https://sputnik.kg/20220427/kyrgyzstan-yrchy-bolot-minzhylykyev-taberik-surot-1063983160.html
Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева. Кыргызга сыймык жубайлардын таберик сүрөтү
Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева. Кыргызга сыймык жубайлардын таберик сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат. 27.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-27T20:09+0600
2022-04-27T20:09+0600
2022-05-23T09:27+0600
кыргызстан
таберик сүрөт
болот миңжылкыев
https://sputnik.kg/img/07e6/04/1b/1063982664_0:408:2019:1543_1920x0_80_0_0_f2043961658b7d9878bbc22d2943b3b8.jpg
© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев жана анын уулу Мирад менен келинчеги Рейна Чокоеванын сүрөтү 1969-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.Ал кезде жубайлар Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында эмгектенген.Ошол кезеңди КРдин эл артисти Рейна Чокоева мындайча эскерет:Ал жылы Миңжылкыев 29, Чокоева 31 жашта болуп, экөөнүн ортосундагы уулу жети жашка чыгып калган.Эске сала кетсек, опера ырчысы 25 жашында Фрунзедеги Опера жана балет театрынын солисти, 33 жашында эки эл аралык сынактын жеңүүчүсү, 36 жашында эле СССРдин эл артисти болгон.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/1b/1063982664_0:218:2019:1732_1920x0_80_0_0_17f9a02705d08dfdb0071fb1e8aa7024.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, таберик сүрөт, болот миңжылкыев, инфографика
кыргызстан, таберик сүрөт, болот миңжылкыев, инфографика
Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева. Кыргызга сыймык жубайлардын таберик сүрөтү
20:09 27.04.2022 (Жаңыртылды: 09:27 23.05.2022) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев жана анын уулу Мирад менен келинчеги Рейна Чокоеванын сүрөтү 1969-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
Ал кезде жубайлар Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында эмгектенген.
Ошол кезеңди КРдин эл артисти Рейна Чокоева мындайча эскерет:
"Сүрөт Опера жана балет театрынын балконунда тартылган экен. Менимче, ошондо Болот чет өлкөдөн гастролдон келип, Мирад экөөбүз аябай кубанып жүргөнбүз. Ал Америка же Европадан бизге көз жоосун алган пальтолорду ала келген болчу. Мен дагы ал кезде ошол театрда иштеп сахнада бийлеп жүрчүмүн, уулубуз мектепке барайын деп калган. Мирад биз менен чогуу театрга көп келип жүрдү. Үйдө апам жок болуп калса аны жумушка алып жөнөчүбүз. Болот узак убакыт алыска гастролго кетсе чыдамсыздык менен күтчүбүз", — деди Чокоева.
Ал жылы Миңжылкыев 29, Чокоева 31 жашта болуп, экөөнүн ортосундагы уулу жети жашка чыгып калган.
Эске сала кетсек, опера ырчысы 25 жашында Фрунзедеги Опера жана балет театрынын солисти, 33 жашында эки эл аралык сынактын жеңүүчүсү, 36 жашында эле СССРдин эл артисти болгон.