчөнү бир тайды аяп сен хандыкка жетпей калыпсың, казактан чыгып сен хан болсоң болбойт беле деп жемелейт. Ошол кезде жыйынга Манас басып келет арстандай айбат-сүр менен, коркураган бийик үн менен. "Астымда болгон ага жок, ажал келсе даба жок, артымда иним жаш жатыр" деп келип, казак, кыргыз бир тууган экенин, хан болуучу жан болсо бирөө чыксын бел бууган, талаада бир ат сойдум деп, хан көтөрүп койдуң деп өз напсиме тартпайын, тоодой токонаалатты өз мойнума артпайын" дегенде көпчүлүк ага ыраазы болот.
Атчандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Манасты 11 элчинин издеп келиши. Улуу баяндан 6 факт
Жакыптын хандыктан баш тартышы. Анда малы десе малы бар, кадыры десе кадыры бар, аксакалдуу жашы бар Жакыпты хан көтөрөлү дешет. Ал аңгыча агала сакал Жакыпты Акбалта менен Бердике жетелешип алышып, алдына ак кийиз тартат. Көпчүлүк макул тапты Жакыптын хан болушуна. Ошол кезде Жакып "Көргөнсүңөр калайык көп ыйладым бала үчүн, акылга түшкөн ал үчүн, азар түмөн дүнүйөм, асили көзгө көрүнбөй наалып жүрдүм бала үчүн, карыганда хан кылып калабага салбаңар, каралдым турса кашымда карып калган жашымда убалыма калбаңар" деп келип, мага ушул ишти кыйсаңар, менин ордума баламды хан кылсаңар деп бай Жакып буркурады, ыйлады, бурчактап жашын тыйбады. Жарданып турган казак, кыргыз, калмак, маңгул жабылып, ак кийиздин үстүнө Бай Жакыпты отургузуп, жанына Манасты да чыгарып алды. Көпчүлүк ак кийизде экөөнү так көтөрүп баратканда жети кадам жерге жеткенде Жакып "болду, балдар, болдулап" жерге түштү. Ак кийизде Манас калды жалгыз гана алп кара куш сыяктуу.
Манастын хан болушу. Ак кийизди көтөргөн жигиттер жыйынды жети айланды. Жаш ханды отургандар жети жолу көрдү. Көпчүлүк мүдөөбүзгө жеттик деп сүйүнүп турду. Хандыктын салты ушул деп Манастын башына хандар үчүн деп атайын кооздолуп тигилген жыгалуу бөрк кийгизди. Бай Жакып батадан бүткөн баласынын, тилеп-сурап алган уулунун хан болгонуна жетине албай тандатып туруп токсон бээсин сойдурду, тогуз күнү той кылды. Жакып өзүндө жүргөн Ногой аталарынан калган кызыл тууну оболотуп аштады, тойду өзү баштап, өзү башкарды. Мурдагы пейилин таштап, баласына боор тартып турду Жакып оңолуп. Ошол Алтай жеринде турган өздөрүнө караштуу караламан калкты санаса токсон алты миң экен. Токсон алты миңдин төбөсү да, бели да, деми да Манас болуп калды. Камоодо турган бул журт хандуу болдуу, далдоодо турган бул журт даңазалуу болду. Башсыз журт башчылуу болду. Кабылан Манас баланы хан көтөргөн жаамы журт тогуз күнү той жеп ушул туура болду деп, көңүлдөрү тынчып, жаш баланы алкап журт-журтуна, үй-үйлөрүнө тарады...
Манастын Стамбулдагы эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Бай менен Жакыптын жолугушу. Улуу "Манастан" 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0