Манастын Нуукер менен согушу. Улуу баяндан 5 факты

© Иллюстрация из книги "Манас"Кыргызский богатырь Манас
Кыргызский богатырь Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Жазылуу
Бул ирет окурмандарга Манас кантип хан көтөрүлгөнүн, Эсенкандын Манасты издетиши сыяктуу эпизоддор тууралуу баяндап бермекчибиз.
Манасты хан көтөрүү, хандын биринчи сапары. Хан көтөрүүнүн өзүнчө салты болгон. Ошол салтка ылайык салбурундап чыккан жигиттер байрак байлап, туу кылып, Чегенин айткан сөзү менен хан катары Манастын талапкерлигине токтолушат. Манас макул болбой, хан болуудан качат, хан болуунун азабы менен тозогуна чыдай албайм деп ойлойт. Коюңар десе болбостон Манасты алып келишип, ак тердикке салат, ханыбыз деп дүркүрөп нөкөрлөрү бизбиз деп боз балдар каткырып күлүп жыргашат. Хан көтөрүүнүн ырымы кылып, ак быштыны союшуп, аппак майга тоюшуп, жалпы турган жигиттер хандуу болуп калат. Ошондо Манас качкан менен болбодуңар, камалап кармап алдыңар, эми баарыңарга эп болсо эртеңки күндөн "Алтай тоодо Аңырты ашып аны алабыз, ар жагы Уркун дайра бар, Марал-Кечүү барабыз, батыра чалгын чалабыз", "Каракчы болсо кармаймын, ууру болсо тутамын" деп нөкөрлөрүнө сунушун айтат. Бул жаш хандын алгачкы буйругу каны кызуу жаштардын демине дем, күчүнө күч кошту. Буудан Манас баланын айтканын эки кылмак беле? Абыр-шабыр ат токушту, ат токуса, бат токушту, кош колоңун артышып, кош арканды тартышып, Алтайдын башы Аңыртыны ашып, Уркундан берки талаага жетишти. Бул жер эми бир ажайып жер экен: бир жыгачта миң уя, жандуунун баары бар жаңгел-токой чер тура. Алар шо жерде "аса байлап аттарын, көрпөчөсүн алышып, көк шибердин үстүнө көлпүгүн жая салышып, көйкөлүп жатып калышып", анан не кыларын биле албай, ээн жерде эркелик кылып эриккенде элик атышып, буулукканда бугу атышып жыргап жүрөт.
Эсенкандын Нуукер аркылуу Манасты издетиши. Биринчиси кырк беш төөгө мал жүктөп, кызыл алтын зар жүктөп, торгун, тубар пул менен, алты шибен кул менен, он уйгурлук сарт менен, калмактын онун кошчу алып, Манасты издеп келип, Алтайга сиңген бойдон алар жок болду. Андан бери алты жарым жыл өттү. Ошондо Эсенкан Алтайдын тоосун аралатып Оролдун тоосун оодарып, Анжианда Алооке, Кашкардын беги Канкууга, Жеркен, Котонго кабар айттырат, андан ары Самарканга киши жиберет, кырк беш төөсү пул менен, адамдары менен жоголгонун айтат. Эми дагы издегиле деп, ким каяша кылса башын үзө чапкыла деп бул жолу Кент шаарынын башчысы Нуукер дегенди жиберет. Анысы тогуз жүз аскер кол менен, Марал-Кечүү жол менен алтайлыктардын алдынан чыгат. Эки тарап Уркун суунун эки жагында туруп калат. Аскерлерине адегенде чалгындап жүзүң баргыла, жүр деп алып келгиле, жүрбөйбүз десе, жүндөй тытып сабагыла деп буйрук берет Нуукер дөө. Ошол жүз адам келип караса башынан мөңгү сай-сай болуп бузулуп, жандоосунан караса Жайсаңдын суусу кошулуп, капкара болуп, кан жыттанып жошулуп Уркун дайра күкүктөнүп кирип жаткан маалы экен. Жакын келген адамдын таман бою дүркүрөп, пенде баласынын үшүн алып атыптыр. Нуукер буйрук кылган жүз баатыры сууга жакын келгенде кирген суудан тайсалдап туруп калат. Адам аяк салбас, кечемин деген адам киши болуп кайра чыкпас суунун жайын чабарман башчысы Нуукерге айтып барат. Анын кебин угуп-укпай кабар айткан кишиге баатыр Нуукер октолду. Бирин койбой жүзүн тең суудан кечүүгө буйруду. Буйруктан коркуп ар кайсысы ар жерде өрдөктөй болуп көрүнүп улуу сууга кирди. Аманы суудан чыкты, кийимдерин сыкты. Жыйырмасы сууга агып жоголду, жаткан жайы суу болду, аларды эч ким жоктободу өкүрүп. Сексени чыкты сербеңдеп, сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүп. Анан алар тал-теректи аралап, Манастар жакка салыптыр. Манас хан суу боюна күзөткө адам койгон экен, суудан кечкендердин жайын ханына айтып келет. Айтары менен Манас кылыч, мылтык камдагын, азат боюң чыңдагын, эгер душман көрүнсө кыңкайлаба бириңер, кысылышка кириңер деп жоокерлерине эскертүү берет. Нуукердин чалгынчылары ал арада Манастын жигиттерине "Алтайлыкпы элиң деп, азыр кайдан келдиң деп, багып жүргөн малың жок, тигип жүргөн багың жок, соода кылган пулуң жок, же сонундан алган буюм жок, кылыч, мылтык, бар жарак боюңарда көрүнөт", "кандай жүргөн жансыңар, сапарга келген жан өңдүү" деп суракка алып кирет. Анда Манас "Өйдө-төмөн сөзүңөр, өкүм менен жүргөндөй ким болосуң өзүңөр?" деп суроого суроо менен жооп берет. Келгендер аскер башчы Нуукери алыстан көрүп айдап кел деп жибергенин, анын астына барышса, бири да аман калбашын айтып коркутуп кирет. Ачууланган жаш Манас, жаңы эле болгон хан Манас тигилердин башчысынын башын Айкожо берген ач албарс кылыч менен кыя чаап салат. Калган сексен төртү бирдейинен Манасты көздөй жабылды. Арстан Манас ошондо "Кытайдан келген кыйынсып, сексен жети кишинин куп бүтүрдү ишини, ооздон какты тишини", "аты-тонун, жарагын олжо кылды" калтырбай.
Теодор Герцендин Манас эпосуна тартылган сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Манас менен Нескаранын согушу. Улуу баяндан 6 факт
Нуукердин колу менен бетме-бет келиши. Дайра кечип жүз кишим кетти эле, жүзү бирдей жоголду, түк да бирөө кайрылбай калабы деп Нуукер дөөнү ой басты. Түнү менен караса, токой жактан түтүн чыгат, жылдыздай болгон от чыгат, анда-санда аттар көзгө чалдыгат. Ал жактагы адамдын азы-көбү билинбейт, аңдаса көзгө илинбейт. Ошол кезде капаланып Нуукер дөө "казбай көргө кире албай" санаадар болот. Ал аңгыча саргарып чыгып таң атты. Урушка какты барабан, керней тартты бапылдап, сурнай үнү такылдап, туу көтөрдү калкылдап, асабасы жалпылдап, айгай салып сегиз жүз кытай сууга кирди салпылдап. Алар төрт сал жасап ийген экен, ар бир салга эки жүздөн отуруп, сууга удаа-удаа кириптир. Суунун сырын билбей ушаланып ортодо жүз ашык киши агыптыр, адамы өлүп аты калып, аты өлүп адамы калып алты жүз токсону эптеп жээкке чыгыптыр. Чыгып эле токойдогу белгисиз адамдарга ат коюптур. Чаң-Чаң деген бирөөсү Манастан "Кайсы калктан уругуң, кай жер болот туругуң" деп такып сурап кирет. Ошондо Манас ачууланып, "Түп атам уксаң Түбөй хан, түк калбастан кырылган, сүрүшөм деген канча жан, башкы атам уксаң Бабыркан, башын жуткан өзүнүн басташам деген канча жан, көп жерди алган Көгөй хан, көбү жерге көмүлгөн, көсөмсүгөн канча жан, чоң атам аты Ногойдур, өзүмдүн атам Жакып бай, айтканымды уккун жайма-жай, атым менин Манас деп, алда талаа сактаса, ар балаадан калас деп, алуучу кегиң бар болсо намысыңы талаш деп, аябагын жаныңды, кетирермин саныңды, суу ордуна төгөрмүн суурусам кылыч каныңды" деп келгендердин үрөйүн учуруп, ата-теги ким экенин кытайларга сыймык менен айтып таштайт. Ошол кезде эки жаат урушка камынат.
Сексен төрт кишинин жети жүз кишиге каршы турушу. Ошондо урушка кирчүлөр: Манас жактан сексен төрт киши, кытай жактан жети жүздөй киши. Кытайдын Кымкар деген балбаны кыйкырып чыгып, кылычын сууруп алат. Муну көрүп туруп Айдаркан уулу эр Көкчө "Кылмак элең Манас деп, кызыталак сенин зарпыңдан кырылар бекен алач деп, Бээжиндин шаары беш айлык, бет алып бери кол чыкса беттеше албайт алтайлык, кийик атып тим кетпей, киши өлтүрүп тамтайдык, эрегишип койбодуң, Эсенканды арзан ойлодуң, катылышып койбодуң, каканды арзан ойлодуң" деп наалып, жат эмес, бөлө экенин айтып, жайсыз жерден өлөбүз дейт. Ошондо Манас ачууланып: "Акылың жок эр Көкчө, жазуудан артык жан өлбөйт, так үстүндө хан өлбөйт" деп, душманды арбын деп коркпогун, алты жүз кытайлыкка алдырбайбыз, ар бирибиз кырк-отуздан киши алабыз дейт камаарабай. Ошентет да жекеге өзүм чыгам деп камданып калат. Ханды жекеге чыгарбас салты бар кыргыздын. Айнакул туруп, Манастын жекеге чыгышы туура эмес дегенде ачууланып, күүлөнүп, хандан кагуу жеген Айдаркан уулу эр Көкчө атына камчы салат. Түз эле кытайдын Кымкар баатырына бетме-бет келип, найза сайып, аны көк качырынан оодара саят. Анан Болжоң деген бир баатыры чыгат жекеге. Ал Аламойнок аты бар, адамдан башка заты бар неме экен, күркүрөп, адамдын баарын дүркүрөп коркутуп, алеңгир жаа, сыр жебе, коломсокто огу бар, милтесинде чогу бар неме экен. Болжоң өкүрүп-бакырып, Кымкарды жайлаган сенсиңби деп, Көкчөгө кыйкырып келе жатканда оңдонуп турган Манас шер бул неме эр Көкчөгө жетер деп, найза сайбай ок менен мерт таптырып кетер деп кооптонуп турган экен, аны Аккелте менен бир атып, ойрон кылып салат. Болжоң баатырдын аттан кулап далп эткенин, жер кучактап жалп эткенин Нуукер көрүп турган экен.
Атчандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Манасты 11 элчинин издеп келиши. Улуу баяндан 6 факт
Нуукер баатыр менен Манас баатырдын кармашы. Ошол кезде ал кытай кол башчысы атына камчы салат, чыдай албай айкырып, чымырканып бакырып, алдынан чыкканды жеп ийчүдөй чамынып келет. Ошол кезде Нуукер дөөнүн алдынан арстан Манас Аккула атын алкынтып өзү тосуп чыгат. Буга мен чыгат элем, сен кайдан чыга калдың деп эр Көкчө Манаска бир тийгенде ал "Уктум эле мурунтан кылымдан ашкан мыкты деп, аны көрүп алдым деп, ачыды сага жаным деп, аны үчүн келип калдым деп" Манас бөлөсү эр Көкчөгө жан ачый сүйлөйт. Экөөбү сүйлөшө калганда Нуукер дөө жете келип, мылтык атып, жаа тартпай, найза, кылыч көтөрбөй, Айдаркан уулу Көкчөнү айкырган бойдон атынан жулуп алып барып, ташка урууга камынып калганда эр Манас Аккулага камчы салып, шамалдай шарт жетип барып, ат үстүнөн Нуукерди ай далыдан алып, Нуукери Көкчөнү кармап, Манас экөөнү бирдей кошоктоп алып, аттын коюп жалына, кайра чаап сексейип турган сексен жигитине барат. Ошол жерден Нуукер дөөнүн башы кетет. Башчысына болушкан кытайдын жети жүз колу жабыла аламанга кирип, сексен төрткө бет алат. Бет алган жагы өрт болот, кыргыздар "Манастап" ураан чакырып, колго кол аралашып кетет. "Айбалта башка шака-шак, найза төшкө така-так, башка кылыч жарка-жарк, карсылдашты кошулуп, кара кан баштан жошулуп, тон тозулуп электей, тебетейдин астында томуктай болгон курган баш жошологон челектей" болуп уруш урушка уланат. Кыргыздын сексен кишиси сегиз миң кишидей айгай салды, "селпилдеген кытайдын селден каны мол болду, орто жери оюлуп өлүгүнөн жол болду". Бир жагын эр Көкчө оюп барат, бир жагында Айнакул жүрөт айкырып, бир жагында манжудан келген Манжыбек жүрөт. Бир жагынан Чалыбай кирди чаң салып. Чыдабай кетип кытайлардын бир бөлүгү чырылдап Уркундун суусуна кире качты. Дарыядан кече албай кыргынга туш болду. Дарыяга кире албаганы Будаң тоо көздөй качты, жээк менен бирлери Жерген тоо жакка салды. Тогуз жүз аскер колунун эки жүзү араң-араң кутулуп, Эсенкан жакка кетти. Кыргыздар олжого тоюп, душмандын күлүгүн тандап минди.
Манастын Стамбулдагы эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Бай менен Жакыптын жолугушу. Улуу "Манастан" 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0