Манасты 11 элчинин издеп келиши. Улуу баяндан 6 факт

Атчандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Жазылуу
Манас баяны өз ырааты менен уланмакчы. Буга чейин Манас менен Нескаранын согушу тууралуу айтылган.
Кытай жери, эли тууралуу. Нескара качып кутулган соң ага каршы согушка чыккан алтайлыктар, каңгайлыктар, маңгулдар, алчын, үйшүн, аргын Каракожо, Айдаркан баатыр, ногойлордон бай Жакып, нойгуттардан Акбалта — баары жыйылып эми тарайлы, жер-жерибизге барып оокатыбызды кылалы деп кеңешет. Нескара кеткен менен жөн калбайт дешет. Артындагы кытай журту — кылым журт. Козголбой койбойт. Өч алат. Алардын "Оркун дарыя жери бар, анын ары жагында уюган калмак эли бар, Көкө-Ноор көлү бар, Губий-Шаму чөлү бар, Теңир-Ноор көлү бар, Текши-Арш деген чөлү бар, карагайлуу талаа бар, Каңгуш аттуу калаа бар, атагы Бээжин жер деген, адам уулу жеңбеген, ант урган кытай эл деген" деп ойлонуп калат. Алардын жери Улуу Мухитке чейин жетет. Ушундайда аларга салыштырмалуу алтайлык түрктөр менен башкалар баары биригип бир ууч эле эл болот. Ошону үчүн алар калың кытай козголор алдында Манасты туу кылып, Манастап туруу керек.
Манасты он бир жигиттин издеп келиши. Бала баатыр Үч-Арал деген жерге ит агытып, куш салып келүүгө кетет. Бугу менен маралы үйүрүн жазбай жөңкүгөн жер экен Үч-Аралы. Манас Эсилдин башы Боз-Дөбөдө аңчылыктын кызуусуна өтөт. Жети жигит менен кеткенине он бир күн болот. Ошондо атасы Жакып "балам кандай жоголду, бу балага не болду, он бир күн жоголуп, куу балага не болду", "туш-туштун баары кас эле" деп Туучунак атын минип баласын издеп чыгат. Айылдан узап чыгары менен он бир бала келип бай Жакыпты ортого алып, анын уулу Манасты билесиңби дешет, чочуп кеткен Жакып өз атын жашырып Бердике дейт. Жигиттер Бердикеге кыр көрсөтүп Жакыпты тапкын дешет омуроолоп. Жигиттер өз жөнүн айтат: бири Кумулдан, бири Камбылдан, бири Мар шаарынан, бири Тарлан аттуу жеринен, Талкоо кытай элинен, Ындыстандын бери жагы Коңгу деген жеринен, дагы бири Дарыя-Котон суусу бар, Таңшуу деген көлү бар, Далбаа деген эли бар жерден экен, биринин жери Жеркен дейт. Булар Манастын кабарын угуп, издеп чыкканына алты жыл болуптур. Ошолордун кабарын угуп Жакып караган малым бар, силер өзүңөр тапкыла, мени коё бергиле дейт да, аларды башка жолго салып коёт. Бул мезгилде Жакыптын Бакдөөлөт деген аялы төрөп, ага Абыке деп ат коюп, ал эки жарым айга толгон кези экен. Какандын ханы асылып туруп алды, Түркстан жакка жылсамбы деп ойлонот Жакып бай. Же ушул Манас деп бир баланы кармап берип кутулсабы? Иши кылып Бай Жакыпты санаа басат, ой ээрчийт...
Манастын аңчылыгы. Кулжа деген жердин аталышы. Үч-Аралда талаага он бир түнү конуп, жолдоштору алты бөрү, он түлкү, эки бугу, үч кулжа атып алыптыр. Манас башка жакка кетиптир. Аны издешет. Ал болсо Аккула атын минип, аккелтесин асынып, аккан улуу суунун боюндагы Курбу-Кум деген жерге барса кулжалар жайнап туруптур, ошол жерден жети жүз он төрт кулжаны атып алат. Алты жигитти чаптырып, алтайлыктарды чакырып, эки миң адам барып, кулжа этин жүктөп келет. Анан ошол суунун аягын Кулжа деп аташат.
Теодор Герцендин Манас эпосуна тартылган сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Манас менен Нескаранын согушу. Улуу баяндан 6 факт
Хандан келген элчилер. Баягы он бир жигит Манаска жолугат. Алар издегенин таап олжолуу болуп турганда Манас аларды айылга чакырат. Жакыпка он бир жигиттин Манасты кармап алганы угулат да, жүрөгү оозуна тыгылат. Манас атасы Жакыпты да алдырат. Жакыпка кошо Бай, Акбалта, Бердике барат. Манасты кармап алган он бир келгин Жакып кирип барары менен Манастан "атаң кайсыл" деп сурайт, ал Жакыпты көрсөткөндө "эмне үчүн калп айтасың, неге бизди тескери жолго салдың", сенин айыңдан жети күн жоголдук, "азыр сенин коёлук, башыңа тери кийгизип" деп каарданат. Жакыпты байламак болгондо ортого Манас түшөт, аны да кошо байламак болот. Ошондо ачуусу келген Манастын "жаалы чыкты сөзүнөн, жалыны чыкты көзүнөн, бирөөн кармап оң колдон, бирөөн алды сол колдон, бирөөн алды далыдан, бирөөн алды жакадан, төртөөн кармап турганы, көйнөктөй желпип төртөөнү көтөрүп жерге урганы". Анан Манас эки колго экөөнү кошоктой кармап, алтоону астына басты. "Мынча колум тийген соң соо койбоюн баарыңды" деп каарданат. Бирок аларды ханыңарга айтып баргыла, "чаң кылгандай кол келсин, асман-жердин арасын" деп аттарынын көкүлдөрүн көзүнө ченеп кыркышып, мыскылдап жөнөтөт. Алар азып-тозуп өз-өз жерине алды алтымыш күндө, арты алты айда араң жетип барат.
Жакыптын жай турмушу. Хандан келген элчилерди кууп ийгенден кийин Манас он бешке чыгат. Анын дөөлөт кушу башына конот. Алтайлыктар Жакып бай баш болуп Мамырдын кара сазына отурукташат. Аргындын Каракожосу, алчындардын Бообеги, манжулуктун Дөгөнү, наймандардын Көгөнү, кыргыздардан Саламат, кыпчактардын Ошпуру, Кыдырбайдын Таз чечени, Өзүбектен Акунбеги, өткүр чечен Базылбек – баары Айдың-Көлдү деген жерди жакалап, Бай Жакыпты бакалап, өзөндү бойлой конушат. Булардын бейпил жерине Манастан коркуп тышкы душман кире албай, ички душман козголо албай калат. Ар кимиси "өз алдынча болушуп, жандоого жанып конушуп, жай-жайынча болушуп, өлкөдөн ую өкүрүп, өтөктө төөсү бакырып, ар кайсысы ата уулу өз ураанын чакырып" жыргал күндө жашайт. Атканы мылтык түз болот, мыйзам учуп күз болот, баш жагы Коңко тоосуна чыгат, Ушагар улуу суусун бойлойт...
Манастын ууга чыгышы. Алтай тоонун киндигине, Чаркастандын оюна сексен төрт киши салбурундап ууга чыкты. Бир жагы Уркун суусу, аягы Баркөл көлү дейт, шымалы Аңгир бели. Ууга чыгарда Манас атасынан Камбар боздун үйүрүнөн үч бышты карматып бер дейт. Атасы үчтү эмес, бешти карматып берет, "ушул малдын баары сеники, каралдым" дейт. Манас үчөөн үч жолдошко мингизип, экөөн жетелеп, жолдошторунун артынан келет энтелеп. Барганда ит агытып, куш салат, бөрү, түлкү көп алат. Анан ушул сексен төрттүн бирин төрө деп алалы, ошол төрө атын союп берсе, жеп жыргайлы дешет. Ким март болсо, сойгула дешет. Манжудан барган Шакунду, Ошпурдун уулу Назарбекти, Саламат уулу Айнакулду, Айдаркан уулу эр Көкчөнү, Күлдүрдүн уулу Чалыны, тыргооттордун Деркенбайына айтат. Көбүн айтат. Көбү өзүн ылайык көрбөйт. Баары эле эң кенжеси Манасты карашат. Кезек Манаска келгенде "талгак болсоң баарыңар бир жылкынын этине, ат минбесем коёюн, алып келип жыгыңар Аккуланы соёюн" деп жиберет. Ошондо муну угуп турган Чегебай ордунан тура калып "Аккула арык, эти жок, аны жеген кишинин адам эмес, бети жок" деп өзүнүн Боз бышты деген атын бере коёт. Ошол жерде салбурундап чыккан сексен төрт киши жылкы союп, этин жеп, Манасты хан көтөрөт.
Манастын Стамбулдагы эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Бай менен Жакыптын жолугушу. Улуу "Манастан" 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0