Казакстандык блогерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязов камалды

© AFP / FADEL SENNAАчкыч жана кол кишен кармап турган абак күзөтчүсү. Архив
Ачкыч жана кол кишен кармап турган абак күзөтчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Жазылуу
Блогерлер Mudarabah capital каржы пирамидасын түзүүгө шектелүүдө.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Казакстандык блогерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязов камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, алар Mudarabah capital каржы пирамидасын түзүүгө шектелүүдө. Алматынын полиция департаментинин начальнигинин орун басары Рустам Абдрахманов блогерлер менен кошо буга чейин үй камагында жаткан дагы эки адам камалганын билдирди.
"Милицияга "ASTEX.KZ", "ACD technology" ЖЧКларында иштеген кызмат адамдарына карата чара көрүү боюнча коллективдик арыз келип түшкөн. Буга байланыштуу Алматынын полиция департаменти каржы пирамидасын түзүү жана жетектөө фактысы боюнча кылмыш ишин каттаган", — деп жазылат билдирмеде.
Маалым болгондой, 2019-жылдын январь айынан 2021-жылдын январь айына чейин жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын кызмат адамдары мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн зарыл болгон каражатты чогултуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен келишим түзүшкөн.
Эки тараптуу документке ылайык, фирмалар акча салган адамга акчанын 20 пайызын ай сайын төлөп турууну убадалашкан. Акча салган 162 адамдан беш миллиарддан ашык теңге "ASTEX.KZ" компаниясына башка "Mudarabah capital" компаниясы аркылуу келип турган.
Соңку убакта Кыргызстанда дагы ар кандай каржы пирамидаларга алдангандар көбөйдү. Милиция быйыл каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча 577 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Батирдин ачкычын кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Пресс-борбор
Турак жай кооперативи: ИИМ жабыркагандардын саны күн сайын өсүп жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0