"Буктурмадан сокку уруу үчүн". АКШ украиналык армияны эмне менен куралдандырат?

© AP Photo / Cpl. Alexis Moradian/U.S. Marine CorpsSwitchblade учкучсуз аппараттары. Архивдик сүрөт
Switchblade учкучсуз аппараттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Жазылуу
Вашингтон Киевге Switchblade учкучсуз аппараттарынын ири партиясын берүүнү пландоодо. Көлөмү чакан дрондор – бутасынын изине өз алдынча түшө алган, тактикалык деңгээлде кыйла майнаптуу куралдар.
Анткен менен россиялык армиянын анын да мизин кайтарууга куралы камдалуу дейт аскерий серепчи Андрей Коц. Анын ушул туурасындагы макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
АКШ президенти Жо Байден марттын ортосунда эле Украинага аскердик жардам катары кошумча 800 миллион доллар бөлүүнү жар салган: Киевге 800 Stinger көчмө зениттик ракеталык комплексин, эки миң Javelin танкка каршы коргонуучу ракеталык комплексин, танкка каршы жеңил куралдан миң бирдик жана алты миң AT-4 гранатомётун бермекчи. Булардан тышкары Украина Куралдуу күчтөрү Батыштан ок аткыч куралдарды, ок өткөрбөс чарайна жана туулга, ок-дары алат.
Жакында эле Пентагон союздашына 100 даана Switchblade учкучсуз учуучу аппаратын да бергени белгилүү болду. Буларды дрон-камикадзелер деп коюшат, АКШнын кургактагы күчтөрүнүн буюртмасы менен Афганистандын жолу катаал тоолуу райондорунда талибдер менен күрөшүү үчүн иштелип чыккан. Алардын колуна алгач 2011-жылы тийип, бир нече миң гана чыгарылган. Америкалык пехотачылар жана атайын багыттагы күч аларды Орто жана Жакынкы Чыгышта пайдаланган.
Эки: пехотага жана танкага каршы түрү бар. Эң биринчи Switchblade 300дүн салмагы 2,5 килограммдан ашыгыраак болуп, аскер кызматкеринин кадимки эле рейддик рюкзагына баткан. Ок-дарысы чакан транспорттук-ок чыгарчу контейнеринде жана абага кысылган аба менен, пневмокатапульттук принцип боюнча коё берилет.
Он чакырымга чейинки аралыкты багындырып, ок күчү автоматтык гранатомёттун 40 миллиметрлик ок атуусуна тете. Крейсердик ылдамдыгы — саатына 100 чакырым, байкоо жана мээлөө үчүн күндүзгү жана түнкү камералары бар.
Россия-Финляндия чек арасындагы чек ара тилкесинде Брусничное жана Нуямаа мамлекеттик өткөрүү пункттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Россиялык искусствону да тартып алгылары барбы? Ой толгоо
Танкка каршы Switchblade 600 көлөмдүү жана оор келет, салмагы — 23 килограмм. Ок атуучу бөлүгү Javelin танкка каршы көчмө ракеталык комплексиникиндей, буталарын оператордон 40 чакырым ыраактан жок кылат. Америкалыктардын айтымында, бул курал дал үстүнөн атылса, ок өтпөс заманбап техникалардын бардык түрүн кыйратып коё алат.
Дрондордун эки модификациясы тең сенсордук планшет аркылуу тескелет. Учуп чыгууга он мүнөт даярдалат. Учкучсуз аппараттын бир даанасынын наркы — алты миң доллардын тегерегинде. Душмандын тылындагы тактикалык тереңдикте жапырт колдонууга багытталып, америкалык армиянын мотопехоталык бөлүктөрүнүн көпчүлүгүнүн топтомуна кирет.
Бирок аталган учкучсуздардын да чабал тараптары жок эмес. "Негизги кемчилиги — аккумуляторлорунун сыйымдуулугу аз, абада көпкө кармала албайт, — дейт аскерий эксперт Алексей Леонков. — Мисалы, Switchblade 300 абада он-он беш мүнөт гана жүрө алат”.
Россиялык армиянын жаңы чакырыктарга каршы күрөшүү үчүн каражаттары жетиштүү. Биринчи кезекте "Тор-М2" зениттик ракеталык жана "Панцирь-С1" зениттик ракеталык-замбиректик комплекстерин атоого болот. Алар бутасын байкап, коштоого алып, ал тургай чакан көлөмдүү буталарын жок кылат. Сирияда абадан коргонуу тутуму булардын жардамы менен экстремисттердин Хмеймим авиабазасына чабуулунун мизин удаалаш кайтарат.
"Россиялык зениттик ракеталык комплекстер коргоо тармагынын экинчи эшелону, — деп тактайт эксперт. — Биринчиси — радиоэлектрондук күрөш жүргүзүүчү күчтөр. Алардын аппаратуралары учкучсуз менен оператордун ортосундагы байланыш каналын үзүп, маңызында дронду эч жараксыз темирге айлантып коюуга жөндөмдүү”.
Францияда киши автоунаадан карды тазалап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Туңгуюкка багыт алган Европа. Далалат күч, иш солгун
Карабахтагы экинчи жаңжалда армяндар Степанакертте россиялык "Поле" радиоэлектрондук күрөш комплекстерин чыгарганда азербайжан учкучсуз авиация кескин түрдө активдүүлүгүн токтоткон. Украинада да бул саамалыкты пайдаланышарынан шегим жок". Америкалык дрон-камикадзелер россиялык армияны да кандайдыр жоготууга тушуктурушу ыктымал. Бирок "супер куралга" айланбай турганы айдан ачык.
2020-жылдын күзүндө Тоолуу Карабахтагы жаңжалда азербайжан тарап IAI Harop аппараты менен армениялык абадан коргонуу тутумунун позицияларын, аскердик техника жана талаа чептерин талкалаган. Степанакерт менен Еревандын абадан коргонуучу мындай каражаттары жок эле. Андан сырткары адистер украиналыктар океан ар жагынан келчү белектерди колдонууну өздөштүрүп кете аларына анчейин ынанышпайт.
"Бул эч нерсени өзгөртпөйт, — дейт аскерий серепчи Владимир Евсеев. — Америкалыктар каалаганын пландай беришер. Маселе, ал комплекстерди кимдердин тескей турганында. Украиналык аскер кызматкерлерин бачым үйрөтүп жиберишери күмөн. Болду-болбоду аталган учкучсуз аппараттардын операторлору катары америкалык жеке аскердик компаниянын өкүлдөрү келет. Бирок, биринчиден, алар өздөрүн реалдуу тобокелге салат, анткени алар жок кылынышы толук ыктымал. Экинчиден, чет элдик мамлекеттин, тагыраак АКШнын кийлигишүүсү көз көрүнөө болмокчу. Үчүнчүдөн, мындай камсыздоолор киевдик режимдин кылмыштуу жорук-жосундарга баруусун өбөлгөлөйт".
Мурда Россиянын Коргоо министрлиги Украинага Батыштан келген курал конвойлору мыйзамдуу бута деп эсептелерин расмий түрдө эскерткен. Азыркы тапта НАТО өлкөлөрүнөн жалгыз багыт Польша менен кургактагы чек арасы аркылуу өтөт. Анткен менен ал тарабы да россиялык авиация жана буталарын бура бастырбаган артиллериясынын көзөмөлүндө болушу мүмкүн.
Бучадагы украиналык аскерлери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Буча: Украинанын Россияга каршы чагымчылыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0