Россиялык искусствону да тартып алгылары барбы? Ой толгоо

© Sputnik / Сергей КомпанийченкоРоссия-Финляндия чек арасындагы чек ара тилкесинде "Брусничное" жана "Нуямаа" мамлекеттик өткөрүү пункттары. Архивдик сүрөт
Россия-Финляндия чек арасындагы чек ара тилкесинде Брусничное жана Нуямаа мамлекеттик өткөрүү пункттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Жазылуу
Финляндияда РФке таандык экспонаттардын кармалганын аталган өлкөнүн Бажы кызматы ырастады. Буга Европа биримдиги салган санкциялар себеп болгону айтылууда.
Маалымат агенттиктери: "Бажы кызматы "Ваалимаа" көзөмөл-өткөрүү бекетинде ЕБ санкцияларына дал келет деген шек менен үч жүктү токтоткон. Мекеме булар боюнча алдын ала иликтөөлөрдү баштады", — деп кабарлашты. Орус музыканттарын, жазуучу, бийчилерин, театрларын четтетүүнүн аркасынан Россияга таандык улуттук маданий баалуулуктарын да конфискациялоо башталды көрүнөт деп боолголойт Елена Караева. Серепчинин кезектеги ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Финляндиялык бажы кызматкери Эрмитаждын коллекциясындагы "Граф Гурьевдин портретин" же ушул эле музейге таандык "Амур" скульптурасын "антиквариатка" кошууга болуп-болбой турганын чечип жатканда россиялык маданий мурастардын да изине түшкөндөрүн боолголосок болчудай.
Италиялык музейчи жана кураторлордун өтүнүчү менен "Гранд-тур. Венециядан Помпейге чейинки Италия жөнүндөгү кыял" аттуу Миланда өткөн көргөзмөсүнө катышкан экспонаттар Петербургга ташылып келе жаткан.
Март айынын башында эле франциялык музейчилер Кремлдин музейинин жетекчилигине кайрылып, Лувр жана башка бул чөйрөдөгү мекемелерден Москвага берилген маданий эстеликтерди кайтарып берүүнү өтүнүшкөн. Россиялык искусство таануучулар бачым эле баарын кайтарып, экспонаттар франциялык дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагына жеткирилген, бирок көргөзмөнүн ачылышы жылып калган.
Опера ырчысы жана дирижер концерт учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кезек маданиятка жеттиби? Батыш Россияны эми бул чөйрөдөн да четтетүүдө
Эрмитаждын кызматкерлери да экспонаттарды кайтарууну суранышкан. Италиялыктар анда көргөзмөнү мөөнөтүнөн мурун жабууга туура келерин, болбосо анын концепциясынын мааниси бузуларын айтып муңайым тартышканда россиялыктар кесиптештерин түшүнүп, иш-чара аяктаганча күтүүнү чечишкен.
Бирок бажыдагылар андай түшүнүү менен карашпады. Экспонаттар жүктөлгөн фуралар түн ичинде кармалган. Ушул окуя Россиянын чегинен тыш калган, бирок РФке таандык маданий байлыктардын баары бажы кызматтары аркылуу кармала баштаарын болжоого түртөт. Азыркы тапта колунан көөрү төгүлгөн зергер Карл Фаберженин үч шедеври Лондондогу көргөзмөдө, Сезанн, Ван Гогдун эмгектери Парижде (Франция президенти Россияга каршы жаңы санкциялар топтомун колдой турганын билдирди) турат.
Бирок Россия тарап адатынча диалогду күтүп, коопсуздук боюнча санаалары туура кабылданып, талкууланарына үмүт артат. Тартып алынган маданий байлыктары кайтарыларына ынанат.
Батыш маданияты жана маданий баалуулуктардын ааламы азыркы ээлик кылгандары үчүн Россияга милдеттүү экенин эстен чыгарып коюптур. Франциялык кыл калемчилерди – бүгүнкү күндө гений деп таанылгандарды кезегинде колдоо ниетинде орус соодагерлери эбегейсиз акчаларын сарпташкан. Болбосо өткөн кылымдарда алардын ысымдарын билген жан болгон эмес.
Россия үчүн маданият жана анын баалуулуктары универсалдуу, бирдиктүү жана бөлүнгүс. Наркынан да маданий маңызы бийик. Россия мындан шек саноого да жол бербей, маданиятка республиканын байлыгы сыяктуу карайт. Дал ошол себептен Россия өзүнүн маданий байлыктарын кайтарып алуу үчүн бардык күчүн жумшаары шексиз.
Буча шаарында аскерлердин жана ЖМКнын курчоосунда турган Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Бучадагы чагымчылдыгы: орустарга каршы акыркы аргумент
Жаңылыктар түрмөгү
0