Бишкектеги гүл өстүргөн жерлерде жоогазындар гүлүн ача баштады. Аларды былтыр күздө "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери отургузган болчу. Мэриянын маалыматына ылайык, шаарга 140 миң жоогазын отургузулган.Тема боюнча:
Биздин фотокабарчыбыз борбор калааны кыдырып, апрель айындагы кооздукту кадрга түшүрүп келди.
Бишкектеги гүл өстүргөн жерлерде жоогазындар гүлүн ача баштады. Аларды былтыр күздө "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери отургузган болчу. Мэриянын маалыматына ылайык, шаарга 140 миң жоогазын отургузулган.
Мэрия шаардыктарга кайрылып, гүлдөргө аяр мамиле кылууну суранды. Эгер аны уурдоого аракет кылып жаткандарды көрсө дароо милицияга кабар берүүнү өтүнөт
Калаа тургундары гүлүн ачкан жоогазындарды Жаштар аллеясынан, Курманжан датканын эстелигинин айланасынан, "Театралдык" скверден жана Фрунзе, Ибраимов көчөлөрүнөн, Ахунбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен көрө алат