Туңгуюкка багыт алган Европа. Далалат күч, иш солгун

© AFP / JEFF PACHOUDФранцияда киши автоунаадан карды тазалап жатат
Францияда киши автоунаадан карды тазалап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Апрель айы адаттан тыш болгону калды окшойт, климаты жылуу делген Францияда акыркы 70 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй үшүк жүрдү. Түнкүсүн абанын температурасы 9 градуска чейин төмөндөгөн.
Мындай аба ырайы жашылча-жемиш өстүргөн дыйкандарга зыян келтирери шексиз. Түшүм аз болсо, демек, ансыз да кымбат азык-түлүктүн баасы ого бетер көтөрүлөт. Аба ырайы менен геосаясат Европада кандайча байланышта экенине Елена Караева баам салып, макала РИА Новостиге жарыяланды.
Бириккен Европанын тургундары "эркиндик жана демократиянын" жеңиши үчүн этти азыраак жеши керектигин билип калды. Негизи эле кекиртекти тыюу керектигин жакшы түшүнөт. Мындан тышкары, еврокомиссардын сунушу менен сууну үнөмдөө кажет.
Ал эми үйдө калың кийинип, оронуп-чулганып жүрүүгө чакырган Германиянын тармактык министринин сөзүнөн Россиядагылар кабардар. Жылуу-жумшак үйлөрүндө астейдил жылмайып коюп отурушат.
Францияда энергетика тармагында иштеген компаниялардын ээлери кир жууганды, кургатып, үтүктөгөндү жекшембиге калтырууну, болбосо дүйшөмбү күнү электр энергиясы жапырт өчүп калышы мүмкүн экенин айтты.
Көйгөйгө АЭСтин 56 реакторунун жарымы оңдоодон өтүп жатканы негизги себеп. Мындай эскертүү дагы далай берилет сыяктуу, анткени жайында элдин баары кондиционер менен вентиляторлорду болушунча иштете баштайт эмеспи.
Бельгиянын НАТО мамлекеттеринин биримдигин сактап калууга далалаты күч болгону менен бул жаатта иш солгун.
Ал эми русофобия тууралуу баарынан ач айкырыкты көбүрөөк салган Варшава деле Кремлге өчөшүп үшүп отургусу келбейт.
Германияда саясатчылар россиялык газдан баш тартууга даяр экенин айтканы менен "азыр эмес, келечекте" экенин кыйытып жатышат.
Карьердеги руданы самосвалга жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
"Оңбой калат". Россиялык сырьедон баш тартса Батыш кандай зыян тартат?
Россиялык энергоресурстардан коңшусунчалык көз каранды болбогон Франция деле кам көргөн поляктар да, германиялык кесиптештери да нааразы болбогудай оокат кылууга өттү.
Чыгыш Европа өлкөлөрү өз чүкөсүн ойноодо. Бири орустардын газынан баш тартуу ниетин билдирсе, айрымдары "негизинен европалык чечимдерге макул" экенин айтып, газы жок калса жашоосу да бүтөрүн жакшы түшүнүп турушат.
Миллиардер Блумбергдин Bloomberg басылмасы улам отко май чачып, нефть менен газдын кымбатташынан улам Москва быйыл Россияны жек көргөн өлкөлөргө углеводород сатуудан 321 миллиард доллардан ашык пайда көрөрүн жазды.
Блумберг ири бизнесмен катары же "Газпромдун" мүмкүнчүлүгүнө ичи тарып жатат, же санкциялык стратегиясына көп ишене бербеген европалыктарды жылуулуктан баары бир баш тартууга туура келерин далилдөөгө аракет кылып жатат.
Божомолдорду четке таштай туралы.
Европалыктардын орустардын углеводородун, полимерин, үрөнүн алмаштырып, үшүтпөй-шишитпей жашата турган эмнеси бар?
Өтө деле көп эмес.
Ооба, Евробиримдик абдан кубаттуу мейкиндик, ошентсе да кампаларын дароо эле газга толтуруп жибере албайт, Жо Байдендин жардамы да жетишсиз болуп, көйгөй чечилбейт.
Будапешттин Брюсселге болгон мамилесин эстейли. Венгриядагы шайлоонун жыйынтыгы Будапештке "ишин" уланта берүүгө толук мүмкүнчүлүк берет. Шайлоочулардын колдосуна ээ болгон Орбан элге кам көрөт.
Дүйнөдө кырдаал ушу нукта улана берсе "чыныгы европалык" болуу үчүн "прогресс менен демократиянын" тарапташтары чанда сууга чайынып, кийимчен уктап, эттен баш тартып, чогуу-чаран велосипед тээп калгыдай.
Байкоо салып туралы. Бул багыт туңгуюк экени бизге маалым, бирок кетирген катаны дагы кайталап коеюн дегендерге да жолтоо болбойбуз. Ийгилик!
Май куйуучу жайга кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Антироссиялык санкциялар Европанын экономикасын кыйратууда
Нефть казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
АКШ акыркы жумада Россиядан нефть алуунун көлөмүн 43%га көбөйттү
Жаңылыктар түрмөгү
0