Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Азыркы жагдайда Европанын күткөнү эмне? Ой толгоо

© AP Photo / Virginia MayoБрюсселдеги Европарламенттин имаратынын алдында адамдар. Архив
Брюсселдеги Европарламенттин имаратынын алдында адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Жазылуу
АКШ жана Улуу Британиянын Украинадагы согуштун узакка созулушун каалаганына таң калып болбойт. Анткени алар башынан Россияга "экинчи Афганистанды" уюштуруп, Украинаны Батыштын уучунан сууруп алууга жол бербей же ал үчүн болушунча кымбат кун төлөөгө кызыкдар болушкан.
Ортодо алар дагы бир маселени кошо чечип, башкача айтканда, геосаясий жактан (аскердик, экономикалык, анын ичинде америкалык газ менен жабдуу аркылуу) Европага өз таасирин күчөтүүдө. Бул менен аталган континентти өзүнөн ого бетер көз каранды кыларын боолголойт серепчи Петр Акопов. Анын ушул туурасындагы ой тизмеги РИА Новости сайтына жарыяланган.
Европа бул кырдаалда курмандыкка айланары бышык, бирок ойдон чыгарылган орус коркунучунун эмес, англосактардын оюнунда садага чабылат. Ушундай жөпжөнөкөй комбинацияны бүтүндөй дүйнө — Европадан таптакыр ыраак кытайлардан арабдарга чейин түшүнүп турганда ЕБдин өзүндө куру дегенде шек санап коюшканы оң болмок.
Европа биримдигин россиялык энергетикалык ресурстар менен жабдылышына маалыматтык чабуулга шылтоо калтырбастан Украинадагы согуштук аракеттердин тезирээк аякташына баарынан оболу ЕБ кызыкдар болушу керек эле. Соңунда өзүн кандай күнгө тушуктурарын аңдабастан Европа ушул тапта согуштук аракеттерди дагы узартууга басым жасоодо.
Киевге Европа биримдигинин лидерлери — Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен жана европалык дипломатиянын жетекчиси Жозеп Боррелдин визити күтүлүүдө. Украинаны Россия менен жаңжалда моралдык да эмес, материалдык, башкача айтканда, курал менен жабдып колдоо көрсөткөнү келишмекчи.
Switchblade учкучсуз аппараттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
"Буктурмадан сокку уруу үчүн". АКШ украиналык армияны эмне менен куралдандырат?
Кошмо Штаттар жана Британия үчүн согуштук аракеттер канчалык узак жүрсө, ошончолук пайдалуу. Бирок Европа биримдиги эмнени көздөп турат? Жозеп Боррель жума ортосунда Европа парламентинде ЕБ жаңжалдын жыйынтыгына кайдыгер карабайт, ошондуктан каатчылыкты болушунча тезирээк жөнгө салууга умтуларын айтты.
"Жаңжалды тез арада бүтүрүүнүн мыкты ыкмасы Украинаны курал менен камсыздоону токтотуу деген пикирлер да жаңырды. Бирок согуштук аракеттер аяктаганда кандай натыйжага күбө болобуз? Аягында миллиондогон качкындар жана миңдеген курмандыктары менен талкаланган жана жеңилген өлкөнүн пайда болушун каалабайбыз.
Ошондуктан Украинаны куралдандырууну улантууга тийишпиз. Кол чаап кубаттагандан көрө көбүрөөк көмөктөшүүбүз кажет. Украиналыктар бизден курал күтүп, биз алардын мүдөөсүн аткарып жатабыз.
Украинаны куралдандырууну эскалацияга аралашпастан улантуубуз абзел, антпесе буга тартылган өлкөлөр улам көбөйүп барат. Мындай жаңжалдарды курал жана душманды экономикалык жактан чабалдатуу менен жеңүү керек", – деди ал. Европа биримдиги маңызында өзүн жаңжалдын бир тарабы экенин ачык эле атагандай болду. Себеби ал адегенде Россияга жапырт экономикалык согушту жарыялап, эми Украинаны курал менен жабдууну дагы арттыргысы бар.
Россия-Финляндия чек арасындагы чек ара тилкесинде Брусничное жана Нуямаа мамлекеттик өткөрүү пункттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Россиялык искусствону да тартып алгылары барбы? Ой толгоо
Ошону менен бирге эле Боррель "кыйын кырдаал түзүлгөнүн" кошумчалайт. "Биз Украинага көмөктөшкүбүз келет, бирок согушка аралашкыбыз жок. Европа биримдиги — аскердик уюм эмес, анткен менен Украинага жардам берүүбүз керек деп эсептейм. Жаңжал андан ары жайылып кетпеши үчүн кызыл чийиндерди баспастан колубуздан келгендин баарын аткарабыз", – деп кебин жыйынтыктады европалык аткаминер.
Түз аскердик жаңжалды Европа биримдиги да, Россия да каалабайт, себеби андайда жаңжал Россия менен НАТОнун, тагыраагы, өзөктүк куралдарга ээ душмандардын согушуна айланары турулуу иш.
Европалык кандай гана курал болбосун россиялык аскердик операциясынын жүрүшүн токтото албайт. Биринчиден, европалыктардын украиналык армия жайгашкан жерге – негизги кармаштар жүргөн аймакка, башкача айтканда, Донбасска оор техниканы жана авиацияны жеткирүүгө шарты жок. Экинчиден, камсыздоо номенклатурасынын өзү, мисалы, бундесвердин кампалары да чектелүү. Демек, атайын Украина үчүн курал сатып алуу жөнүндө кеп козголууда.
Украинада согуштук аракеттер узаган сайын Европа биримдиги НАТОнун коштоочусуна гана айланып бүтөрү ырас. Россия акыры баары бир Украинаны өзүнө буруп алып, ошол эле учурда дүйнөдө салмагын сактап кала алат. Ал эми Европа биримдигинин салмагынан эмне калат? Европа биримдигинин жетекчилиги ушундай соболдорго тезинен жооп издегени оң.
Францияда киши автоунаадан карды тазалап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Туңгуюкка багыт алган Европа. Далалат күч, иш солгун
Жаңылыктар түрмөгү
0