Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФ Коргоо министрлиги Украина биолабораторияларын тескеген батыш кураторлорун атады

© AP Photo / Charles Rex ArbogastБиологиялык коркунучтун белгиси. Архив
Биологиялык коркунучтун белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Коргоо министрлигинин колуна тийген документтер УИТБнын Пентагон менен мекеменин негизги подрядчысы Black & Veatch компаниясы аркылуу байланышын тастыктап турат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. АКШнын аскердик-биологиялык программасынын кызыкчылыгы үчүн иликтөө жүргүзгөн Украинанын илимий-технологиялык борборунун (УИТБ) америкалык жана европалык кызматкерлеринин аты-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Россиянын Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо күчтөрүнүн жетекчиси Игорь Кириллов билдиргенин РИА Новости жазды.
"УИТБнын аткаруучу директор кызматын АКШ жараны Кертис Белаяч аркалаган. Ал 1968-жылдын 27-августунда Калифорнияда төрөлгөн, Андерсон атындагы башкаруу университетин аяктаган. Эл аралык финансы магистры даражасына ээ, Украинада 1994-жылдан бери иштеп келет", — деди генерал-лейтенант.
УИТБнын башкаруучулугунун Евробиримдиктен дайындалган төрагасы — Эдди Артур Майер. АКШ тараптан борбордун ишин Фил Доллифф көзөмөлдөп келген. Ал Мамдепартаментте массалык кыйратуучу куралды жайылтпоо программалары жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча катчынын кеңешчисинин орун басарлыгын аркалап келген.
Кирилловдун айтымында, Коргоо министрлигинин колуна тийген документтер УИТБнын Пентагон менен мекеменин негизги подрядчысы Black & Veatch компаниясы аркылуу байланышын тастыктап турат. Москванын колунда фирманын вице-президенти Мэтью Вэббердин УИТБ менен Украинадагы аскердик-биологиялык изилдөөлөр боюнча иштешүүгө даярдыгын билдирген каты турат.
2014-жылдан бери УИТБ Украинада, Грузияда, Молдова жана Азербайжанда 500дөн ашуун долбоорду ишке ашырган.
Кирилловдун айтымында, акыркы жылдары АКШ аталган борбордун ишине 350 миллион доллардан ашуун каражат сарптаган. Ал эми уставдык документтерге ылайык, мекеме ишин эл аралык уюм катары жүргүзүп, бир караганда Пентагонго эч тиешеси жоктой көрүнөт. УИТБнын укуктук макамын 1993-жылдын 25-октябрында Украина, Канада, АКШ жана Швеция өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуу аныктап турат.
"Муну менен бирге РФ Коргоо министрлигинин Химиялык жана биологиялык кооптуулук боюнча эксперттик борбору УИТБ негизинен Пентагон кызыккан иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн гранттарды бөлүштүрүү менен алектенип келгенин ачыктады. Иликтөөлөрдүн арасында биологиялык куралга байланыштуусу да бар", — деди Кириллов.
УИТБга АКШ тараптан Пентагон менен Мамлекеттик департамент буюртма берип, демөөрчүлүк кылган, мындан тышкары, өлкөнүн Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиги, Айыл чарба, саламаттык сактоо жана энергетика министрликтери аркылуу да каржыланып турганы белгилүү болду.
"Америкалык кураторлорду биринчи кезекте эки багыттуу иликтөөлөр кызыктырып келген. Мисалы, 6166 долбоору "Массалык кыйратуучу куралдын жайылуу коркунучун жана конфликтилердин таасирин алдын ала божомолдоо, баалоо жана моделдөө үчүн технологияларды өнүктүрүүнү" караса, 9601 долбоорунда "Украинанын эки багыттуу татаал материалдарды өндүрүү технологиясын Европа биримдигине өткөрүү" каралган", — деди Кириллов.
Ал иликтөөлөрдүн басымдуу бөлүгү биологиялык куралдын потенциалдуу агенттерин изилдөөгө жана куш тумоосу сыяктуу экономикалык жактан маанилүү инфекциялардын козгогучтарына арналганын тактады. Курт-кумурска, жапайы канаттуулар жана жарганаттар аркылуу кооптуу инфекциялардын козгогучтарын жайылтууну иликтөөгө багытталган P-364, 444 жана 781 долбоорлору Пентагон тарабынан каржыланган.

Пентагондун аскердик-биологиялык программасы

РФ Коргоо министрлиги буга чейин айтып келгендей АКШ Украинадагы биологиялык лабораториялардын ишине жүз миллиондогон доллар жумшаган. Бул лабораториялар Американын аскердик-биологиялык программасына катышып, негизинен кара тумоо (чума — ред.) жана күйдүргүнүн козгогучтары менен иштеп келген.
Пентагондун кызыкчылыгы үчүн иш алып барган бул уюмдун карамагында 30дан ашуун мекеме болгон. Россиянын атайын операциясы башталган соң Украинадан бардык нерсе чыгарылып кеткен. Мунун өзү америкалык программа уланышы мүмкүн экенинен кабар берип турат.
Биологиялык коркунуч белгиси бар муздаткычы менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
АКШнын Украинадагы биолабораториялары: максаты, каржылоосу жана Байдендердин изи
Жаңылыктар түрмөгү
0