Мааракесин өткөрүүдөн баш тартып... Бексултан Жакиевдин сүрөттө калган элеси
Мааракесин өткөрүүдөн баш тартып... Бексултан Жакиевдин сүрөттө калган элеси
Sputnik Кыргызстан
Мындан бир жыл мурун белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев акыркы сапарга узатылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар калемгерди... 26.04.2022, Sputnik Кыргызстан
Бексултан Жакиев Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, андан соң Москвадагы киносценарийчилердин эки жылдык жогорку курсун аяктаган.Эмгек жолун "Кыргызфильм" киностудиясында баштап, кийин Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде, Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, КР президентинин мамлекеттик кеңешчиси, "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.КРдин Баатыры коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана азыркыга чейин чет өлкөлөрдөгү театрларда коюлуп келет.Драматург, кинодраматург өткөн жылы 85 жаш курагында дүйнө салып 26-апрелде жерге берилген.Тема боюнча:
Мындан бир жыл мурун белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев акыркы сапарга узатылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар калемгерди сүрөттөгү ирмемдери менен эскерет.
Бексултан Жакиев Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, андан соң Москвадагы киносценарийчилердин эки жылдык жогорку курсун аяктаган.
Эмгек жолун "Кыргызфильм" киностудиясында баштап, кийин Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде, Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, КР президентинин мамлекеттик кеңешчиси, "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.
КРдин Баатыры коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана азыркыга чейин чет өлкөлөрдөгү театрларда коюлуп келет.
Драматург, кинодраматург өткөн жылы 85 жаш курагында дүйнө салып 26-апрелде жерге берилген.
КРдин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссер Лилия Турусбекова, Кыргыз эл жазуучу Бексултан Жакиев жана режиссер Геннадий Базаров. Фрунзе шаары, 1974-жыл
КРдин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссер Лилия Турусбекова, Кыргыз эл жазуучу Бексултан Жакиев жана режиссер Геннадий Базаров. Фрунзе шаары, 1974-жыл
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, улуу манасчы Жусуп Мамай, жазуучу Бексултан Жакиев жана Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова. Бишкек шаары, 1995-жыл.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, улуу манасчы Жусуп Мамай, жазуучу Бексултан Жакиев жана Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова. Бишкек шаары, 1995-жыл.
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев
Бексултан Жакиевдин 2000-2003-жылдардагы аракети менен кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылган.
Бексултан Жакиевдин 2000-2003-жылдардагы аракети менен кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылган.