Майдын алгачкы аптасына карата аба ырайы

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКыз жоогазындарды карап жатат. Архив
Кыз жоогазындарды карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, апта негизинен жаанчыл болот.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометМай айында абанын орточо температурасы
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в мае 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Май айында абанын орточо температурасы
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометМай айында жаан-чачын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в мае 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Май айында жаан-чачын орточо көлөмү
Ага ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-майда күндүз жана 4-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

1-2-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-6-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 7-майда күн ачык болот.

Талас облусу

1-май күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 2-майда күндүз башталган жаан 4-майга чейин маал-маалы жаап турары күтүлүүдө. 5-майда жана 6-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. 7-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жаргылча тартып жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Бул сөздөрдүн маанисин билесизби? Кыргызча тест

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда 1-2-майда күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 1-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө. 3-6-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 7-майда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусу

1-майда түнкүсүн тоолуу райондордо кар түшөт. 1-майда күндүз жана 2-майдан 6-майга чейин көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. 7-майда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

1-3-май күндөрү жаан-чачынсыз болот. 4-6-майда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-майда күндүз күн ачык болот.
Бишкекте гүлдөгөн жоогазындар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Кыргызстандыктар тогуз күн катары менен эс алат
Жаңылыктар түрмөгү
0