Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Болгон күчтү жумшайбыз". АКШ менен НАТОнун Украинадагы жаңы стратегиясы

© AFP / PETRAS MALUKASАКШ менен НАТОнун желектери. Архив
АКШ менен НАТОнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Жазылуу
Кошмо Штаттар Украинадагы россиялык атайын операцияны кокус Үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанып кете турган болсо деген ой менен өз стратегиясын жана союздаштарынын коалициясын түптөө үчүн пайдаланууда.
Пентагон союздаштарын темир жана төгүлгөн кан менен ынандырып, киевдик режимди курал менен жабдуунун эл аралык логистикасын иштеп чыгууда деп баамдайт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анын кезектеги материалында Түндүк атлантикалык альянстын соңку кадамдарынан кеп козголот.
АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн Германиядагы Рамштайн авиабазасында 26-апрелде НАТО жана өнөктөштөрдүн өзгөчө саммити өттү. Ага 43 өлкөнүн коргоо министрлери катышты. Пентагондун башчысы Ллойд Остин Кошмо Штаттар Украинага зарыл жардамды берүү үчүн "болгон күчүн жумшай турганын" билдирип, жыйындын катышуучуларына Россия менен күрөштө Украинага көмөктөшүү үчүн биригүүнү сунуштады.
Аскердик базада жолугушуу форматы РФ менен согуштун абалын символикалуу түрдө белгилегендей. Андан мурунку күнү эле Польшада: "Биз Россиянын алсырашын каалайбыз", — деп ачык эле айткан.
Пентагон Украинадагы согуштан соң "чабал" Россияны көрүүнү үмүттөнүп туру. Ошону менен бирге эле Пентагондун башчысы келечекте Украина НАТОго мүчө болорун да кыйытты. Жамааттык Батыш дүйнөнүн чордону Америка болбой калганын моюндагысы жок.
"Рамштайн" стратегиясы – бул Збигнев Бжезинскийдин: "XXI кылымда Америка Россияга каршы, Россиянын эсебинен жана Россиянын урандыларында өнүгөт" деген эски концепциясы. Дал ушул себептен Украина садага чабылып, ал эми Польша Батыш Украинанын "кошулушу" боюнча алдыдагы акцияны АКШ президенттик администрациясы менен талкуулоодо. Бул туурасында РФ Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин айтты.
Польша Батыш Украинадагы болжолдуу атайын операциясына НАТОнун мандатын албайт. Бирок АКШ менен алдын ала макулдашылып, "каалаган өлкөлөрдүн" катышуусунда жүрүшү мүмкүн. Польшанын "Тынчтык орнотуучу контингентин" Россия Куралдуу күчтөрү менен түздөн-түз кагылышуу коркунучу азыраак аймактарда жайгаштыруу пландалууда.
Ошол эле учурда польшалык атайын кызматтар украиналык элитанын "эпке келе турган" өкүлдөрүнөн азыркы улутчулдарга тең ата боло алчу, Варшавага ыктай тургандарын издөөдө. Менимче, "эксперименталдык" постсоветтик Украина бир нече бөлүктөргө бытыранды болот окшоп турат. Бул америкалыктар тарабынан каржыланган түстүү революциялардын (майдандардын) мыйзам ченемдүү натыйжасы.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Блинкен: Киев аскердик аракеттерди РФ аймагына өткөрүү же өткөрбөөнү өзү чечет

Баягы эле кеп

CNN телеканалынын АКШ Улуттук коопсуздук кеңешиндеги булактарынын айтымында, Вашингтон мурун атайын операцияны РФти "стратегиялык алсыратуу" үчүн пайдаланууну пландаса, эми коргоо өнөр жайын начарлатууга далбас урууда. Украинаны курал-жарак менен камсыздоосу "кийинки он жылдыкка россиялык армия менен флоттун күчүн мокотууга салган инвестициясы" экенин боолголоо да мыйзам ченемдүү. Ал эми украиналык аскер кызматкерлеринин жана калаалардын тагдырын ойлогон жан жок. Көксөгөндөрү – болочоктогу жаңжалдарда РФти Кытайга жардам бере албай тургандай алсыратуу.
Көптөгөн кылымдар бою Россияга татар-монгол хандары, швециялык король Карл XII, франциялык Наполеон, германиялык Гитлер да касын тигип, бирок мизи кайтарылган. Америкалыктар жадагалса өз тарыхынан кабары жок көрүнөт, ошондуктан Украина согуштук аракеттер театрында 40 өлкөнүн аскердик көмөгүн "айкалыштыруу" ийгиликке алып барчу чыйыр катары сезүүдө. Жамааттык Батыштын максаты – Россияны "үчүнчү дүйнөгө" айлантуу. Адаттагыдай эле Москва жеңишке жетет.
Пентагондун башчысынын пикиринде, өнөктөштөр "согуштун ыкчамдыгы менен аракет этүүгө тийиш", бирок Украина үчүн батыш куралдарынын 713 миллион доллардан ашуун суммадагы жаңы партиясы абадан коргонуу тутумунун эски каражаттарын жана ок өткөрбөс техникасын камтыйт. Америкалыктарда "Стингер" жана "Жавелиндеринин" резерви жок. Stinger өндүрүүчүлөр мындан аркы өндүрүш үчүн тетиктердин жетишсиз экенин айтышкан.
Америка Конгрессиндегилер азырынча Украинага бул көчмө зениттик ракеталык комплекстерин бере албай каларынан чочулашат. Себеби "азыр өздөрүнө аз". Өндүрүштүн өксүгүн толтурууга бир нече жыл кетет.
Германия Украинага 7 чакырым аралыкка ылайыкталган Cheetah зениттик ракеталык комплексинен 50 бирдик жөнөтсө, Улуу Британия да мурдагы кылымдан калган зениттик каражаттарын берет. Бундестаг 28-апрелде Украинага оор куралды жөнөтүүгө уруксат берди. Долбоор ар бири согуш жарыялоо өңдөнгөн 40ка чукул пунктудан турат. Бирок ГФРда коргоо чыгымдары ондогон жылдар бою кыскартылып келгендиктен аскердик даярдыгы начарлай түшкөн. ГФРдин коргоо министри Кристине Ламбрехт: "Кагаз жүзүндө бизде 350 Puma пехоталык машинабыз бар. Алардын арасынан 150и гана иштейт, ал эми 51 Eurocopter Tiger тик учагынан болгону тогузу гана аскердик милдеттерди аткара алат", — деп айткан эле.
Лондон украиналык режимди РФ территориясына сокку урууга үндөп, бул үчүн 20 чакырымдык аралыкка ылайыкталган Brimstone ракеталарын берүүгө убада кылууда. Бирок британиялык 155 мм гаубицалар аскердик жардамдын тизмегинен негедир жоголуп кетти.
Батыш Украина Куралдуу күчтөрүн эски-уску курал – чехиялык (советтик) 122 мм калибрдеги "Гвоздика" өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмо, польшалык Т-72 танктары, канадалык ок өткөрбөс техника менен камсыздоону улантууда.
Россиянын ТИМи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сабырыбызды сынабагыла! Россиянын Украина, Батыш өлкөлөрүнө эскертүүсү

Пайда-парасаты жок жардам

Батыш талдоочуларынын баамында Украинадагы согуштук аракеттер "апталарга, ал түгүл айларга" созулат. The Guardian басылмасы май айы "батыш куралдары, анын ичинде америкалык гаубицалар, германиялык жана британиялык зениттик тутумдар келген кезде" чечүүчү убак болорун айтат.
НАТО өлкөлөрү эки ай ичинде Украинага кеминде эле 8 миллиард долларга аскердик техника бергени менен эч кандай майнап чыккан жок. Эске салсак, былтыр август айында Кошмо Штаттар Афганистанда 7 миллиард долларлык аскердик техниканы таштай качкан. 2005-2021-жылдар аралыгында Вашингтон афганистандык коопсуздук күчтөрүн 18,6 миллиард долларга курал менен камсыздаган. Акча аскердик жеңишти жана геосаясий максаттарга жетүүгө кепилдик бербейт. Анан калса украиналык күчтөргө натолук куралдардын 30 пайызга жетпегени гана берилет. Калгандарын Россиянын ракеталык соккулары жана украиналык аткаминерлер тарабынан жок кылынууда.
Ал ортодо украиналык темир жол жетекчиси Александр Камышин кечээ Одесса облусунун Затока кыштагындагы Днестровский лиман аркылуу өткөн көпүрөгө кайрадан сокку урулуп, инженердик курулуштун кыйраганын маалымдады. Запорожье алюминий комбинатынын аймагында чет өлкөлүк курал жана ок-дарынын ири партиясы сакталган жайлар "калибр" ракеталары менен жок кылынды. Ошондой эле чет өлкөлүк жалданма жоокерлерди даярдоо борборуна да сокку урулуп, 523ү шейит, 347си жарадар болгону айтылды.
Франциялык отставкадагы генерал Жак Гийман эгер Батыш Россияга "акылга сыйбаган санкциялар" менен кысым кыла берсе, өзөктүк согуш тутанып кетерине көзү ачыктык кылууда. Ал АКШ менен Европа тынчтыкты кааламыш этип, бирок Украинаны курал менен камсыздаганын токтотпой келерин белгилейт. Анткен менен, генералдын айтымында, европалык мамлекеттердин да, Вашингтондун да Россия менен реалдуу тирешүүсү үчүн каражаты жок.
27-апрелде РФ Мамлекеттик думасында сөз сүйлөгөн россиялык президент Владимир Путин: "Донбасс жана Украинада жүргүзүп жаткан атайын аскердик операциялардын бардык милдеттери сөзсүз аткарылат", — деп так кесе айтты. Эгер кимдир-бирөө кийлигишүүгө даай алса, чагылгандай тез жооп аларын, чечим эбак кабыл алынганын билдирди.
Москва РФтин чек араларына жакын антироссиялык аймак түзүүгө жол бербейт. Стратегиялык мүнөздөгү коркунуч жаралса Россия дүйнөдө эч кимде жок куралдарын колдонору ырас.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Мариупольдогу Азовсталь металлургиялык заводунун үстүнөн түтүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполь: улутчулдардын "Азов" базасында Гитлердин китебин табышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0