Кайындарым менен туугандарым балдызыма үйлөн деп кыйнашууда. Жесил кишинин каты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКелин. Архив
Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына туугандарынын жана кайындарынын кийлигишүүсү менен балдызына баш кошуу оюн билдирген киши кайрылган.
Саламатсыңарбы! Мен психологго өзүм үчүн абдан эле олуттуу маселе менен кайрылып жатам.
Эки жыл мурда жубайым автокырсыктан каза болуп калды. Экөөбүз 15 жылдай чогуу жашап, үч балалуу болгонбуз. Кичүү кызыбыз жаңы бирге чыкканда келинчегим коңшулар менен конокко кетип, алар бараткан автоунаа аласалып кеткен. Андан бери балдарым менен көп азап-тозокту баштан өткөрдүк. Дагы жакшы, кичүү балдызым Жыпар аларды карашып, биздин үйдө жашап, бир топ жөлөк-таяк болду. Баса, кеп дал ошол балдызым тууралуу болмокчу. Ал мектепти бүтүп, шаарга окууга тапшыргандан бери биздин үйдө жашап жүрөт. Балдарым аны аябай жакшы көрөт. Өзгөчө апасынан ажырагандан бери эненин мээрими керек болдубу, айтор, ага аябай эле жакын болуп алышты.
Жарым жыл мурда кайын журтум Жыпарга үйлөн деп чыкты. Ага өзүмдүн бир туугандарым кошулуп алышкан. Мен бул идеяга башынан эле каршы чыктым. Анткени мен күйөө бала болуп барганда Жыпар болгону 10 жашта болчу. Келинчегим аны өзгөчө жакшы көрүп, биздин жаныбызда көп жүрдү. Мен ага өз карындашымдай мамиле кылып, эркелетип, белек-бечкегин алып берчүмүн. Кыскасы, ал быйыл 25 жашка чыкканына карабай, мага дагы эле баягы кичине кыздай сезиле берет. Башкача айтканда, мен аны аял катары кабыл ала албайм. Туугандарды дагы жакшы түшүнүп турам, балдарга көнүп калгандан кийин өгөй энеге кор кылбай, үй-бүлө болуп жашап калышсын деп жатса керек.
Жыпардын өзү менен сүйлөшүп көрөйүн десем, ачык-айрым жооп бербейт. Эжемдер ошентип жатпайбы дегенден башка нерсе айтпайт. Же өзүнүн дагы мага көңүлү барбы, билбейм. Балким ал деле бир тууганынын балдарын кичине кезинен багып калып, эми алардан ажырагысы келбей жатабы деп ойлоп коём.
Иши кылып азыр эмне кыларымды билбей турам. Акылым менен ойлонсом, бир туугандарымдын айтканы туурадай сезилет. Бирок мен Жыпар менен жашап кетериме көзүм жетпей жатат. Мен аны дегеле өмүрлүк жарым катары элестете албайм.
Түгөйлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Күйөөм менен бирге курбумдун, достордун кылыгы күйгүздү... Аялдын каты

Психолог Урмат Курманов:

— Катыңызда негизги маселе катары үйлөнөр же үйлөнбөө тууралуу жазыптырсыз. Бул өзүңүздүн деле оюңуз эмес экен. Балдызыңызга баш кошууга туугандарыңыз менен кайын журтуңуз эле кыйнап жатыптыр. Ал деле сизге "эжелерим ошентип айтып жатпайбы" деп жооп бериптир. Бул жакта тактык, ачыктык жок болуп жатат. Экөөңөр тең өз эркиңерден тыш баш кошуп алсаңар турмуштун өйдө-ылдыйына чыдап, жашап кете аласыңарбы? Ушул жагын эске алуу керек. Балдар үчүн үйлөнсөңөр бири-бириңерди күнөөлөп калышыңар мүмкүн. Кийин балдызыңыз "силер үчүн атаңарга турмушка чыккам" деп милдет кылышы да мүмкүн. Бул жерде эч кимдин сөзүн укпай, өзүңүздү гана тыңшаңыз. Өзүңүз чечесиз. Акылыңыз, жүрөгүңүз менен кеңешиңиз.
Балдызыңызды карындашыңыздай көрөрүңүздү айттыңыз. Сиз аны аял катары көрбөсөңүз, турмуш кургандан кийин психологиялык оюндар башталат. Атасы кызындай, энеси баласындай мамиледеги туура эмес үй-бүлөлөр көп. Анда жоопкерчилик бир кишиге гана үйүлүп калат. Акыр аягы бул кандайдыр бир жарылууга алып келет.
Ошол себептен терең ойлонуңуз. Ал эми балдызыңыз турмушка чыгып кеткиче сиздин үйдө жашап, балдарыңыздын жанында болуп, кийин деле балдар менен катышып турса болот.
Кош бойлуу аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Кайындарым курсактагы балаңды абысыныңа бер деп жатышат. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0