Бишкекте "Георгий тасмасы" өнөктүгү башталды. Лентаны кайдан алууга болот

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүГеоргий тасмасын таратып жаткан волонтер. Архив
Георгий тасмасын таратып жаткан волонтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2022
Жазылуу
Акция Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Лентаны 6-майга чейин алып кетүү керек.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Жеңиш күнүнө карата Бишкектеги "Русский дом" уюму "Георгий тасмасы" өнөктүгү башталганын билдирди.
"Жеңиштин символун чагылдырган тасманы Бишкектеги Эркиндик бульвары, 2/1 (1-кабат) дарегинен алып кете аласыз", — деп айтылат маалыматта.
Тасмаларды 6-майда саат 17:30га чейин алып кетүүгө болот. Сурап-билүү телефону: +996 (312) 300 512.
Бишкек Жеңиш күнүнө кандай даярданууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2022
Бишкек Жеңиш күнүнө кандай даярданууда? Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0