Жолдошум биринчи аялын унута албай кыйнады. Аялдын каты

© Фото / Pexels / Annushka AhujaТүгөйлөр. Архивдик сүрөт
Түгөйлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына экинчи турмушундагы күйөөсүн жакшы көрөрүн жана аны жоготуп алуудан коркорун айткан келиндин каты жарыяланат.
Саламатсыздарбы! Менин турмушумда түшүнүксүз жагдайлар жаралып жаткандыктан психологго кат жазып отурам. Жарым жыл мурун турмушка чыккам. Өзүмдүн эки балам бар. Биринчи күйөөм менен ар кандай себептерден улам ажырашкам. Урушуп-талашпай эле ал жолдошум экөөбүз беш жыл мурун эки башка жолго түшкөнбүз. Туугандарыма деле "пикир келишпестик болду" деп гана коём.
Андан кийин экинчи ирет турмушка чыктым. Жолдошумдун кесибине ылайык иши бар, мүнөзү жакшы. Абдан токтоо, бир мүнөз, көп сүйлөбөгөн жайдары адам. Биринчи турмушунун бузулгандыгына аялы башканы тандап кеткени себеп болуптур. Өзү ширетүүчү болуп иштейт. Тапканы деле жакшы. Карапайым үй-бүлөнүн баласы болгону менен жакшы турган жердин кызын алган экен. Жубайы да жакшы жерде иштеп, бирөө менен мамилелеш болуп жүрүп, кийин ошонусу менен кетип калыптыр. Билишимче, ал да кызматы бар, карьерасын түптөгөн "галстукчан" мырза. Аялы бир жылдан кийин эле турмушка чыгып кетиптир. Биз жолукканда экөөнүн ажырашканына эки-үч жыл болуп калыптыр. Ортосунда кызы болгондуктан аялы менен кез-кезде жолугуп калышат. Ал келинчеги жакшынакай экен.
Эл катары баш кошуп, оокат кылып жатканбыз. Менин да чакан бизнесим бар. Баары эле жакшы. Анан эле жеке жашоомдо дайыма бир нерсе жетишпегенсип көңүлүм толбойт. Күйөөм экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүк, көзгө көрүнбөгөн тосмо бар.
Көрсө, жолдошум биринчи аялын дагы эле жакшы көрөт экен. Артка жол жок болгондуктан гана мага үйлөнгөнүн түшүндүм. Ажырашууну каалабайм. Мага "тыңдыгыңды баалайм, кыйын аялсың" деп гана коёт. Андан башка сүйүү сөздөрүн айтып, эркелетип, мээрим деле төкпөйт. Супсак, аялы катары сый мамилеси бар.
Бирок мен да күчтүү болуудан тажадым. Эркелеп, сүйүктүү болгум келет. Азыркы жолдошумду жакшы көрөм. Ал да мени жакшы көрүп, сүйүктүү жубай болууну каалайм. Бирок бул үчүн эмне кыларымды билбейм. Жолдошумду кармаган эч нерсе жок. Менин эки уулум бар. Экөөбүз тең 38 жаштабыз. Менден кетип калабы деп корком. Көңүлү жок эле жашап жүргөндөй сезилет. Аябай жакшы көрүп калдым. Колумдан алдырып жиберчүдөй корко берем. Үй-бүлөмдүн пайдубалын кантип бекемдейм?
Кары киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Өз үйүмө батпай өгөйлөндүм, карылар үйүнө кетсемби? Кор болгон эркектин муңу
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Учурда үй-бүлөнү сактап калуу да маселе жаратып калды. Эгер "жолдошум мени жактырбайт, тыңдыгыма гана караган окшойт" деп күмөн санай берсеңиз, турмуш бекемделбей эле кайра акырындан ажырай берет. Бул сиздин жеке оюңуз болушу да мүмкүн. Балким ал ичиндегисин сыртка чыгара албаган адам. Жаман ой жүрүп отуруп реалдуулукка айланып кетиши ыктымал. Себеби биз аң-сезимдегини ишке ашыра беребиз. Ошол себептен жакшы нерселерди гана ойлоңуз. Биринчи жолдошуңуз менен эмне үчүн ажырашканыңызды айтпаптырсыз. Коркконуңуздун себеби ошол жакта болуп жүрбөсүн? Ар бир адамдын жакшы жагы бар. Сиздин кыйындыгыңыз — чакан бизнес түптөп, балдарыңызды эч нерседен кем кылбай багып жатканыңызда. "Ошол себептен да мени менен жашап жүрөбү" дей бергениңиз, өзүңүздү аял катары баалабаганыңыздан кабар берет. Эмнеге сизди сүйүп калууга болбосун? Өзүңүздү баалаңыз, караңыз.
Жолдошуңузду жакшы көрсөңүз сезимдериңизди ачык айтып, эркектин статусун үйдө көтөрүп койгонуңуз жакшы. Бара-бара ал да сезимдерин ачык айта баштайт. Аялдар көпчүлүк учурда "мени жакшы көрөрүн айтса" деп комплимент күтүп жашай беребиз. Бирок эркектердин баары эле оюн ачык айта беришпейт. Ушул жагын да эске алыңыз.
Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Окуучу кезде кодуланганымдын азабын азыр да тартып келем. Үй-бүлөлүү жигиттин каты
Мектеп психологу Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Балдар психологу: азыр окуучуга эле эмес, мугалимге да күчтүү психолог керек
Жаңылыктар түрмөгү
0