Балдар психологу: азыр окуучуга эле эмес, мугалимге да күчтүү психолог керек

© SputnikМектеп психологу Сажира Абдыкаимова
Мектеп психологу Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жазылуу
Ата-эне болуу оңой эмес. Бул жаатта да адам изденип, ар тармактуу билим алышы керек экени белгилүү. Айрыкча азыркы Z муундун өкүлдөрү делген балдарга өзгөчө мамиле талап кылынарын психологдор айтышат.
Sputnik Кыргызстан редакциясына мектеп психологу Сажира Абдыкаимованы чакырып, балдар психологиясы, инсан катары калыптанууда мектеп окуучулары кандай жолдорду басып өтөрү жана мында мугалим менен ата-эненин ролу тууралуу сөз кылдык.
— Мурда үйдө ээн-эркин ойноп жүргөн бала мектепке барганда коомчулук менен аралашып жаңы турмуштук агымга аралашат. Мында бала үчүн эң татаал процесс катары эмнени белгилейсиз?
— Мектеп — бул балдар үчүн өзүн ар тараптан көрсөтө алуучу аянтча болуп эсептелинет. Мектеп босогосун алгач ирет аттагандан баштап эле башка дүйнө башталат. Ал жерде социалдашуу жүрөт. Айрымдар бала бакчаны да көрбөстөн үйдөн түз эле мектепке барат. Ошол учурда да коомго аралашуу кээ бирөөнө оор болсо, айрымдары тез эле көнүшүп кетет. Демек, экинчилери башка чөйрөгө мурда аралашкандар. Социалдашуу баланын психологиясына да жараша болот. Айрым бөбөктөр сыртта бат тил табышып, балдар менен ойноп кете алат. Коомго аралашуу үчүн аларга 15 мүнөт жетиштүү. Булар кайсы чөйрөгө барбасын, ушул мүнөттөрдө эле айлана-тегеректи карап, изилдеп коёт. Анан ошого жараша мамиле кылууга өтөт. Бала табиятынан билгич, тапкыч болот. Бирок ошол сапаттардын баары чоңойгон сайын жоголуп отурат.
Мектепке жаңы барганда балдар биринчи эжекесин карайт, анан айланада эмне бар экендигин изилдеп чыгат. Ошого жараша потенциалын ача баштайт. Жөндөмдүүлүк кээ бир учурда кеч ачылышы мүмкүн. Айрымдар бир-эки айда же бир жылда ачылса, айрымдар мектепти бүткүчө потенциалын толук ача албай жүрө берип, кийин гана ачылышы мүмкүн. Алар турмушта же жогорку окуу жайына барганда гана өзүн толук көрсөтөт. Биз ушундай балдарга кичинеден болсо да жардам берүүгө аракет кылабыз.
— Ошол мектепке баласын бере турган ата-энелер адаптация жеңил өтүшү үчүн кандай даярдык көрүшү керек?
— Ата-энелердин баарында эле баласын бакчага берүү мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Анын үстүнө бизде бала бакча тартыш. Мындай балдарды мектепке алып баруудан мурун "сен мектепке барасың, окушуң керек. Мектепте жазганды, окуганды үйрөнүп, балдар менен ойноп, жаңы досторду күтөсүң" деп көндүрүү керек. Бала моралдык жактан даярданат. Муну бала ата-энесинен, туугандарынан дайыма уга берсе көнөт. Баланы кызыктыруу керек.
© предоставлено Сажира АбдыкаимоваМектеп психологу Сажира Абдыкаимова
Школьный психолог Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Мектеп психологу Сажира Абдыкаимова
— Айрым балдар үйдө жоош, мектепте тентек же тескерисинче болуп калат. Бул да социалдашуунун таасириби?
— Албетте. Бала үйдө тентек, ал эми мектепте тартиптүү же өзүн башкача алып жүрүп жатса, анда чөйрөсүн дагы деле изилдеп жаткан болот. Айрым балдар үйдөн тынч жүрөт да, мектепке барганда ачылып, шайыр, бейбаш болушат. Булар, тескерисинче, мектеп өз чөйрөсү экенин билет. Ал жерден толук ачылууга мүмкүнчүлүк алат. Айрым учурда окуучулардын потенциалын жоготуусуна ата-энелер да түрткү болот. Биз кээде баланын көзүнчө мектеп, мугалимдер тууралуу туура эмес сөздөрдү айтып коёбуз. Ушундан улам окуучулар мектеп жөнүндө терс пикирде болуп калышат.
— Кичинекей баланын ата-энеге же мугалимге жакпаган сапаттары байкалып калса, катуураак кармап же чектеп койсо кандай болот? Же "бала да" деп жайына койгон туурабы?
— Эгер аябай эле чектен ашып кетсе түшүндүрүш керек. Кээде баланы ашыкча эле чектей беребиз. Бул туура эмес. Ансыз деле биз "муну кылууга болбойт, тигил жарабайт" деп тыюу менен жашайбыз. Анан бала белгилүү чийинден аша албай калат. Ой жүгүртүү кенен болушу абзел. Балдар негизинен тыйган сайын ошол нерсеге кызыгып, жасап көргүсү келет. Жаңылып калуудан эч качан коркпош керек. Ата-эне "балам ката кетирсе сынып калат" деп ойлойт. Тескерисинче, бала ката кетирген сайын андан сабак алат. Каталар бизди күчтүү болууга түртөт. Болгону абалдан туура чыгууга аракет жасоо абзел. Эч ким идеалдуу жашай албайт. Эч ката кетирбеген адам эч нерсе жасаган эмес да.
6-7-класста өткөөл курак келет. Ал кезде балдар баарын жасап көргүсү келет эмеспи. Чөнтөктөрүн карасаң насвай же тамеки табылат. Сурасаң ар кимге шылтап коёт. Ошол эле балдар 9-класска барганда "эже, ошол меники эле болчу. Ошондо туура эмес кылыптырмын" деп өкүнүп калышат. Ушундай жаман жолго кетип жатканы билинсе, эки-үч жолу кайталанганга чейин мугалим, мектеп психологу бала менен жекече сүйлөшүүгө туура келет. Эч жыйынтык болбосо анан ата-энеге айтылат. Анда да болбосо психолог, ата-энелер биргелешип иштешүүсү керек. Кээ бир балдар ата-энелер менен сүйлөшкөндөн кийин гана токтойт. Бирок негизинен психологдордун бала менен сүйлөшүүсү жемиштүү болот.
Врач-психиатр Айжан Турдукулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Психотерапевт Турдукулова: катуу стресс алган адамды жүрүм-турумунан билсе болот
— Бала үйдөгү кылыктарын коомчулукка алып чыгууга аракет кылабы?
— Балдар кайсы жерде өзүн кандай алып жүрүүнү табиятынан эле билет. Кээ бир мугалимдердин алдында эрке балдар тынч, элпек болуп, айткандарына жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Демек, аларга мамилебизди жакшыртсак эле биз каалаган адам болуп чыга келет. Албетте, ата-эненин баланын жашоосундагы ролу абдан чоң. Тарбиялайт десе эле балага акылдуу сөздөрдү көп айтабыз. Бирок чоңдордун акыл-эстүү жүрүм-туруму аз болуп жатпайбы. Эгер сен балаңдын тарбиялуу, акылдуу болушун кааласаң, өзүң да ошондой болушуң керек. Негизинен мектеп экинчи орунда, ал эми үйдөгү тарбия, ата-эненин орду биринчи орунда турат. Үйдө жасаган кылыгын бала мектепте деле көргөзөт.
Башталгыч класста балдар эжекесин жолдон тосуп алып, сумкасын көтөрүшүп жүрсө, 6-класстан баштап эле "мен бардыгын билем" дегенге өтө баштайт. Бул маалда өзгөрүп, кандайдыр бир жашыруун мүнөз күтүп калышат. Бирок айрымдарынын табигый мүнөзү жоголбойт, эрке, ойноок, күлкүчү же бала кыял бойдон калат. Бул өзгөрүү алардын келечектеги адамгерчилигине эч кандай таасир этпейт. 11-класстын окуучусу — өз ою бар, сөзүнө иши дал келген адам катары калыптанып калат.
© Амантур БекишовАбдыкаимова: коомго аралашуу үчүн балага 15 мүнөт жетиштүү
Школьный психолог Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Абдыкаимова: коомго аралашуу үчүн балага 15 мүнөт жетиштүү
— Мугалим менен окуучунун, ата-эне менен баланын ортосунда келишпестик жаралып калган убакта кандай кылуу керек?
— Өткөөл куракта ата-эне да, мугалим да балдар менен көп сүйлөшүп, жакын мамиле түзүүгө аракет кылышы абзел. Анткени бул балдар өзүн көрсөтүү үчүн баарын жасашат. Ата-энеси миграцияда жүргөн бир окуучум бар. Ал дайыма өзүн көрсөткүсү эле келе берет. Демек, ага мээрим жетишпейт. Ал ата-энеси менен дайыма телефон аркылуу сүйлөшөт, кийими бүтүн, курсагы ток. Бирок ага жакындарынын мээрими, көңүл буруусу жетпейт. "Менин эркелеткенимди эле күтүп турасың, ээ, 45 мүнөт сенин жаныңда турайынчы" десем күлүп калат. Мен жанында турсам тынч отура берет. Демек, ал эненин мээримине муктаж.
— Экономикалык, социалдык абалдан улам миграция күч. Бирок мунун кесепетинен балдар зордук-зомбулукка дуушар болуп, ата-эне мээримин көрбөй чоңоюшууда.
— Миграция — азыркы замандын чоң көйгөйү. Муну менен күрөшүү элекке кум чогулткандай эле. Маселени жөн гана оптималдаштыруу керек. Биз балдардан "эмне жеп, эмне ичип жатасың?" деп көп сурайбыз. Ата-эне алгач баласынан эмне кылып жатканын сурап, ички дүйнөсүн билүүгө аракет кылышы зарыл. Алыста жүргөн ата-эне өзүн күнөөлүү сезип, уул-кыздарын эч нерседен кем кылбай, баарын алып бере беришет да андан эч нерсе талап кылышпайт. Муну өспүрүмдөр да сезет. Баланы жоопкерчиликке да тарбиялоо зарыл. Ата-энеси мигрант болгон балдар менен иштөө башкаларга караганда аябай эле оор. Ал эми атасы же апасы каза болуп калгандар токтоо келишет. Алардын жанында мигранттардын балдары "каалаганымды кылам" деген ойдо болушат. Ага жараша жүрүм-туруму да өзгөрөт. Жакында эле ата-энеси миграцияда жүргөн бир окуучу менен сүйлөшүп калдым. Сыртынан такыр андай көрүнбөгөнү менен аябай кыйналып жүрүптүр. Буга мигранттар өз балдарынын үнүн укпагандыгы, ички дүйнөсүн тыңшабагандыгы себеп. Миграция маселесинде каржалган бөбөктөргө көйгөйдү чече турган эмес, аны уга турган адам керек. Ал балдардын абалын сурап, ички сезимине кызыккан киши жок. Ата-энелер балдарынын курсагы тойгонун же акчасы бар-жогун эле сурай бербей, жан дүйнөсүнө кирүүгө да аракет кылганы оң. Эмне себептен алыста иштеп жүргөнүн да айтып, акырын сүйлөшүү керек. Аны бала түшүнөт. Керек болсо бара-бара колдоп баштайт. Ата-эненин эмгеги балага жакшы кийим кийгизүү менен эмес, татыктуу тарбия берүү менен бааланат. Мигранттардын башкы максаты баласына акча жиберип коюу менен гана чектелгени жарабайт. Балага чоң үй же унаа калтырсак, аны ал өмүр бою пайдаланбайт. Ал эми тарбия, билим бере алсак, анын пайдасын түбөлүк көрөт.
© предоставлено Сажира АбдыкаимоваОкуучулар, өзгөчө мигранттардын балдары Сажира Абдыкаимова менен сырдашат
Школьный психолог Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Окуучулар, өзгөчө мигранттардын балдары Сажира Абдыкаимова менен сырдашат
— Акыркы кезде үй-бүлөдө балдарга карата зордук-зомбулук күчөп кетти. Ата-энеси жанында жүргөн балдар деле зомбулукка кабылууда. Мектепте, коомдук жайларда мындай балдардын жүрүм-турумунан запкыга кабылгандыгы байкалабы?
— Эгер балдар менен тыгыз байланышкан адам болсо ар бир окуучунун маанайына карап туруп эле билип койсо болот. Зордук-зомбулукка кабылган балдар эч нерсеге көңүлү жок болуп баштайт. Ойноп-күлбөй түнт болуп кетет. Анан акырын сурап көрсөң, зомбулук болгондугу аныкталат. Зомбулук көрсөтүүчү алыс жактан келбейт. Көпчүлүк учурда жакын адамдарыбыз эле кылат. Эмнеге анткенин сурасаң, тарбиялоо максатында деп айтат. Биз мурункудай көрүп эле азыркы балдарды да уруп тарбиялайбыз деп жатабыз. Бирок азыркылар — Z (зет) муун болуп эсептелинет. Буларга башкача мамиле кылуу керектигин ата-энелер түшүнбөй жатат. Санариптештирүү доорундагы балдар бардык нерсе интернеттегидей эле тез болушун каалайт. Аларга жашоодо бир нерсеге жетүү үчүн эмгек, убакыт керек деген өңдүү нерселерди түшүндүрүп берүү абзел. Анан бир гана пикир алышуу, оюн уга билүү керек. Булар манипуляцияга алдырбаган, баарын анализдей ала турган муун. Алардын тилин тапсак, зомбулук да аз болот эле. Азыр балдарды 70-80-жылдардагы ыкмаларды колдонуп тарбиялоого болбойт.
— Эми мектеп иерархиясы тууралуу сөз кылсак, "мыкты окуйт", "күчтүү окуучу", "сулуу кыз" деген критерийлер менен баалай берип, окуучулар арасында башкаларды басынтууга өткөндөрү да бар. Бул тарбияданбы же табият ошондойбу?
— Кечке эле бир адамды мактай берсең, ал өзүн жылдыз сезип алат. Андан ары "бийлик меники" деп баштайт. Бара-бара бул көнүмүш адатка айланат. Мисалы, чоң класстын окуучулары "кичине класстын балдары келип учурашсын, коридордо бизге жол бошотулушу керек" деп ойлойт. Бул бир чети чоңдордон алган үлгү. Адам көргөнүн кылат. Ушундай балдар менен иштешүүдө "мурун сен да ушундай мамилени көрдүң эле, эми башкаларга да аны көргөзүп, алар да сендей акыбалда болушун каалап жатасыңбы? Болгон максатың ушул беле? Анан ушул кырдаалда ким утту?" деп акырын сүйлөшүү зарыл. Биз өзүбүз балдарга мамиле кылганды жана сүйлөшкөндү билбейбиз. Алардын тилин табууга болот.
© предоставлено Сажира АбдыкаимоваПсихолог: азыркы балдарды 70-80-жылдардагы ыкмалар менен тарбиялоого болбойт
Школьный психолог Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Психолог: азыркы балдарды 70-80-жылдардагы ыкмалар менен тарбиялоого болбойт
— Үйдөн зордук-зомбулук көргөн балдар да башкаларга ошону көрсөтүшү мүмкүнбү? Мектепте башкаларга кол көтөрүп же кыздарды басынтып кирбейби?
— Мындай балдар экиге бөлүнөт. Бири баарын ичине катып түнт болуп, өз оюн айта албай калат. Экинчилери "мен да ошентишим керек" деп балдарга ошол кыялын көрсөтө баштайт. Мындан үч жыл мурун 2-класстын окуучуларынан тест алганда, "мени апам урушат, такыр өппөйт, атам урат" деп жазгандар болгон. Бул балдардын үй-бүлөсүндө чын эле жүрөк өйүгөн көйгөйлөр кездешет. Алар менен иштешкенде ата-эне менен да сүйлөшүшүбүз зарыл. Балага кечке эле жаман нерселерди мисал кыла берсе, бул анын мээсине сиңип, баарын жаман ойлоп калат.
Окуучунун калыптануусунда мугалимдин жоопкерчилиги ата-энеден кийин эле турат. Мугалим дайыма балдарга берген сөзүнө турушу керек. Кээде мугалимдер деле окуучуну катуу урушуп койгон учур болот, бирок буга да айрым балдар жеткирет. Окутуучунун ага чейинки жапа чеккени билинбей, окуучунун уруш уккан жыйынтыгы гана коомчулукка белгилүү болуп калат. Негизи мында мугалим психологиялык жактан көп жабыркайт. Ал муну эч кимге даттанып да айта албайт. Ошол себептен педагогдун өзүнө да күчтүү психолог керек.
Азыр бала туура эмес иш кылса баары мугалимдерге, мектепке асылат. Жоопкерчиликке келгенде ата-эне он-он бешинчи орунга жылып кетет.
Педагог-психолог Айнек Муратбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Балага ата-энесинин ажырашканы эки курагында өтө оор тиет. Психологдун маеги
— Ата-эненин баары эле балдарынын ар тараптан мыкты болушун каалайт. Кээде ашыкча талап коё бербейбизби?
— Кээ бир окуучулар кичине бир нерсе жасап коюп эле "5" сурап келе берет. Ал баага бир аз жетпей жатканын айтсаң таарынат. Анткени үйүндө ата-энеси андан "беш" талап кылат. Бул балдар ата-энесинин көңүлүн табуу максатында баа үчүн эле чуркап жүрө берип, кийин чоңдордун жашоосуна аралашканда чарчап калат. Мугалимдер ал баланын шагын сындырбай кичине көтөрмөлөй берет. Бирок чоң турмушка аралашканда андай сүрөмөлөө болбойт да. Ошол себептен алар аябай кыйналышат, көбү турмушка даяр эмес болуп чыгат. Байкасаңар, мектепте жалаң бешке окуган окуучулар көп ийгиликтерге жетишпей калат. Андан көрө "беш" деле албаган, бирок баарын байкап отурган окуучулар өз турмушун тың алып кетет. Мен ата-энелерге баланы жакшы баа алууга үндөбөгүлө деп айтпайм. Ооба, баланы алдыга түртмөлөш керек. Бирок кечке эле талап кыла берүүгө болбойт, анан да бардык тармакка чарпыла берген да жарабайт. Болгону баланын жөндөмдүүлүгүн толук ачуу керек. Башталгыч класста окуучулар жылдыз курттай баарын жеп, жүгүрүп жүргөн учуру болот. Ал эми 5-класстан 9-класска чейин личинканын ичиндеги куурчактай өзүн формалдаштырат. Анан 9-11-класстан бала көпөлөктөй учат. Чоң класстын окуучулары келечеги тууралуу көп ойлоно баштайт. Буларга максатты туура коюуну ата-энелер үйрөтүшү керек. Ошол себептен потенциалына жараша багыт берип туруу маанилүү. Балдар менен баарлашуу, аларды уга билүү, кызыккан нерсесине маани берүү менен гана жакшы мамилеге жетишсе болот. Азыр коом 80-жылдардагы тарбияны тааныбайт.
Адам негизи сезимдерди бош коё бериши керек. Эркин ой жүгүрткөн адам көп нерсеге жетишет. Айрыкча кыргыздарда чектөө абдан көп. Биз көбүнчө өз потенциалыбызды ачкыбыз келбейт. "Мен ушуну эле жасайм, мага мындан башка эч нерсенин кереги жок" деп ойлонобуз. Бул туура эмес.
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Кул мүнөз адамдар кайдан чыгат? Франциядагы психолог Зейнегүл менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0