Кыргызстандыктар тогуз күн катары менен эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте гүлдөгөн жоогазындар
Бишкекте гүлдөгөн жоогазындар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Жазылуу
Бул күндөрү мектеп, бала бакчалар да иштебей турганы айтылды.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар 1-9-май күндөрү эс аларын эсиңиздерге салабыз. Мындай чечимди министрлер кабинети кабыл алган.
Белгилей кетсек, бул аптанын ишембиси, 30-апрель, 4-майдын ордуна иш күн деп жарыяланды.
Андан кийин 1-майдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык ишкана, мекеме, компаниялардын кызматкерлери 1-майдан 9-майга чейин эс алышат. Бул күндөргө Эмгек күнү, Орозо айт, Конституция күнү жана Жеңиш майрамы туш келет.
Мектептер менен бала бакчалар да 10-майдан тарта иштей баштайт.
Беш күндүк окуу жумасы менен иштеген билим берүү жайларынын 4-майга пландалган окуусу 30-апрелге, 6-майдыкы 14-майга жылдырылат. Бул ишемби күндөргө туура келет.
Көчөдө бараткан окуучу кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Майдагы эс алуу күндөрүнө карата мектеп окуучуларынын графиги кандай өзгөрдү?
Жаңылыктар түрмөгү
0