Күйөөм менен бирге курбумдун, достордун кылыгы күйгүздү... Аялдын каты

CC0 / StockSnap / Түгөйлөр. Архивдик сүрөт
Түгөйлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына күйөөсүнүн, курбусунун жана эң жакын адамдарынын саткынчылыгына чыдабаган аял кат жазган.
Саламатсыңарбы! Психологго кайрылганымдын себеби, башка даттанаар, сырымды айтар эч ким жок. Бир күндүн ичинде жакын, ишенген адамдарымдын баары мени сатып кеткенин билдим. Азыр эмне кыларымды билбей, айлам кетип турат.
Ата-энем эрте каза болуп, туугандардын колунда өскөн кыз элем. 20 жыл мурда курсташыма турмушка чыккам. Экөөбүз бири-бирибизди сүйүп, ушул убакка чейин бактылуу турмуш кечирип жатканбыз. Үй-жайыбыз, бала-чакабыз, сүйүктүү ишибиз, досторубуз бар. Айтор, мага жашоом идеалдуу сезилчү. Достор демекчи, эң жакын курбум жолдошумдун досуна турмушка чыккандыктан, алардын үй-бүлөсү менен бир туугандай катышып, абдан ынакпыз. Анын үстүнө курбум экөөбүз бир ооруканада иштейбиз. Алар сыяктуу эле дагы 3-4 үй-бүлө менен абдан жакынбыз. Өзүмдүн ата-энем, бир туугандарым жок болгондуктан, дал ошол адамдардан жылуулук тапкам.
Мындан эки ай мурда жолдошум кезектеги командировкасынан келди. Кийимдерин иреттеп, кирлерин жууш керек болуп карап калдым, анан эле чөнтөгүнөн помада таптым. Жаш кыздарга ылайыктуу жылтырактары бар экен. Албетте, өзүмдү жаман сезип, бирок бул нерсени унутууга аракет кылдым. "Жашыбыз 40тан өтүп калды, эркектик кылды го, анын үстүнө командировкада ар кандай нерселер боло берет. Мындай куракта эркектин баары эле өткөн-кеткен кыз-келиндерге кызыкса керек" деп өзүмдү жооткотуп, билмексен болууну чечтим.
Түгөйлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Жолдошум биринчи аялын унута албай кыйнады. Аялдын каты
Ортодон бир айча убакыт өткөндөн кийин машинасынан жоготуп алган сөйкөмдүн бир түгөйүн издеп жатып телефон таап алдым. Көрсө ал жолдошумдун экинчи телефону экен. Күйгүзүп, ичин карасам, ал жакта өзүнчө эле "экинчи" жашоосу бар экен. Экранында 25 жаштын тегерегиндеги мөлтүрөгөн, сулуу кыздын сүрөтү. Галереясы толо экөөнүн видеолору. Эң кызыгы, анда мен башында сөз кылып жаткан досторубуз дагы жүрөт. Датасы боюнча карасам, баягы командировкасы учурунда достор менен чогуу ошол кызды алып тоого эс алганы барыптыр. Калгандары го мейли, менин курбум ал сүрөттөрдө эч нерсе болбогондой, мени менен отургансып тиги кыздын жанында, бир дасторкондо сүрөткө түшүптүр. Атургай Бишкектеги кафе-ресторандарда дагы жолуккан сүрөттөрү толтура.
Бирок мен эч кимге, эч нерсе айта алган жокмун. Анткени азыркы жашоомду жоготуп алгандан корктум окшойт. Күйөөмө гана эмес, досторубузга, курбума катуу таарынып, бирок алардын баары менен бир учурда кол үзгөндөн чочуладым. Кээде туруп баарын чогултуп туруп уяткарайын же күйөөмөн өч алайын деп ойлоп коём. Бирок кантип? Бир туруп кайра буларга эмне кылдым деп толгон-токой суроолор жаралат. Күйөөм го, мейли. Мен бул дүйнөдө күйөөгө алданган жалгыз аял эмесмин. Достор, курбум кантип башымды аттап кетти. Бирөөнө дагы жамандык кылып, каршылашкан эмесмин. Үйгө келгенде көзүмдүн агы менен айланып, комплименттерди жаадырып отуруп, тамак-ашымды ичип, сый көрүп кетишет. Жок дегенде аялдардын бирөө тилектештик кылып, "кой биздин минткенибиз жарабайт" деп айтып койгон жокпу? Ушунчалык дагы эки жүздүүлүк болобу?
Ыйлаган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Уулум чанып кеткен келинимден ажырагым келбей жатат. Эненин толгонуусу
Психолог Урмат Курманов:
— Башыңызга абдан оор сыноо келиптир. 20 жыл жашаган жолдошуңуздан ушундай мамиле көрүү, албетте, оор. Бирок сиздин катыңыздан күйөөңүзгө караганда курбуңузга көбүрөөк таарынганыңыз байкалат. Жолдошуңузду "эми бул эркектик кылды да" деп бир аз коргоп, түшүнүү менен кабыл алгандай сезилди. Мында сиз күйөөңүз менен жай отуруп, акырын, ачык сүйлөшкөнүңүз туура. Машинасынан ойдо жок жерден телефон таап алганыңызды айтып, факты менен гана сүйлөшүңүз. Катка өч алуу, уяткаруу тууралуу жазыптырсыз. Андан деле майнап чыкпайт. Башкача айтканда, муну менен сиз жакшы сезим калтыра албайсыз. Тескерисинче, жан дүйнөдө негативдүү сезимдер жана боштук орноп калат. Бул жакшы эмес.
Андан көрө мындан аркы жашооңуздар тууралуу күйөөңүз менен тынч отуруп, ачык сүйлөшүңүз. Эгер дагы деле аны түшүнүүгө аракет жасап, унчукпай жүрө берсеңиз, бирде болбосо бирде дагы бир нерсеси чыгат. Сезимдерди ичиңизде катып жүрө берсеңиз, бул психосоматикалык ооруларга да алып келиши мүмкүн.
Курбуңуз менен да жай отуруп сүйлөшүңүз, бул кандайча болуп кеткенин сураңыз. Албетте, мындай сүйлөшүүгө баруу абдан кыйын, бирок ошол нерсени баары бир жасоо керек. Ошондо гана бардык маселе чечилет.
Кары киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Өз үйүмө батпай өгөйлөндүм, карылар үйүнө кетсемби? Кор болгон эркектин муңу
Мектеп психологу Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Балдар психологу: азыр окуучуга эле эмес, мугалимге да күчтүү психолог керек
Жаңылыктар түрмөгү
0