Уулум чанып кеткен келинимден ажырагым келбей жатат. Эненин толгонуусу

© Фото / Pexels / Engin AkyurtЫйлаган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Ыйлаган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына алыска кетип калган жалгыз баласына таарынып, эми жалгыз калуудан коркуп, турмушка чыгууну каалаган келинин кетиргиси келбеген эненин каты жарыяланды.
Саламатсыңарбы! Көптөн бери бир маселени ойлонуп, башым ооруп жүрөт. Адистен кеңеш алсам дедим эле. Менин тагдырымды кино кылып тартса болчудай. Өзүм Фрунзеде туулуп-өскөм. ЖОЖду аяктап калганда курсташыма турмушка чыктым. Бирок бир уулдуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Кийин билимимди тереңдетем деп илимдин артынан түшүп алып кайра турмуш курган жокмун. Анын үстүнө уулумду башка эркекке кор кылгым келген жок окшойт. Кыз болсо кимге болсо да көнүп кетет. Эркек бала башканы ата дебейт деп ойлочумун. Анын үстүнө өзүм тың оокат кылдым, кыскасы, балам экөөбүз башка бирөөгө муктаж болгон жокпуз. Университетти аяктаган соң, "үйлөнөм" деп үйгө бир кызды ээрчитип келди. Чынын айтсам, мен анысын жактырган жокмун. Биринчиден, окуусун чет өлкөдө улантса дечүмүн. Экинчиден, ал болочок келиним медучилищени бүтүп, медайым болуп иштеген, айылдык карапайым, көп балалуу үй-бүлөнүн жөнөкөй кызы экен. Мен ал кезде балама өзүм көрүп-билген, илимдүү-билимдүү келинчек алып берем деп кыялданып жүрчүмүн. Бирок анчалык каршылык көрсөтө алган жокмун. Анткени келечектеги келиним Мээримдин эки айлык боюнда бар экен. Ошентип келиндүү болуп, үчөөбүз чогуу жашай баштадык. Бирок экөөнүн оту жакшы күйүшпөй жатканын байкап жүрдүм. Азыр ойлоп көрсөм, балам аны менен жөн гана көңүл ачып жүрүп, кийин боюнда болуп калганда аргасыздан үйлөнгөн окшойт. Мээрим көз жарарына аз калганда Лондонго эки жылдык окууга өттүм деп кетип калды. Арадан туура бир жыл өткөн соң, балам "Мээрим менен ажырашам, алимент төлөп турам, документ жагын бүтүрүп бериңиз" деп тапшырма берди. Көрсө, Англияда жүрүп өзү менен чогуу окуган москвалык Кристина деген кыз менен жашап алыптыр. Окууну аяктагандан кийин экөө тең ошол жердеги банкка орношуп, бирге иштей турганын айтты. Мээрим ыйлады, депрессия болду, бирок башка өлкөдө, башка аял менен жашап жүргөн күйөөдөн пайда чыкпасына көзү жетти. Ал ортодо мен жол кырсыгына кабылып, 4-5 ай төшөккө жатып калдым. Ошол учурда келиним күнү-түнү мени менен ооруканада болуп, үйдө дагы жанымдан чыккан жок. Ал убакта уулум чалып гана турганы болбосо, ал-жайымды сурап, жарым жыл төшөккө жатып калсам да келип койбоду. Эч нерседен кем кылбай, мээримимди төгүп баккан балам эмне мынча таш боор болуп калганына эч түшүнгөн жокмун. Бирде жумушун шылтоолойт же визасын бетке кармайт. Айтор, акырында үмүтүм үзүлдү. Канымдан жаралган балага караганда анын Мирлан аттуу досу бир жумада бир жолу келип, бир топ кол кабыш кылып турду. Кичине кезинде үйгө көп келип жүргөндүктөн аябай эле жакын болуп калганбыз. Ошентип акыркы жылдары өзүм төрөгөн балама караганда, бир кезде чанган келиним менен аяш уулум эң жакын адамдарым болуп калды. Быйыл неберем төрткө чыкты. Мээрим үйдөн кеткен жок. Былтыр жеке клиникалардын бирине ишке орношкон. Азыр өзү акча таап, буга чейин тарткан түйшүгүнөн арылып, кадимкидей оңолуп калды. Кызыгы, акыркы кезде "Мирлан менен Мээрим бири-бирин жактырабы" деп ойлой баштадым. Башында айткандай, Мирлан акылдуу, карамдуу жигит. Ал жагынан кам санаган жокмун. Бирок келиним менден жазганып айта албай жатат окшойт. Өзүм деле сөз баштап, батамды берип койсомбу деп ойлойм. Күйөөсү таштап кеткен келинимди кантип токтотуп, "кетпе" дейт элем? Бирок "экөө үйлөнүп, неберемди алып кетишсе кантип жалгыз жашайм" деп бушайман болуп жатам? Экөөнө аябай көндүм. Жашым дагы 60ка жакындап бара жатат. Уулум Англиядан качан келет, келсе дагы орус келинчеги мени менен жашоого макул болбосо керек деп ойлой берем. Кеңеш бериңиздерчи.
Түнкү клубда жүргөн жигит. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Баңгиге айланып баратат, досумду кантип сактап калам? Жигиттин каты
Психолог Урмат Курманов:
— Бул жакта психологиялык эки чоң тема бөлүнүп чыгып жатат. Эне бир жагынан уулуна таарынса, экинчи жагынан жалгыз калуудан коркуп турат. Көп энелер баласы үчүн баарын берип, турмушка да чыкпай өмүрүн бүтүн арнап багышат. Ата-энелер билбестиктен ушундай кадамга барышат. Анткени биз баланы өстүрүп, окутуп анан коё беришибиз керек. Бул айым баласы менен бекем байланышта болгондуктан аны менен сепарация болбой калган. Ал эми бала өтө эле камкордукту сезип, гипер коргоодон чыгуу үчүн ушундай кадамдарга барышы мүмкүн. Бул жакта таарынычты жоюу керек. Анткени ал адамдын ден соолугун бузуп, ичинен жейт. Бул сезим психосоматикалык ооруларга алып келет. Аны жеңүүнүн көп техникалык жолдору бар. Интернеттен карап, үйрөнүп, күрөшсө болот.
Экинчиден, жалгыз калуудан коркуп, кайра эле өзүн ойлоп жатат. Ошол себептен тиги келинди коё бергиси да келбей жатканы белгилүү. Ооба, алтымышка чыкканда жалгыз калуу өтө эле оор. Бирок тиги келиндин да бактысын ойлошу керек. Мүмкүн, багы ачылып кетсе, каттын ээсине мындан да чоң тирек болор. Анын үстүнө тиги жигит баласынын досу экен. Кырдаалды көрүп турат.
Уулуңузга кылган мамилени келиниңизге да жасабаңыз. Балаңыз алыска кетип калды, эми келинди да коё берүү зарыл. Антпесе окуя кайра кайталанышы мүмкүн.
Кош бойлуу аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Кайындарым курсактагы балаңды абысыныңа бер деп жатышат. Келиндин каты
Киши покер оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Кумар оюндарына берилген күйөөмдүн айласын таппай кыйналдым. Келиндин даты
Жаңылыктар түрмөгү
0