Бай менен Жакыптын жолугушу. Улуу "Манастан" 6 факт

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Манастын" Стамбулдагы эстелиги. Архивдик сүрөт
Манастын Стамбулдагы эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Жазылуу
"Манас" эпосу боюнча баяныбызда бул сапар Бай менен Жакыптын жолуккандыгын айтып бермекчибиз.
Манас дүйнөсүнө сүңгүп, буга чейин Манастын Эсенкандын тыңчылары менен кармашканы, бала баатырдын алтайлык калмактарды кууп чыгышы, дагы бир топ учурларын окурмандарга айтып бергенбиз.
Ороздунун он уулу. Манас баяны ушул жерге келгенде артка чегинип, баатыр баланын ата-тегин бир башынан баяндоого көчөт. Орозду деген кишинин он уулу болуптур. "Ону бирдей караса оңбогондой жан экен, аксакалы – Чагатай, экинчиси – Чегетай, үчүнчүсү – Көбөтай, төртүнчүсү – Бөбөтай, алтынчысы – Бабатай, жетинчиси – Сабатай, сегизинчиси – Кабатай, тогузунчусу – Тобатай, онунчусу – Ордобай. Опол тоонун ар жагы, Орчун Даң-Дуң бер жагы, Ыраңдыны жайлаган, атасы Ороз баш болуп, алтымыш бээ байлаган". Мына ушундай төгөрөгү төп келген тукумдун балдары алты-алтыдан болушуп, ачууланып согушуп, беш-бештен болуп алышып, бетин жарып салышып, берекени кетиришет. Ороз хандын бүт байлыгын чачып, ырысын жоготуп, бул балдары атасын каң кылат, айласын таба албай алтын башын маң кылат. Ошол он уулдуу Ороздунун Бай деген кичүү иниси болуптур.
Байдын баяны. Байдын эки гана баласы бар экен. Улуусу – Бакай, кичүүсүнүн аты – Тайлак. Ороздунун он уулу буларга күн көрсөтпөй, дурустап мал жыйнатпай айласын кетирет. Ошолордан жадаган Бай тойдум ушуларга дегендей, Кашкар менен Жаркендин ортосундагы калаага көчүп келет. Бир топ жыл турат. Бай жашы өтөт. Ошондо жашы он сегизге келген чоң уулу Бакайга "Жеркен какыр жер экен, Кашкарыңа карасак, суусу булак, жери таш, баары душман, эли кас, мал багуучу жери аз" деп, бул жерден башка жакка көчүү сунушун айтат. Ошол кезде Байдын жайытта малы көп, аттары жалдуу, төөлөрү семиз кези экен. Ага карабай туулган жеринен аргасыз кетип, ичи чок болуп жүрүптүр. Бакайга ошону үчүн дартын айтыптыр. Айбалтамды белге илип, атымды минип, алда деп Алтай жакка жер чалып келейин, ал жактагы Ороздунун он уулунун талап алчу күчү бүткөндүр, кеги тарагандыр, Алтайдын аркы четинде Шыйкуу деген жер бар эле, бизге ошол жер ылайыктуу, ошол жакка бир барып байкап келейин деп жолго чыкмак болот. Кичүү иним Жакыпты көрөйүн, бала көрбөй зарлап жүрөбү, тирүүбү же өлүүбү, тирүү болсо жанында болуп келейин, өлүү болсо өкүрүп жоктоо айтайын деп Бакайга айтат. Баласы Бакай не демек, "барыңыз, ата" деп айтат. Мындан 13 жыл мурда Чыйырдын катыны Шакан эркек тууп, атасы Жакып той берип, ошого барып келген балдардан, чалдардан укканын кошумчалайт. Жакып тууган болгон соң андан кабар алыңыз дейт.
Байдын арык казышы. 69 жашка келген Бай "Күдүрлөгөн бор менен, күпүлдөгөн шор менен, жетиген кыям жол менен" жүрүп отуруп, үчүнчү күндө мелтиреген бир чөлгө жетет. Ал жерде алты миң адам арык казып атыптыр. Арыкты каздырып жаткан Нескара деген дөө экен, арыкчыларды иштетип жаткан Басаңкул деген сарт экен. Ары өткөн-бери өткөндү баса калып, атын союп, өзүн арык ишине салчу экен булар. Аны билбей бара калган Байдын атын союп, колуна кетмен берип, арык каздырышты. Чарчаганына, чаалыкканына карабай топурак ташып, жер казып, бул Бай чал болгондо анык азапка калды. Жыгылып тура албай калганда арык четине алып барып көмүп салышты.
Манас эпосунан сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Чоң жиндинин жиндилиги. Манастын бала кези тууралуу 7 факт
Нескара жана анын Чабдар аты. Арык ээси Нескара дебедикпи, анын жанында ажына менен жин, алты шайтан кошо жүрөт. "Караса көзгө илинбес, кармаса колго билинбес" элүү балбан дөөсү бар. Чабдар деген аты бар, адамча сүйлөп Нескарага акыл айтып турат. Ошол Чабдар ат айтат: "Алтай тоосун жердеген түмөндөгөн жылкы бар", ошол жылкынын ээси Жакып деген чал дейт. Жылкыларды бери айда, артыңдан куугун түшөт дейт. Артыңан келген куугунга тиктеп көзүң сал деди. "Жакыпты коюп, баласын, жалгыз туума Манасын куткарбай кармап ал деди, куткарып ийсең курудуң, жалганы жок мунумун, качырып ийсең кайгырдың, кара жандан айрылдың" дейт. Анан жаныбар жылкы өзүнүн ээси Нескарага Манастын балтыр эти толо электигин, балбан чагы боло электигин, умтулуп уруш сала электигин, уруштун ыгын ала электигин, чаң көзүнө толо электигин, чабышка камбыл боло электигин, уюган чаңга кире электигин, уруштун ыгын биле электигин айтат. Эгер Манасты ушундайда урушуп жүрүп жутпасаң, сенин эки көзүңдү оёр, өзүңдү акыры ойрон кылар дейт. Ушул кеңешти макул көрүп Нескара арык казган алты миң мандикерин кошо алып Жакыптын айлын көздөй жоого аттанды. Нескара менен чабдар аттын сүйлөшүп жатканын топуракка көмүлүп жаткан Бай чала-була угуп калат.
Жакыптын Нескаранын колун көрүшү. Жакып Кулан жайлоо, Жашыл-Көлгө жылкыларынан кабар алып келгени жөнөйт. "Малым менен балам кабарсыз калды" деп Туучунак атына болбоё отуруп алты күнү жол жүрөт Жакып бай. Ошол кезде ал алты миң ашык колдун карасын көрөт. Бул эмне шумдук деп, кимден сурашын билбей узата карап турса, кол артында бир караан элес-булас шылкыйып барат. Бул да мээнеттүү мендей чал экен, ошол кары менен бир сүйлөшүп булардын ким экенин билейин дейт. Көрсө, баягы көмүлгөн чал Нескара менен Чабдар аттын сүйлөшкөнүн угуп, кайраттанып, жоо аттангандан аш бышымга жетпей көмгөн жеринен эптеп суурулуп чыгыптыр. Караса, арык казгандардан элүү-кыркы менен алты качыр, төрт эшек гана калыптыр. Алардын азы бала, көбү чал экен. Байды көрүп, ууру кылган немеби дешип, кармамак болгондо эптеп качыр минип качып, эл чыккан жерге чейин деп көп колдун артынан түшөт.
Бай менен Жакыптын жолугушуусу. Ошол жалгыз караанга карай Жакып жакындайт. Бири-бирин тааныбайт. "Сен кимсиң" деп, Бай Жакыптан сурайт. Ошондо Жакып "Башкы атам Байгур болгон дейт, башына дөөлөт конгон дейт, экинчи атам Бабыр хан, эгемдин ишин ойлосом, эсим ооп болом таң, үчүнчү атам Түбөйдү, түмөндөп эли көбөйдү, төртүнчү атам Көгөйдү, Көгөйдөн тууган Ногой деп, Ногойдун уулу мен элем" дейт. Андан ары он жети жашында ата-энеден айрылып, айдоого кеткенин, "Котондун куйган оюнда, Сашаң көлдүн боюнда, Бөйөндүн уулу Чаянды, мусапыр болуп бу башым Чаянга келип таянды" деп армандуу баянын "бейтаанышка" төгө баштайт. Атым Жакып дегенде Бай бакырды, өткөн экен дүнүйө, өмүрдүн баары кар экен деди, "Он жетиде сен элең, эне-атаңа эркелеп, эчтеме билбес неме элең, жыйырмада жылас мен элем, жыргалда жүргөн неме элем, куйругу болсом, жал элең, куруп калсын дүнүйө ай, ойноп жүргөн бала элең, көзүм болсо көргөнүм, көргөндө жалгыз эрмегим, өйдө болсом өбөгүм, алдейлеген бөбөгүм" деп атынан ыргып түшүп кучакташат. Алтымыш жылдай айрылуудан кийин жолукканга көзүнүн жашын көл кылышат. Бай Жакыптан баласын сурайт, Жакып балалуу болгонун, быйыл анысы оң үчкө толгонун айтат. Жердеген жерин мактайт. Бай болсо кенже иниси Жакыпты жоктоп, күндө үч убак ыйлаганын, бир баласынын аты Бакай экенин, экинчи баласынын аты Тайлак экенин айтат. Жакып ошолорду аман көрөр бекенмин деп зарлайт. Бай Жакыптан "жанагы жалгызыңдың аты ким" деп сурайт. Жакып анда мындай дейт: "Жалгыз келген бир балам, жардам берсин бир алдам, аты Манас деп айтат". Ал сөзүн уккан Бай: "Айткан оозго толуптур, аты жакшы болуптур, ата-баба арбагы, колдой көргүн арбак деп" бата берип жиберет...
Манас эпосунан иллюстрация - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2022
Манастын тек-жайын билиши жана душмандар менен алгачкы кармашы. 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0